Владикавказ: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
(Айырма жок)

13 июль 2015, саат 03:58 учурдагы нуска

Владикавказ (осетинче Дзаужикау; ингушча Буру; 1931-44, 1954-90-жылдары Оржоникидзе, 1944-54-жылдары Дзаужикау) – Түндүк Осетиянын борбор шаары. Калкы 308;190 миң (2015). Түндүк Кавказдын илимий, маданий жана экономикалык ири борбору. Түндүк Осетин түздүгүндө, Терек дарыясынын боюнда жайгашкан. Темиржол бекети. Жолдор тоому. Владикавказ Аскер-Грузин, Аскер-Осетин жолдорунун жана Транскавказ автомобиль магистралынын баштапкы пункту. Аэропорту бар. 1784-ж. орус чеби катары негизделген. 1860-жылдан шаар. 1921–24-жылдары Горский АССРинин, Түндүк Осетин (1924–36) жана Ингуш АОсунун, 1936-жылдан Түндүк Осетин АССРинин борбору болгон. Чиркөөлөр, сүннөт мечити (1906-08), 20-кылымдын курулуштары (учурда Өкмөт үйү), универмаг, телеборбор, стадион, мейманканалар (1960), металлургдар үйү (1966), эстеликтер (К. Л. Хетагуровго, И. А. Плиевre, В. И. Абаевге), элдердин достугу монументи бар. Төрт Жогорку окуу жайлары (анын ичинде Түндүк-Осетин университети жана медициналык академия ж. б.), илимий-изилдөө институттары, китепкана, мамлекеттик тарых, арх-ра, ад-т бириккен музейи, Хетагуровдун үй-музейи, театрлар бар. Түстүү металлургия, машина куруу, электр-техникалык, жеңил жана тамак-аш өнөр-жай ишканалары иштейт.

Колдонулган адабияттар