Бразилиа: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
(Айырма жок)

13 июль 2015, саат 05:22 учурдагы нуска

Бразилия шаары – Бразилия Федерация Республиканын борбор шаары. 1960-ж. 21-апрелде Рио-де-Жанейро шаарынан расмий которулган. Бразилия бөксө тоосунун борбордук бөлүгүндө, деңиз деңгээлинен 1000 м бийиктикте жайгашкан, чет жакасы менен Федерация борбордук округун түзөт. Калкы 2,0 млн (2015). Эл аралык аэропорту, метрополитен (2001), тамак-аш, жеңил өнөр жайы, университет бар. Шаар борбордун функциясын аткаруу үчүн атайын курулган; планда (1957-ж. архитектор Л. Коста иштеп чыккан) самолёттун сөлөкөтүн элестетет. «фюзеляжында» администрациялык жана коомдук имараттар, «канаттарында» турак жай кварталдары, «тумшугунда» үч бурчтуу аянтында улуттук конгресс сарайы, асман мелжиген секретариат, өкмөт жана юстиция сарайлары (архитектор О. Нимейер) жайгашкан. Аянттын тегерегине министрликтин 20 кабаттуу имараты курулган. Шаар Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген.

Колдонулган адабияттар