Мандевиль, Бернард де: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
+img
1-сап:
[[Файл:BERNARD DE MANDEVILLE.png|300px|thumb|right|Мандевиль, Бернард де]]
== Кыскача өмүр баяны ==
[[File:Mandeville - Fable of the bees, 1924 - 5857188.tif|thumb|''Fable of the bees'', 1924]]
'''Мандевиль Бернард''' (1670—1733) — англиялык философ, ата-теги боюнча француз. Голландиядагы Лейден университетин бүтүрүп, врачтын дипломун алат. 1700-жылдан тартып [[Англия|Англияда]], [[Лондон|Лондондо]] жашап, врач болуп иштеп, нерв оорулары боюнча адистешет. Ал туталанма (истерикалык) жана ипоходриялык оорулар боюнча эмгек жазат. Мандевиль өзүнүн «Аарылар жөнүндө тамсил» деген жападан жалгыз чыгармасы аркылуу атагы чыккан.
Бул эмгектин негизин ыр менен жазылган памфлет түзөт, ал 1705- жылы «Күңкүлдөгөн бал челек, же ак ниет болуп калган алдамчы» деген аталыш менен жарыяланат. Андан кийин поэма буга берилген комментарий тиркелип жана Мандевилдин «Моралдык такыбаачылыктын жаратылышы жөнүндө изилдөө», «Коомдун жаратылышы жөнүндө изилдөө» деген чыгармалары кошулуп, кайра басылып чыгат. Мандевилдин чыгармасы Англияда кеңири белгилүү болуп, «Аарылар жөнүндө тамсил, же Жеке адамдардын кемчилиги — коом үчүн жыргалчылык» деген аталыш менен көп жолу кайра басылып чыгат.<br />