'''Бутафория '''– театр оюндарында чыныгы буюмдардын ордуна колдонулуучу жасалма буюмдар.
'''Бутафория '''(италянча buttafori) – сахнада оюн жүрүп жаткан кезде актёрлорго керектүү буюмдарды берип туруучу театр жумушчусу; спектаклдерде чыныгы буюмдардын ордуна колдонулуучу жасалма, атайын жасалган буюмдар (эмерек, кийим, скульптура, идиш, кооз жасалгалар, курал-жарак). Б. арзан, бирок өтө бекем материалдан (жыгач, папье-маше, боёлгон кездеме ж. б.) жасалат жана чыныгы предметтин имитациясын берүүчү сырткы окшоштук көркөмдүүлүгү менен айырмаланат. Б. чыгарманын идеясын чагылдырган жалпы жабдуунун бир бөлүгү болуу менен спектаклдин каармандарынын ордун, кыймыл-аракетинин мезгилин мүнөздөйт. Б-дан айырмаланып, сахнада колдонулган чыныгы предметтер реквизит деп аталат.
[[Категория:Терминдер жана түшүнүктөр]]
==Колдонулган адабияттар==
* [[Кыргыз“Кыргызстан” сүрөтулуттук искусствосуэнциклопедиясы]]: Энциклопедиялык2-том. окууБашкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: куралы]]/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору., -Б2007.: 808 бет, 2004илл. ISBN 978 9967-14-055 -4