Жайыт: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
1-сап:
'''Жайыт''' – мал жаюуга пайдаланылуучу от жер. Жайыт табигый жана эгилме (жасалма) болуп бөлүнөт. [[Кыргызстан|Кыргызстанда]] табигый жайыттар тоолуу, адырлуу, талаалуу жана жарым чөлдүү жерлерде болгондуктан, климаттык шарттары ар башка, натыйжада чөбүнүн кунардуулугу түрдүүчө болот. Жайытта негизинен көп жылдык чөптөр, чала бадал жана бадалчалар өсөт. Эгилме жайытта көп жылдык жана бир жылдык чанактуу, дан уруктуу өсүмдүктөрдүн аралашмасы эгилет. Мезгилдик пайдаланылышы боюнча жазгы-күзгү жайыттар 2,6 млн, жайкы 3,8 млн, кышкы 2,2 млн гектар аянтты ээлейт. Жайыт көк тоюттун негизги булагы. Жайытка малды чөбү жетилгенде жаят. Мал жайытта 150-170 күнгө чейин, айрым учурда жыл бою асыралат. Жайыттын кунардуулугун көтөрүү максатында атайын чаралар жүргүзүлөт, мисалы, которуштуруп пайдалануу, семирткич чачуу, сугаруу, чөп себүү, тосмолорду куруу жана башка. Эгилме жайыт кунардуу келип, экономикалык жактан көп пайда берет, мисалы, эгилме маданий жайытка өзгөчө саан уйларды эрте жаздан кеч күзгө чейин жайса болот. Эгилме жайыт жылына 500-600 цге чейин түшүм берет. Жайытты туура пайдалануу менен мал чарбасынан сапаттуу жана арзан азык-түлүк алса болот.
'''Жайыт''' – өсүмдүк өсүп, мал оттотуу үчүн пайдаланылган айыл чарба жерлеринин бир түрү. Табыгый жана жасалма (маданий) жайыттар болот. Маданий жайыт – үстүнкү же түпкү катмары жакшыртылып, оту өскөлөң келген, такай багылып, жер семирткич себилген, которуштуруу жолу менен мал жая турган жайыт участкасы.
== Колдонулган адабияттар ==
* “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5
* [[Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү]]. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7
[[Категория:Кыргызстан]]
{{no iwiki}}
[[Категория:Юридикалык аталгылар жана түшүнүктөр ]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Жайыт" булагынан алынды