Difference between revisions of "Израиль"

no edit summary
(Бот: автоматизированный импорт статей *** существующий текст перезаписан ***)
'''Израиль''', Израиль Мамлекети (Мединат Исраэль) Жакынкы Чыгыштагы мамлекет; Азиянын батыш бөлүгүндө, Жер Ортолук деңиздин түштүк-чыгыш жээгинде жайгашкан. Түндүгүнөн Ливан, түндүк-чыгышынан Сирия, чыгышынан Иордания (чек арасынын бир бөлүгү Жансыз деңиздин акваториясы аркылуу өтөт), түштүк-батышынан Египет менен чектешет. БУУнун Башкы Ассамблеясынын 1947-жылдын 29ноябрдагы Палестинаны бөлүү жөнүндөгү чечими боюнча бөлүнгөн аянты 14 миң км<sup>2</sup>; ал эми 1948-49-жылдардагы араб-израиль согушунда басып алган жерлерди кошкондо 20,7 миң км<sup>2</sup>; 1967-ж. басып алган жерлер (Иордан дарыясынын батыш жээги, Чыгыш Иерусалим, Сирия Голан дөңсөөсү) менен 21,6 миң км<sup>2</sup> (Тивериад көлүнүн акваториясын жана Жансыз деңиздин акваториясынын бир бөлүгүн кошкондо 22,1 миң км<sup>2</sup>). Калкы 7,1 млн (2007). Өлкөнүн башкы экономикалык жана маданий борбору Тель-Авив шаары. БУУнун каршылыгына карабастан, 1950-ж. Иерусалим шаары өлкөнүн борбору деп жарыяланган. Өкмөт мекемелери, парламент шаардын батыш бөлүгүнө жайгаштырылган (калкы 400 миңден ашык, анын 250 миңдейи еврейлер, 160 миңи арабдар. Расмий тили иврит (байыркы еврей) жана араб тилдери. Акча бирдиги шекель. Административдик аймактык жактан шарттуу 15 райондон турган 9 округга (мехоз; анын курамына Израиль басып алган жерлер Иордан дарыясынын Батыш жээгинин бир бөлүгү жана Сириянын Голан дөңсөөсү да камтылган) бөлүнөт. Округдары<br жана райондору (2006):/>
Округдары жана райондору (2006):
{| class="prettytable"
|-
|
Округ, район
 
|
Аянты,
 
км2
 
|
Калкы,
 
миң
 
|
Адм.
 
борбору
 
|-
|
Борбордук округ
 
|
1294
 
|
1649,8
 
|
Рамле
 
|-
|
Петах-Тиква
 
|
283
 
|
563,8
 
|
Петах-Тиква
 
|-
|
Рамла
 
|
339
 
|
260,3
 
|
Рамла
 
|-
|
Реховот
 
|
324
 
|
462,4
 
|
Реховот
 
|-
|
Шарон
 
|
348
 
|
363,3
 
|
Нетанья
 
|-
|
Иерусалим округу
 
|
653
 
|
851,4
 
|
Иерусалим
 
|-
|
Иерусалим
 
|
653
 
|
851,4
 
|
Иерусалим
 
|-
|
Тель-Авив округу
 
|
172
 
|
1190,0
 
|
Тель-Авив
 
|-
|
Тель-Авив
 
|
172
 
|
1190,0
 
|
Тель-Авив
 
|-
|
Түндүк округу
 
|
4473
 
|
1185,4
 
|
Назарет (Эн-Насира)
 
|-
|
Акка
 
|
928
 
|
527,0
 
|
Акка
 
|-
|
Голан*
 
|
1154
 
|
38,9
 
|
Касрин
 
|-
|
Йизреэль
 
|
1192
 
|
424,7
 
|
Афула
 
|-
|
Киннерет
 
|
529
 
|
97,3
 
|
Тиверия
 
|-
|
Цфат
 
|
670
 
|
97,5
 
|
Цфат
 
|-
|
Түштүк округу
 
|
14185
 
|
1002,4
 
|
Беэр-Шева
 
|-
|
Ашкелон
 
|
1266
 
|
447,2
 
|
Ашкелон
 
|-
|
Беэр-Шева
 
|
12918
 
|
555,2
 
|
Беэр-Шева
 
|-
|
Хайфа округу
 
|
866
 
|
858
 
|
Хайфа
 
|-
|
Хадера
 
|
572
 
|
329,5
 
|
Хадера
 
|-
|
Хайфа
 
|
294
 
|
528,5
 
|
Хайфа
 
|}
 
Сириянын Израил оккупациялап алган аймагы Израиль БУУнун (1949), ЭВФтин (1954), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995) мүчөсү.
==Мамлекеттик түзүлүшү==