Жалал-Абад: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
мNo edit summary
No edit summary
51-сап:
|сайтынын тили2 =

'''Жалал-Абад''' ({{lang-ky|Жалал-Абад}} {{IPA|[dʒɑlɑlɑbɑt]}}) — [[Кыргызстан|Кыргызстандагы]] [[шаар]], [[Жалал-Абад областы|Жалал-Абад областынын]] [[административдик борбору]].
Калкы — 89 004 адам (айылдарды кошкондо — 97 172 адам).

[[Файл:Жалал-Абад шаары.jpeg|200px|thumb|right|Zhalal-Abad]]

== Жалал-Абад шаарынын гимни ==

Сөзү: Базарбай Жолдошбаевдики
Обону: Кубанычбек Аширалиевдики

Жалал-Абад жашыл шаарым турагым,

Жанга дабаа мөлтүр булак сууларың.

Жашоо үчүн күч кубатка дем берген,

Жакамдагы ыйык туткан тумарым.

Жалал-Абад жаштык шаарым турагым,

Жалындаган өмүрдөгү кумарым.

Жалал-Абад жашыл шаарым турагым,
Түштүгүмдө Чолпон жылдыз сымалдуу,

Түптүү элдин бекемдигин улагын.

Жанга дабаа мөлтүр булак сууларың.

Жашоо үчүн күч кубатка дем берген,

Жакамдагы ыйык туткан тумарым.

Жалал-Абад жаштык шаарым турагым,

Жалындаган өмүрдөгү кумарым.

Түштүгүмдө Чолпон жылдыз сымалдуу,

Түптүү элдин бекемдигин улагын.

Кайырма:

Бакыт шаарым Жалал-Абад

Барчылыкка болуп канат, болуп канат,

Бүгүнкүдөн эртеңкиси,

Барчылыкка болуп канат, болуп канат,
Берекеси толуп барат, толуп барат.

Бүгүнкүдөн эртеңкиси,

Берекеси толуп барат, толуп барат.

Жалал-Абад, Жалал-Абад

Жергесинде зор салтанат, зор салтанат,

Эмгегинен жетип максатка,

Эли-Журтка даңкы калат, даңкы калат.

Жалал-Абад ыйык шаарым турагым,

Жалпы журтка даңктап ырдап турамын.

Ачык асман күн нуруна бөлөнүп

Ар кыл улут досчулугун чыңагын.

Жалал-Абад өнүп-өскөн турагым,

Жан жыргаткан обон күүсүн угамын.

Эгемендик шарданында түбөлүк

Эркин элим көбөйсө экен курамың.

Кайырма

== Жалалабат облустук Барпы атындагы драма театры ==

[[Файл:Театр имени Барпы.jpeg|200px|thumb|left|Barpy theatre]]

Жалалабат облустук Барпы атындагы драма театры.(Жалалабат шаарындагы Толтогул аянты) 1992 – ж. 13 – мартта шаардык театр катары ачылып, 1994 – ж. облустук кыргыз театры статусун алган. 500 орунду көрүү залы, 8 бөлмөдө жайгашкан костюм тигүү, гримдөө, сүрөт жана башка цехтэри бар. Театр ачылгандан бери Расул Усмановтун “Эне түшү” , Айгүмүш Аксынын "Тактынын тагдыры", Султан Раевтин "Дубал", Мурза Гапаровтун "Киотого кеткен жол", жана башка драмаларды, "Жолборс кантип алданды" кыргыз эл жомогун, Курманбек баатырдын 500 жылдык мааракесине карата Ооганбек Станбековтун "Курманбек баатыр" спектакелин ж.б. койгон. 1999 - ж. "Кыргызстан сорос" фондунун гранты менен Г. Фигейредонун "Эзоп"
пьесасы коюлган. Бул пьеса менен театр Борбордук Азия өлкөлөрүнүн "Нооруз - 99" эл аралык театр фестивалына катышып байгелүү орунга ээ болгон.

== Тарыхы ==

Жалал-Абад областы Кыргызстандын түштүк-батыш бөлүгүн ээлейт. 1924-26-ж округ, 1926-28-ж кантон болгон; 1928-жылы Ош областына бириктирилген андан сон 1939-жылы 21-ноябрда област катары уюштурулган. 1959-жылы 27-январда жоюлуп, Ош областына кошулган. 1990-ж 14-декабрында кайра өз алдынча област болгон. Түндүгүнөн Талас, Чүй, чыгышынан Нарын. Түштүгүнөн Ош областтары, түштүк-батышынан жана батышынан Өзбекстан менен чектелет. Област административдик аймактык жактан 8 районго , 68 айыл өкмөткө, 6 шаар, 7 шаарча жана 415 кыштак болуп бөлүнөт. Областтын аянты 33,7 миң км 2 (Кыргызстандын аянтынын 16,9%) Калкы 869,3 миң (республиканын калкынын 18%) Облустун аймагы аркылуу Бишкек-Жалал-Абад-Ош автомобиль жолу өтөт.

Жалал-Абад шаары-гүлдөгөн сонун аймак. Кыргызстандагы эң кооз жерлер ошол жакта. Сузак, Базар –Коргон, Ноокен, Аксы, Чаткал, Ала-Бука, Токтогул, Тогуз-Торо, Үч-Терек райондору Жалал-Абад областында. Жалал-Абад аймагынан аска-зоолуу бийик тоолорду, жаңгак жана ар түркүн мөмө-жемиш өскөн токойлорду, тоо сууларынын шаркыратмаларын көрөсүң. Тоо арасындагы өрөөндөрдө пахта, коон, дарбыз, жашылча жемиштин көп түрү өстүрүлөт.

== Жалал-абад шаарынын аталышы ==

Ар бир жердин аталышынын оз тарыхы бар. Кандайдыр бир инсандын кылган эмгегине же жаратылыштын кубулушуна, касиетине жараша аталышка ээ болот. Жалал-Абад шаарынын аталышы ар кандай урпак учугун уламышка, откон кылымдардан бери эл оозунда унутулбай айтылып келе жаткан негиздерге токтолот. Эмесе сөздүн илгериден башат алган ийинине кирсек.
Кылым кырынан өткөн, сандаган жылды баскан, ай айланып, күн өткөн убактарда, тагыраак тактап айтканда 1880-жылдарда азыркы биз турган Жалал-Абад шаары ээн талаа окшобойбу.Дөңсөөлөрдө, кокту-колоттордо, аралыгы алыс жерлерде бирин-серин элдер жашаган экен. Калк мындай жыш болбос. Эл дегенде эч нерсесин аябаган Мурзакул болуш калк кыдырып кетип баратып, бак-дарактарды отургузуп, жер-жемиш тигип, гүлдөрдү эгип жүргөн баба дыйканды көрүп калат.
-Ээ балбан билек, ак жүрөк дыйканым, эмгектериң кут болсун. Бактарыңдын алды көлөкө түшүрүп, жол тартып келаткан адамды өзүнө тартып калыптыр. Эмгектенип жаткан дыйкан чекесинин терин аарчып, Мурзакул болушту тааный коюп, аттан түшүрүп бактын көлөкөсүнө алып барат.
Ачылып турган гүлдү, жетилип келаткан жемишти көргөн бак көлөкөсүндөгү Мурзакул болуш дыйкандын эмгегине ыраазы болот.
-Сенин эмгегиңди көрүп, дыйкан деп жатам, өз ысмың ким.
-Менин атым Жалал болот.
-Ыракмат сага, Жалал, атыңа жараша затың да төп келип, жаратылыш сырына жараша ысмың бар экен. Бактын көлөкөсү кандай керемет. Сен жаратылышка жан киргизген адам экенсиң. Журтубузга да жан киргизип жатасың. Жалал! Журтубуздун аты сенин атыңдан коюлат.
Мурзакул болуш атына минип жол тартып жөнөйт. Мына ошондон улам Мурзакул болуштун сөзүн бекемдеп, Жалалдын эмгеги бааланып, эл оозуна алынып, Жалалдын атынан Жалал-Абад келип чыккан экен.
Дагы бир уламыштын учугун уласак. өткөн кылымдарда Өзгөндө бир байдын Жалал деген каралы болот. Ал байдын аялын съйъп калат. Аны байкап калган бай Жалалды өлтүрмөкчү болгондо, байдын аялы Жалалды качырып жиберет. Жала көп жылдар бою калың камыштын ичинде жашырынып жан сактап. Кепе курат.Анын жанына башкалар да отурукташып, адам саны көбөйуп, кыштакка айланат. Акыры жүрүп ал жер Жалал-Абад атка конот.
Шаардын аталышын тереңдетип каза берсе, калк ичинде айтылып келаткан кептер түгөнбөгөн казына. Жалал-Абад аталышынын келип чыгышын 14-кылымдын орто ченинде жашап өткөн Хорезмдин шахы Мухаммеддин уулу Жалал ад-Диндин ысымы менен байланыштырышат. 18-кылымда Кокон хандыгынын тушунда ушул чөлкөмдө жашаган Жалал ид-Дин деген дарыгердин ысмына байланыштуу деп да эсептешет.
Негизинен “Жалал” деген фарсы тилинен көтөргөндө даңктуу, сөөлөттүү дегенди билдирсе, “абад” жашылданган, көрктөнгөн деген маанини берет.
Ал эми шаардын Жалал-Абад деген аталышы жакындан бери эле 2002-жылдагы кыргыз тилинин жазуу эрежелеринин жаны редакциясынын негизинде Жалал-Абад болуп жазылып калбадыбы. Тарыхты такташ учун ошол кездеги кол жазмалар тупкулугун түзөт. Кыргыз элинин баскан жолу, алар мекендеген ата-журтту атадан балага, укумдан тукумга отуп, эл оозунда айтылып отуруп, бугунку күндөн өз ордун тапты. Ата-бабалардын арымы, алар байыр алып, мекендеген журт окумуштуулардын изилдөөлөрүнөн өтуп, жазуучулардын чыгармаларында чагылдырып келатат.

== Экономикасы ==

Жалал-Абад шары Кыргызстандагы социалдык-экономикалык инфраструктурасы өнүккөн административдик, маданий жана өнөр жайлуу негизги борболорунун бири. Өнөр жай тармактары жана башка мекемелерде иштегендердин саны боюнча Жалал-Абад Кыргызстандын түштүгүндөгү 2-ири шаар.Облустун өндүрүшүүнүн жалпы көлөмүнүн 20,5%ин Жалал-Абад шаарынын өнөр жай ишканаларычыгарган товардык продукция тузөт, ал эми электр энергия ондурушун кошпой эсептегенде ал 42% ке жетет. Натыйжада, областун бюджетине тушкон кирешенин 35%ин, бажы жыйымдарын 51%ин шаар камсыз кылат. Жалал0 Абад шаарында мамлекеттик каттого киргизилген чарба жургузуучу субъектилердин саны 2001-жылдын 1-январында 2874кө жеткен, алардын 70% жакыны ишкердик кылууга ниеттенген жеке адамдар, калган 30%ти юридикалык жактар. Катталган субъектилер менчик формалары боюнча жеке менчикке, мамлекеттик жана коммуналдык менчикке тиешелүү. Чарба жрүгузүүчү субъектилердин дээрлик көбү экономиканын соода, турмуш-тиричилик жактан тейлөө, транспорт, айыл чарба, өнөр жай жана башка тармактарда катталган. Алардын жарымына жакыны, айрыкча жеке ишкердик кылууга ниеттенген жеке адамдар.

Жалал-Абад шаарында өз алдынча баланста турган 51 өнөр жай ишканасы иштейт, анын 5 биргелешкен ишкана, 14 кичи ишкана. Бул ишканалар облустун өнөр жай продукциясынын көлөмүнүн 20%тен ашыгын өндүргөн.
Онор жайынын тармактык структурасында онор жай продукциясынын басымдуу бөлүгүн отун (51,1%) женил (25%), ун-аралаш тоют (5,5%), тамак аш (4,3%), машина куру жана метал иштетуу (1,5%), өнөр-жай курулуш материалдары (0,7%) жана башка (5,9%) ондуруштор берет. Шаардагы ири өнөр жайишканалары: «Кыргыз Петролеум компании» биргелешкен ишканасы , «Кыргызпахтасы» ачык типтеги АК (3,1%), «Айыпбулак» заводу АК, «Арак заводу» жабык типтеги АК, «Азретайып» дан продуктулар комбинаты АК, «Акалтын» биргелешкен ишканасы, «Нур» АК, «Азизтамеки» жоопкерчилиги чектелген коом, «Мага» АК жана башкалар. Булл ишканалар пахта буласын,ферменттелген тамеки,ун, суу жана ликер-арак продуктулары, токулбаган кездеме, туташтыргычтар, женил машиналар учун тетиктер, бензин, дизель майы, мазут ондурушкон. Шаардын онор жай ишканалары консоль насосторун, электр-радиаторлорун, курама-бетон, шпон, минералдуу суу, ошондой эле элге кенири керектелуучу кийим тигуу жана трикотаж буюмдарын, эмерек, азык-түлүк товарларын, өсүмдүк майын, кондитер жана макарон азык-түлүктөрүн, суусундуктарды, самын чыгарат.

Шаардын айыл чарба өндурушундө Тайгараев айыл өкмөтундөгуү 3 биргелешкен дыйкан чарбасы, 1061 жеке дыйкан чарбалары иштейт. Айыл чарбага жарактуу жердин аянты 4890 га, а. и. айдоо жери 1297 га, сугат жери 1455 га, жайыты 2964 га, чабынды 542 га, көп жылдык өсүмдүктөр 87 га. Дыйканчылык айыл чарба продукциясын 60%тин берет; анда дан эгиндери, май өсүмдуктөрү (100га), жашылча (50 га), пахта (10 га), тамеки (10га), мөмө-жемиш (56 га), жузум (5га) ж. б. остурулот.
Шаардын курулуш комлекси 18 уюмдан турат. Алар жаны объектилерди реконструкциялоо, шаардын турмуш- шартын жакшыртуу, кочолорду жана проспектилерди жашылдантыруу иштерин жургузөт. Ишкердикти онуктуруу учун Жалал-абад шаарына инвестор болгон өлкөлөр арбын. Азыр шаардын аймагында АКШ, Канда, Туштук Корея, Кытай, Туркия, Швейцария, Италия ондогон өлкөлөрдүн ири компаниялары жана фирмалары менен биргелешип иштеп, киреше алып жана өзүнүн продукцияларын Борбор Азиянын олколоруно сатып жатат.
Шаарды Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын облустук филиалы, «Кыргыз оноржайкурлушбанк», Ачык типтеги АК «Эсептешме-аманат компаниясы», «Кыргызстан», «Дос-Кредобанк», «Автобанк» жана башкалардын филиалдары иштейт. Мындан тышкары финансы уюмдары менен кредиттик линиялардын 18 өкүлчүлүктөрү менен филиалдары бар. Ар кандай каржылоо булактарынан 2000-жылы экономиканын реалдык секторуна 18,6 млн сом, 2001-жылы 35 млн сомдон ашык инвестиция тартылган.
Жалал-Абад шаарында транспорттун төрт түрү өнүккөн. Алар автомобиль, темир жол, аба жана куур транспорту. Жалал-Абад шары облустун негизги жол тому катары облусту Кыргызстандын башка аймактары, республиканын борбору-Бишкек шары менен, ошондой эле Озбекстан, Таджикистан шаар-кыштактары менен байланыштырып турат. Сырткы экономикалык байланыштары негизинен темир жол транспорту менен жүргүзүлөт.

Облустун экономикасында Жалал-Абад шаарындагы байланыш системасы менен коммуникация маанилуу орунду ээлейт. 1998-жылдан бери компьютердик байланыш системасы иштөөдө. Шаардын көптөгөн ишканалары жана уюмдары «Интернет» тармагына, ошондой эле электрондук почтага кошулган. Натыйжада оперативдуу байланышты жөнгө салу жана маалыматтрадын ар турдуу булактарына жетүүгө мумкундук түзгөн.
Соода, коомдук тамактануу жана турмуш-тиричилик кызматынын бардык объектилери Жалал-Абад шаарында менчиктештирилип жана мамлекеттен ажыратылган. Мында 400дой соода, коомдук тамактануу жана турмуш-тиричиликкызмат түйүндөру бар. Шаарда аянты 19800м2 келген 501 соода орундуу борбордук базар иштейт. Мындан сырткары «Шабдалызар», «Мадумарата», «Адилет» жана башка жеке менчик базарлар бар.
Шаардын чет-жакаларында «Достук», «Жениш», «Курманбек», «пригородный», «СМУ-городок», «Спутник»,"Кугарт" кичирайондору жайгашкан. Кичирайондор кабатту болуп салынып, бардыгы каналдаштырылган жана газдаштырылган.

== Коммуналдык чарбасы ==

Жалал-Абад шаарында суу түтүктөрүнүн уз. 176 км. анын ичинде көчө тармактарынын уз. 82 км. суу белгиленген кубатуулугу суткасына 57,2 миң м2 болгон 20 бургулоо көзөнөгү аркылуу ылынат. Алар шаардын ар кайсы райондорундагы 9 насостук станцияда жайгашкан, кубатуулугу суткасына 2,7 миң м3. Суунун бир блүгү бак-дарактарды суугартуу, көп кабатуу уйлөргө суу бергене басымдары кармап турууга кетет. Жалал-Абад шаарындагы тармактарынын уз. 60 км. анын ичинде коллекторлордуку 30 км. көчө тармактары 16,5 км. ички кварталдары менен короо жайлардыкы 13,5 км. Шаардын канализация системалары аркылуу булганган суулар шаардын ар кайсы райондорунан 1963-жылы курулган суткалык кубаттуулугу 1,5 миң м 3 жана 1999-жылы курулган суткалык кубаттуулугу 35 миң м3 келген тазалоочу курулмаларга келип куюлат. Мындан сырткары шаардын аймагы аркылуу селге каршы курулган Селарык, Чоңарык, Канарык каналдары бар, алардын уз. 9 км. ирригациялык тармактар иштейт.

Кыргызстандагы маданияттын жана билим берүүнүн ири очогу болуп саналат. 19-кылымдын аягында мында 8 мечит, 2 мектеп болгон. 2006,2007- окуу жылында шаарда жалпы билим берүүчү 22 мектеп иштеп, анда 16 миңден ашуун окуучу окуган; 21 бала бакчада 3 миңден ашык бала тарбияланган.Үч лицей, 2 спорт мектеби , балдардын экология, мекен-таануу жана техникалык-чыгармачылык борбору, балдардын чыгармачылык үйү, кыргыз-түрк лицейи, менчик мектепмузыкалык мектеп, сүрөт мектеби иштейт. Орто билимдүү атайын адистикти маданият техникуму,медицина окуу жайы, педколледж берет; ошондой эле 2 кесиптик –техникалык лицейи бар. Жогорку билим берүүчү окуу жайлардан Жалалабат мамлекеттик университети(ЖАМУ). Жалал-Абад экономика жана ишкердик, ошондой эле Бишкек дене тарбия академиясынын, Кыргызстан эл аралык университетинин филиалдары иштейт. Илим изилдөө иштерин Улуттук илимдер академиясынын түштүк бөлүмүнө караган Биосфера, энергетика жана микроэлектроника институттары, табиятты коргоо коому, жогорку окуу жайлары жүргүзүлөт. Калкты медицина жактан тейлөөчү 21 мекеме иштейт, анын алтоо-стационар. Медициналык мекемелерде 432врач жана 949 медициналык орто билимдүү кызматкерлер эмгектенет. Шаарда облустук бириккен оорукана, облустук балдар ооруканасы (305 орундуу), кургак учук оорусун даарылоодиспансери (1947-жылдан иштейт), “Бакыт” балдар реабилитация борбору , 5 бейтапкана, 11 үй бүлөлүк врачтар тобу, “Дени сак үй бүлө”борбору, облустук төрөт үйү(130орундуу)иштейт. Шаар калкынын ден соолугун чыңдоодо Жалал-Абад курортунун мааниси зор .

Жалал-Абад, Жалал-Абад

Шаарда калктын маданий- эстетикалык жана рухий муктаждыктарын канааттандыруучу жайлар да арбын. Анда А. Барпы атындагы драма театры, Т.Тыныбеков атындагы облустук филармония, 7 кинотеатр, облустук китепкана, музей, 3 эс алуу багы иштейт. Спорт менен машыгуу үчүн шаарда 2 стадион, олимпиалык резервдеги балдардын спорт мектебинин үстү жабык спорт залы , сууда сүзүүчү бассейн жана 500 орундуу ден соолукту чыңдоочу комплекс бар.
Жергесинде зор салтанат, зор салтанат,

Эмгегинен жетип максатка,

Эли-Журтка даңкы калат, даңкы калат.

Жалал-Абад ыйык шаарым турагым,

Шаарда үч тилде он бир гезит чыгат:”Жалалабат Үнү”, “ Голос времени”, “Акыйкат”, “ Жалал-Абад таңы”. Облустук телерадио -компания , 5 коммерциялык телекомпания иштейт., аларда берүүлөр кыргыз, орус жана өзбек тилдеринде жүргүзүлөт. 2007-жылда массалык маалымат каражатындагы дагы бир жанылык болду. Жалал-Абад шаарында КРдын ЭЛТР коомдук телерадио-компаниясынын , Ош телеберүүсүнүн студиялары ачылган. 2008-жылда ЖТР(Жалал-Абад телерадио-компаниясы) жана 2010-жылда 7 каналдын студиялары ачылган.
Жалпы журтка даңктап ырдап турамын.

Ачык асман күн нуруна бөлөнүп

Ар кыл улут досчулугун чыңагын.

Жалал-Абад өнүп-өскөн турагым,

== Боордош шаарлар ==
Жан жыргаткан обон күүсүн угамын.

Эгемендик шарданында түбөлүк

Эркин элим көбөйсө экен курамың.

*{{Түркия желеги}} [[Эскишехир]] шаары, [[Түркия]]

'''Жалал-Абад''' - [[Жалал-Абад облусу|Жалал-Абад облусунун]] борбору (1991-жылдан); 1887-жылдан шаар. Чыгарган продукциясынын көлөмү жана өнөр жай потенциалы боюнча [[Кыргызстан|Кыргызстанда]] [[Бишкек]], Ош жана [[Токмок|Токмоктон]] кийинки 4-шаар. Көгарт өрөөнүндө, байыркы Улуу Жибек жолунун жана Бишкек-Ош автомобиль жолунун боюнда жайгашкан. Автомобиль жана темир жолдор тоому. Кыргызстандын борбору [[Бишкек шаары|Бишкек шаарынан]] 560 км түштүк тарапта; Ош шаарына чейин эл аралык эски жол менен ([[Өзбекстан|Өзбекстандын]] Ханабат шаары аркылуу) 60 км, жаңы жол менен (Өзгөн шаары аркылуу) 100 км. Шаар аянты 8821 га. Калкы 92,1 миң (2009). Жалал-Абад шаары 1924-26-жылдарда округдун, 1926-28-жылдарда кантондун, 1939-59-жылы жана 1991-жылдан облустун борбору. Шаар Фергана өрөөнүнүн бир бөлүгүн түзгөн Көгарт өрөөнүнүн түзөң түштүк-чыгыш чет-жакасында, Фергана тоо тизмегинин түштүк-батыш тармагы болгон Айып-Тоонун этегинде, деңиз деңгээлинен 755 мден (түштүк бөлүгүндө) 800 мге чейинки (түндүк бөлүгүндө) бийиктикте жайгашкан. Шаар жайгашкан аймактын рельефи негизинен түздүктүү; түштүк-батышты карай жалпы жантайыңкы. Мында төртүнчүлүк мезгилде пайда болгон шагылдын үстүн лёсстуу катмар жаап жатат. Жалал-Абад Кыргызстандагы эң жылуу жана күнөстүү шаар. Климаты мелүүн континенттик, жер ортолук деңиздик климатка окшоп кетет. Жайы ысык, кургакчыл, июлдун орточо температурасы 27°С, кышы мелүүн суук, жумшак, январдын орточо температурасы -4,1°С. Жаан-чачындын жылдык орточо өлчөмү 490 мм. Күн тийүү узактыгы жылына 2787 саатты түзөт. Түштүк-батыштан жай соккон (0,6 м/сек) шамал үстөмдүк кылат. Жалал-Абад шаарынын батыш тарабынан Көгарт, чыгыш тарабынан Чаңгет суулары агып өтөт. Көгарт суусунан ирригациялык көп тармактар башталып, сугат каналдарына таралып кетет. Чаңгеттин суусу сугатка кеңири пайдаланылат. Шаар жайгашкан аймакта жер астындагы суунун запасы да бар.
{{Reflist}}
==Суулары==
[[Category:Жалалабат областы]]
Суу ресурстарынын ичинен маанилүү орунду Айып-Тоонун капталынан чыккан ысык жана минералдык суулар түзөт. Мында 60тан ашык булак бар, алардын 5и ысык (37-42°С), 12си жылуу (20°Сден жогору), калганы муздак булактар. Бул ысык жана минералдык суулардын кендери Орто Азиядагы эң белгилүү Жалал-Абад курортунун (ал шаардан 5 км аралыкта, деңиз деңгээлинен 984 м бийиктикте жайгашкан) дарылоочу базасы болуп саналат. Курорттон 2,5 км аралыктагы 27 РЭ көзөнөгүнүн суусу Жалал-Абад пиво заводу тарабынан «Жалал-Абад» № 27 деген ат менен бөтөлкөгө куюлуп, дары-суусундук суу катары соода тармактарына жөнөтүлөт. Курортто минералдуу суулардан сырткары, ошондой эле дары баткак (чым көңдүү) да пайдаланылат. Анын кени шаардан 5 км түштүк -чыгыш тарапта, Айып-Тоонун батыш капталында, деңиз деңгээлинен 1070-1075 м бийиктикте жайгашкан. Шаардын чеги жана Көгарт өрөөнүнүн ага чектеш аймагы жарым чөл жана кургак талаа ландшафттык зоналарында жайгашкан.
[[Category:Кыргызстан шаарлары]]
==Калкы==
Жалал-Абад Октябрь революциясына чейин эле Кыргызстандагы ири шаарлардын бири болгон. 1897-жылкы бүткүл Россиялык эл каттоонун маалыматы боюнча Жалал-Абаддын калкы 2713 (анын 1377си эркек, 1336сы аял), 1913-жылы 4,5 миң болгон. 2009-жылы шаар калкы 97,2 миң адамга жеткен; алардын 48,5%ин эркектер, 51,5%ин аялдар түзөт. Шаарда 30дан ашык улут өкүлдөрү жашайт, анын 45%тейи кыргыздар, 30%тейи өзбектер, 25%тейи башка улуттар. Шаар калкынын эмгекке жарамдуусу 55,5% (же 45,5 миң адам), экономикалык активдүүсү 28,3% (23,2 миң). Калктын табигый өсүүсү 2000-жылы 1141, миграциянын эсебинен өсүүсү 90 адамды түзгөн. Шаардын экономикасынын реалдуу секторунун ишканаларында 2000-жылы 16,7 миң адам иштеген (шаардын эмгек ресурсунун 34,5% и). Анын 41,0%и өнөр жайда, 8,0%и курулушта, 8,5%и транспортто, 25,0%и айыл чарбада, 17,5%и башка тармактарда иштеген. Рыноктук өзгөрүү мезгилинде шаарда соода, кызмат көрсөтүү (мейманкана) ресторан жана башка чөйрөлөрү өнүгө баштады. Соода чөйрөсү рынок шартына тез ылайыкташып кетти. Бирок, жумуш менен камсыз кылуунун тармак боюнча бөлүнүшү заманбап экономиканын талабын толук канааттандыра албайт.
==Тарыхы==
Жалал-Абад Фергана облусунун экономикасына жана социалдык-маданий жашоосуна таасир этүүчү ири кыштак катары 19-кылымда белгилүү болгон. Анын соодага ыңгайлуу тогуз жолдун тоомунда жайгашышы, дыйканчылыкка жагымдуу шарты, суунун молдугу калкты кызыктырып, кыштак тез эле өнүгө баштаган. 19-кылымдын орто ченинде бул жерде кербен сарай болуп, Фергана өрөөнүнүн жана Көгарт, Тогуз-Торонун калкынын ортосунда мал чарба продуктуларын алмашуучу дүң соода түйүнүнө айланган. 1890-1910-жылдарда Жалал-Абадда болуштук кеңсе ачылып, көчөлөр тартипке келтирилген. Почта пштей баштаган. Пахта жана башка техникалык, бакча өсүмдүктөрүн жакшыртуу багытында шаарда «Тажрыйба» участкасы түзүлгөн. Фельдшердик бөлүм ачылган. Ал эми 1912-жылы 6 орундуу 1-оорукана иштей баштаган. 1914-жылы көпөс Журавлёв 1-жолу механикалык тегирмен курган. 1916-жылы Жалал-Абадда 1-банк ачылган, шаарга темир жол жеткирилип, 1916-жылы 1-поезд келген. Шаарда 1917-жылы 17-19-декабрда Совет бийлиги жарыяланган. Кыргызстан Россияга кошулгандан кийин Жалал-Абад болуштуктун, 1924-28-жылдарда Жалал-Абад округунун борбору болгон. 1927-28-жылдарда Жалал-Абад кантону уюшулуп, Айым, Жалал-Абад, Көгарт, Базар-Коргон, Майкен, Кетмен-Төбө, Кызыл-Жар, Чоң Алай, Чаткал болуштуктарын бириктирип, борбору Жалал-Абад шаары болгон. 1928-жылы Жалал-Абад кантону Ош кантону менен биригип, Ош округу аталган. 1939-59-жылдарда Жалал-Абад облусунун борбору болгон. 1926-жылы облустук китепкана ачылган. Жалал-Абад шаарында көптөгөн белгилүү инсандар жашап, пштеген. Алар: Төрөкул Айтматов (Жалал-Абад кантонунда жер-суу реформасын жүргүзүү боюнча төрага; 1926-29), Эргеш Алиев (милициянын генералы), Кубат Жуматаев (Жалал-Абад обком комсомолунун мурдагы катчысы) жана башка 1926-жылы педтехникум ачылган. Ал 1947-57-жылы мугалпмдер институту деп аталган. Учурда ал Жалал-Абад мамлекеттик университети (ЖАМУ). 1938-жылы зооветмектеп ачылып, ал 1947-жылы зооветтехникум болгон. Ошол эле жылы механизаторлордун мектеби ачылып, 1992-жылдан лицей.
Шаарда пахта тазалоочу (1939), кыш, сүт заводдору, МТС, тери иштетүүчү, кийим тигүүчү цехтер, эт комбинаты жана башка ишканалар, маданий мекемелер, спорт аянтчалары ачылган. Согуштан кийинки жылдары экономикалык жана турмуш-тиричилик мекемелери кеңейген. 1947-жылы аэропорт, пиво заводу жана башка курулуп, 1950-жылы шаардын өнүгүшү үчүн 1-генералдык план бекитилген. Облустук керек-жарак коому, Түштүк-Кыргыз жаңгак токойлору боюнча башкармалык уюштурулуп, кичи райондор пайда болгон. 1960-70-жылдары шаар андан ары өнүктү. «Кыргызмунай» чалгындоо экспедициясы Жалал-Абадда уюштурулуп, облустагы жанар май базалары аныкталды. Избаскенден Жалал-Абадга чейин созулган газ кууру курула баштады. Шаардык турмуш-тиричилик комбинаты, жер казуучу техникаларды даярдоочу, насос, курулуш материал чыгаруучу ишканалар, шаарды жана облусту (Ош облусун да) суюлтулган газ менен камсыз кылуучу база, мебель фабрикасы жана башка бар. Жалал-Абад шаары 1980-жылдары Кыргызстандын өнөр жай жана маданий ири борборлорунун бирине айланды. Ошондой эле пахта тазалоочу завод, кондитердик бирикме, мебель жана кийим тигүү фабрикалары, жыгаччылык, курулуш материалдар комбинаттары, жер казуучу техникаларды ремонттоо жана тамеки ферменттөө заводдору бар экономикалык борбор болуп саналат. 1996-жылы Кыргызстанда 1-болуп, нефть продуктуларын кайра иштетүүчү комбинат, элге керектүү товарларды чыгаруучу эл аралык биргелешкен ишканалар ишке киргизилди. 1993-жылдан университет, коммерциялык институт, окутуунун жаңы технологиясына негизделген лицейлер, Барпы атындагы облустук драма театры, филармония, маданий борборлор ачылды. Көп улуттуу шаар болгондуктан, улуттук-маданий борборлор уюшулган, мезгилдүү басылмалар чыгат, телекөрсөтүү пштейт. 2001-жылы облуста Курманбек баатырдын 500 жылдык мааракеси белгиленген. Салтанатка арналып, Жалал-Абад шаарынын кире беришине «Курманбек кылымдар мурасы» комплекси, «Фольклордук талаа», «Телтору» ат майданы жана башка курулган. 2007-жылы Жалал-Абад шаары 125 жылдыгын белгиледи.
==Экономикасы==
Жалал-Абад шаары Кыргызстандагы соцпалдык-экономикалык пнфраструктурасы өнүккөн административдик, маданий жана өнөр жайлуу негизги борборлордун бири. Өнөр жай тармактары жана башка мекемелерде иштегендердин саны боюнча Жалал-Абад Кыргызстандын түштүгүндөгү 2-ири шаар. Облустук өндүрүшүнүн жалпы көлөмүнүн 26,7%ын Жалал-Абад шаарынын өнөр жай ишканалары чыгарган товардык продукция түзөт, ал эми электр энергия өндүрүшүн кошпой эсептегенде ал 42,0%га жетет. Катталган субъектилер менчиктөө формалары боюнча 91,3%ы (2624 субъект) жеке менчикке, 5,7%ы (165), мамлекеттик жана 3,0%ы (85) коммуналык менчикке тиешелүү. Алардын көбүн чакан ишканалар, азыраагын орто жана ири ишканалар түзөт. Чарба жүргүзүүчү субъектилердин дээрлик көбү соода, кызмат көрсөтүү, транспорт, айыл чарба, өнөр жай жана башка тармактарда катталган.
==Өнөр жай==
Өнөр жай продукциясынын басымдуу бөлүгүн отун (57,1%), жеңил (25,0%), ун-аралаш тоют (5,5%), тамак-аш (4,3%), машина куруу жана металл иштетүү (1,5%), курулуш материалдары (0,7%), башка өндүрүштөр (5,9%) берет. Шаардагы ири өнөр жай ишканалары: «Кыргыз Петролеум Компани» биргелешкен ишканасы, «Кыргыз пахтасы» ААК, «Айып булак» з-ду АК, «Арак заводу» ЖАК, «Азрет айып» дан продуктулар комбинаты АК, «Ак алтын» биргелешкен ишканасы, «Нур» АК, «Азиз тамеки», «Мата» АК жана башка Бул ишканалар пахта буласын (8,1 миң т өндүргөн), ферменттелген тамеки (3,1 миң т), ун (5,2 миң т), суу жана ликёр-алкоголь ичимдиктери (154,7 миң дал), токулбаган кездеме (узундугу 415,2 миң м), туташтыргычтар (151,8 миң даана), жеңил машиналар үчүн тетиктер (54,4 миң даана), бензин (46,8 миң Т), дизель майы (18,7 миң т), мазут (11,2 миң т) өндүргөн. Шаардын өнөр жайишканалары консоль насосторун (52 даана), электррадиаторлорун (220 миң даана), курама-бетон (1,1 миң м3), эмерек (3,3 млн сомдук), шпон (60 миң м2), минералдуу суу (1581,0 миң бөтөлкө), о. эле элге кеңири керектелүүчү тигилүү кийим жана трикотаж буюмдарын, эмерек, азык-түлүк товарларын, өсүмдүк майын, кондитер жана макарон азыктарын, суусундуктарды, самын жана башка чыгарат (2006).
==Курулуш комплекси==
Шаардын курулуш комплексине пахтаны кайра иштетүүчү «Ак алтын» биргелешкен ишканасынын имараты (жылдык кубаттуулугу 12,5 т пахта буласы), жалпы аянты 8675 м2 келген турак-жайлар, салтанат капкасы жана ат майдан кирет. Шаарда чет өлкөлүк (АКШ, Канада, Түштүк Корея, Кытай, Түркия, Швейцария, Италия өлкөлөрүнүн) ири компаниялар жана фирмалар менен биргелешкен 13 ишкана иштеп, чыгарган продукцияларын Борб. Азия өлкөлөрүнө экспорттоодо. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын облустук филиалы, «Кыргыз өнөр жай курулуш банк», Ачык типтеги АК «Эсептешүү-аманат компаниясы», «Кыргызстан», «Дос-Кредобанк», «Автобанк», «Курулуш банк» жана башка банктардын филиалдары иштейт. Мындан сырткары финансы уюмдары менен кредиттик линиялардын 18 өкүлчүлүктөрү менен филиалдары бар.
==Транспорту==
Жалал-Абад шаарынын аймагында транспорттун төрт түрү өнүккөн. Алар автомобиль, темир жол, аба жана куур транспорту. Булардын ичинен маанилүүсү автомобиль транспорту. Негизги жол тоому катары облусту Кыргызстандын башка аймактары, республиканын борбору Бишкек шаары, ошондой эле Өзбекстан, Тажикстандын шаар-кыштактары менен байланыштырып турат. Ири магистралдары: Жалал-Абад-Бишкек, Жалал-Абад -Ош, Жалал-Абад-Анжиян (Өзбекстан), Жалал-Абад-Токтогул, Жалал-Абад-Кербен, Жалал-Абад-Каныш-Кыя, Жалал-Абад-Арстанбап жана башка. Автомобиль жолунун жалпы узундугу 415 км, алардын 70%ы асфальтталган. Сырткы экономикалык байланыштары негизинен темир жол транспорту менен жүргүзүлөт. Бишкек-Жалал-Абад темир жол тармагы Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандын аймактары аркылуу өтөт. Жүргүнчү жана жүк ташууда аба транспортунун да мааниси чоң. «Жалал-Абад» аэропортунан Бишкек, Каракол, Чолпон-Ата шаарына жана Казарман кыштагына авиакаттам болуп турат. Газ кууру Кочкор-Ата шаарчасынан Жалал-Абад шаарына жүргүзүлгөн. Магистралдык газ куурунун узундугу 102 км, жогорку басымдуу газ куурунуку 171 км. Жалал-Абадда газ бөлүштүрүүчү 4 тармак жана 50 пункт бар. Шаарда узундуу10,2 км келген троллейбус линиясын куруу пландаштырылууда.
==Байланыш==
Калкты телефон, телеграф байланышы, радио жана телекөрсөтүү менен Жалал-Абад «Кыргызтелеком» ишканасы камсыз кылат. Шаарда эл аралык линияга чыгууну камсыз кыла турган автоматташтырылган транзиттик түйүн (АТУК), шаар ичиндеги байланыштын 13 миң номурлуу автоматташтырылган телефон станциясы иштейт. 1994-жылы америкалык «КАТЕЛ» фирмасы менен уюктук (сотовый) байланыш пайдаланууга берилген. «КАРТ» тибиндеги радиотелефон станциясы көчмө телефондук байланышты камсыз кылат. 1998-жылдан «Интернет» компьютердик байланыш системасы иштөөдө.
==Коомдук жайлар==
Шаарда 400дөй соода, коомдук тамактануу жана турмуш-тиричилик кызмат көрсөтүү түйүндөрү бар. Борбордук базар (аянты 19800 м2; 501 орундуу), Шабдалызар (700 орундуу), «Мадумар ата» фирмасынын (80 орун), «Адилет» (380) жана башка жеке менчик базарлар, ошондой эле 6 чакан базар, 4 ресторан (500 орундуу), «Мөлмөл» мейманкана комплекси (200дөн ашык орун) иштөөдө.
==Шаардын курулушу==
Шаардын алгачкы чеги 1923-жылы апрелде белгиленип, ага 12 кыштак кирген. Шаар чегинин узундугу периметр боюнча 14 кмдж түзгөн. Шаарда 10 миңдей адам жашаган, 12 көчөсү болгон. Аянты 704 ганы түзүп, турак жай фондусу негизинен бир кабаттуу үйлөрдөн (жалпы аянты 113 миң м2) туруп, ал эми 2 кабаттуу үйлөр 6 миң м2ди, башкача айтканда 2,4%ды гана түзгөн. Жалал-Абад шаарынын алгачкы башкы планы «Кыргыздолбоор» тарабынан 1950-жылы иштелип чыгып, кабыл алынган; ушул планга ылайык курула баштаган. Учурда шаар эски борбордук бөлүгүнөн сырткары 6 кичи районго бөлүнөт (алар Улуу Ата Мекендик согуштан кийин пайда болгон). Шаардын борбордук бөлүгү башкы планга ылайык реконструкцияланып, азыр да жаңыланууда. Шаардын чет-жакаларында «Достук», «Жеңиш», «Курманбек», «Пригородный», «СМУ-городок», «Спутник» кичи райондору жана Тайгараев атындагы айыл округунун турак жайлары жайгашкан.
==Коммуналык чарбасы==
Жалал-Абад шаарында суу куурунун узундугу 176 км, а. и. көчө тармактарынын уз. 82 км. Суу белгиленген кубаттуулугу суткасына 57,2 миң м3 болгон 20 бургулоо көзөнөгү менен алынат. Алар шаардын ар кайсы райондорундагы 9 насостук станцияда жайгашкан, кубаттуулугу суткасына 2,7 миң м3. Канализация тармактарынын уз. 60 км, а. и. башкы коллекторлордуку 30 км, көчө тармактарыныкы 16,5 км, ички кварталдары менен короо жайлардыкы 13,5 км. Мындан сырткары шаардын аймагын селден коргоочу Сел-Арык, Чоң-Арык, Хан-Арык каналдары бар.
==Билим берүү==
Жалал-Абад Түштүк Кыргызстандагы маданияттын жана билим берүүнүн ири борбору болуп саналат. 19-кылымдын аягында шаарда 8 мечит, 2 мектеп болсо, азыр жалпы билим берүүчү 20 мектеп иштеп, анда 20 миңден ашуун окуучу билим алат; 20 бала бакчада 3 миңден ашык бала тарбияланууда. 3 лицей, 2 спорт мектеби, балдардын экология, край таануу жана тех. чыгармачылык жана балдарга билим берүү борборлору, балдардын чыгармачылык үйү, кыргыз-түрк лицейи, менчик жана музыкалык (1956-жылдан), сүрөт (1975жылдан) мектептери, маданият техникуму, медициналык окуу жайы (1939-жылдан), педагогикалык коллеж бар; ошондой эле 2 кесиптик-техниктик лицей (1938-жылдан айылдык, 1957-75-жылы шаардык кесиптик-техниктик окуу жайы болгон) бар. ЖОЖдор [Жалал-Абад мамлекеттик университети (ЖАМУ), Жалал-Абад коммерциялык институту, Кыргыз-өзбек эл достугу университети, ошондой эле Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын, КЭУнун, Ош ТУнун филиалдары] жана Жалал-Абад мамлекеттик технология институту иштейт. Илимий изилдөө иштерин КР УИАнын Түштүк бөлүмүнө караган Биосфера, Энергетика жана Микроэлектроника институттары, Табиятты коргоо коому жүргүзөт.
==Саламаттык сактоо==
Жалал-Абад шаарында калкты медициналык жактан тейлөөчү 21 мекеме иштейт, анын 6сы стационар (2000); анда 432 врач (анын 106сы шаар калкын тейлейт) жана 949 медициналык орто билимдүү кызматкер эмгектенет. Шаарда облусунун бириккен оорукана, облусунун балдар ооруканасы (305 орундуу), кургак учук оорусун дарылоо диспансери (1947-жылдан иштейт), «Бакыт» балдар реабилитация борбору, 5 бейтапкана, 11 үй-бүлөлүк врачтар тобу, «Дени сак үй-бүлө» борбору, облусунун төрөт үйү (130 орундуу) иштейт. Шаар калкынын ден соолугун чыңдоодо Жалал-Абад курортунун мааниси зор.
==Маданият==
Шаарда 7 кинотеатр, облустук китепкана (5 филиалы бар; жалпы китеп фондусу 600 миңден ашык нуска), музей, 3 эс алуу паркы (Токтогул жана Навои атындагы, «Спутник» кичи районунда), 2 стадион, үстү жабык спорт залы, сууда сүзүү үчүн бассейн жана 500 орундуу ден соолук чыңдоо комплекси бар. Шаарда 3 тилде 11 гезит чыгат; алар: «Мезгил үнү», «Голос времени» (шаардык гезиттер), «Акыйкат жарчысы» (кыргыз тилинде), «Жалол-Абод тонги» (өзбек тилинде, облустук гезиттер). Облустук телерадиокомпания, 5 коммерциялык телекомпания иштейт, аларда берүүлөр кыргыз, орус жана өзбек тилдеринде жүргүзүлөт.

==Колдонулган адабияттар==
[[Category:Кыргызстан]]
* “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5
[[Category:Азия]]
[[Категория:Кыргызстан]]
[[Category:География]]
[[Категория:География]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Жалал-Абад" булагынан алынды