Жараат: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м Bot: Migrating 44 interwiki links, now provided by Wikidata on d:q184753 (translate me)
No edit summary
 
1-сап:
'''Жараат''' – дене ткандарынын механикалык жол менен майып болушу. Ал сайылган, кесилген, тиштелген, ок тийген жана башка болуп бөлүнөт. Терең жараатта анын май катмары, [[сөөк]], ири кан тамырлар, [[Нервдер|нервдер]] жабыркашы мүмкүн. Жарааттын оордугу жабыркаган жерде ткандардын бузулуу өлчөмүнө, булганышына жана кандын агышына жана башка жараша болот. Баштын, көөдөн менен ичтин жарааты айрыкча коркунучтуу. Бардык жараатта кан агат, ооруйт, ири кан тамырлар, ички органдар жарадар болгондо кан көп агып, катуу ооруп, өмүргө коркунучтуу шокко алып келет. Курч нерсе менен кесилген жарааттын тегерегинде жанчылган ткань азыраак болуп, жараат инфекциясы болбойт. Айрылган, урулган, жанчылган, тиштелген, ошондой эле ок жарааттарынын айланасындагы ткандар көп жанчылат. Ал жерде жанчылган же бузулган ткань, ошондой эле уюган кан, ар кандай таза эмес нерселер (топурак, ылай, чөпчар жана башка) көп болот. Булар [[инфекция]] коркунучун газ [[Гангрена|гангренасын]], [[флегмона]], [[абсцесс]] же жарааттын бүтүндөй эле ириңдеп кетүү коркунучун туудурат. Оор учурда сепсис болушу мүмкүн. Биринчи жардам көрсөтүүдө барыдан мурда кан агууну токтотуп, булганбас үчүн асептикалык эрежени сактап, таза даки менен бекем таңуу керек. Жараатты жууганга болбойт, себеби ириңдетүүчү микроб кирип кетүүсү мүмкүн. Буттун жарааттарында аны кыймылдатпоо үчүн [[шакшак]] коюп таңып, медициналык мекемеге жеткирип, селеймеге каршы эмдетүү зарыл.
'''Жараат''' – тери бетинин (чели) жана алдында жаткан ткандардын механикалык бузулушу.
== Колдонулган адабияттар ==
* “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5
* [[Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү]]. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7
[[Категория:Юридикалык аталгылар жана түшүнүктөрДен соолук]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Жараат" булагынан алынды