Ирланд тили: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
(Айырма жок)

23 июль 2015, саат 09:09 учурдагы нуска

Ирланд тили – ирланддардын тили. Ирландия мамлекетинин расмий эки тилинин бири. Улуу Британияда, Түндүк Ирландияга да таралган. Кельт тилдеринин гойдель тобуна кирет. Жазмасы латын алфавитинин негизинде (7-кылым.). Ирланд тили тарыхы төрт мезгилге бөлүнөт: 1) байыркы, башкача айтканда огам мезгилине (4-кылымда башталган) огам жазуусу менен жазылган байыркы ирланд жазуу эстеликтери таандык; 2) байыркы ирланд мезгилинде (6-кылымдын ортосунан, 5-кылымдын аягы – 6-кылымдын башында түзүлгөн латын графикасынын негизиндеги жазуу пайдаланылган; 3) ортоңку ирланд (11-кылымдан баштап), мезгилинде байыркы ирланд жазуу эстеликтери менен катар көптөгөн адабий эстеликтер жаралган. 4) жаңы ирланд мезгили (13-кылымдан башталган). Ирланд тилинин мунстер, коннахт, ольстер, лейнстер (20-кылымдын башында эле жоголуп кеткен) деген 4 диалекти белгилүү.

Колдонулган адабияттар