Иртыш: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "'''Иртыш''', Эртиш – Кытайдагы Моңгол Алтай тоолорунан башталып, Батыш Сибирь түздүгү аркылу..." |
Бот: автоматизированный импорт статей *** существующий текст перезаписан *** |
||
1-сап:
'''Иртыш''', Эртиш – Казакстан менен Россиянын аймактары аркылуу аккан дарыя, Обь дарыясынын сол куймасы Башаты Кытайдагы Моңгол Атлай тоолорунан башталат. Узундугу 4248 км, алабынын аянты 1643 миң км<sup>2</sup>. Жогорку агымы тоо дарыясы, Зайсаң көлүнөн Усть-Каменогорск шаарына чейин Буктурма суу сактагычы жана Усть-Каменогорск ГЭСи аркылуу агымы жөнгө салынат. Семей шаарынан төмөн, чатына чейин Батыш Сибирь түздүгү аркылуу агат. Төмөнкү бөлүгүндө өрөөнү 35 кмге чейин кеңийт. Башкы куймалары: Ишим, Вагай, Тобол, Конда (сол), Омь, Тара, Демьянка (оң). Орточо чыгымы Тобольск шаары тушта 2150 м<sup>3</sup>/сек (чатында 2830 м<sup>3</sup>/сек), эң чоң чыгымы 12 100 м<sup>3</sup>/сек, эң азы 297 м<sup>3</sup>/сек. Төмөнкү агымы майдан сентябрга, жогорку агымы апрелден октябрга чейин кирет. Ноябрдан апрелдин аягына чейин тоңот. Чатынан жогору карай 3784 кмге чейин кеме жүрөт. Эл чарбасын суу менен камсыз кылып, сугатка пайдаланылат. Иртыш Караганды каналы сууну Иртыштан алат. Боюндагы негизги шаарлар жана порттор: Усть-Каменогорск, Семей, Павлодар, Омск, Тобольск, Ханты-Мансийск. Тарыхый даректер боюнча алгачкы жолу «Худуд ал-аламда» Итиль менен Артуш дарыясынын ортолорунда кимактар, ал эми кимактардын чыгышында кыргыз уруулары турары айтылган.
[[Категория:География]]
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5
|