Difference between revisions of "Исландия"

no edit summary
(Бот: автоматизированный импорт статей)
 
'''Исландия''', Исландия Республикасы – Атлантика океанынын Түндүк бөлүгүндө жайгашкан Исландия аралындагы мамлекет. Түндүгүнөн Гренланд, чыгышынан Норвег деңиздери менен чулганып, батышындагы Дания кысыгы Иисландияны Гренландиядан бөлүп турат. Аянты 103 миң км<sup>2</sup>. Калкы 312,9 миң (2007). Борбоpy – Рейкьявик шаары Расмий тили – исланд тили. Акча бирдиги – Исландия кронасы. Администрациялык-аймактык жактан 23 областка (сислага) бөлүнүп, алар Исландия статистикасында 8 регионго биригет.<br />
 
Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2007)
Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2007):
{| class="prettytable"
|-
|
Региондору
 
|
Аянты,
 
км2
 
|
Калкы,
 
миң
 
менен
 
|
Администрациялык борбору
 
|-
|
Батыш (Вестюрланд)
 
|
9,6
 
|
15,5
 
|
Боргарнес
 
|-
|
Батыш фьорддор (Вестфирдир)
 
|
9,4
 
|
7,3
 
|
Исафьордюр
 
|-
|
Борбордук (Хёвюдборгарсвайди)
 
|
1,1
 
|
196,1
 
|
Рейкьявик
 
|-
|
Түндүк-Батыш (Нордюрланд вестра)
 
|
12,8
 
|
7,4
 
|
Сейдауркроукюр
 
|-
|
Түндүк-Чыгыш (Нордюрланд эйстра)
 
|
22,0
 
|
28,8
 
|
Акюрейри
 
|-
|
Түштүк (Сюдюрланд)
 
|
24,5
 
|
23,5
 
|
Сельфосс
 
|-
|
Түштүк жарым аралы (Сюдюрнес)
 
|
0,9
 
|
20,4
 
|
Кеблавик
 
|-
|
Чыгыш (Эйстюрланд)
 
|
22,7
 
|
13,9
 
|
Эйильсстадир
 
|}
 
==Мамлекеттик түзүлүшү.==
Исландия унитардык мамлекет. Башкаруу формасы парламенттик республика. Азыркы конституциясы 1944-ж. 17-июндан күчүндө. Мамлекет башчысы президент (35 жаштан жогору Исландия жараны төрт жылдык мөөнөткө шайлана алат). Анын бийлиги бир кыйла чектелген. Исландия өкмөтү башында премьер-министр турган министрлер кабинетинен турат. Өкмөт парламент (альтинг) алдында жоопкер, бирок министрлерди президент дайындайт жана кызматтан кетирет. Мыйзам чыгаруу бийлиги 63 депутаттан турган альтингге таандык. Ал 1991-ж. чейин жогорку жана төмөнкү палатадан турган, учурда бир гана палаталуу. Конституцияга толуктоолор жана өзгөртүүлөр парламент аркылуу киргизилет. Саясий партиялары: Көз каранды эместик партиясы, Прогрессивдүү партия, Либералдык партия, Социал-демократиялык альянс, Жашылдар жана солчулдар альянсы.