Германия: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
260-сап:
Машина куруу – индустриянын негизги тармагы; ал металл иштетүү менен кошо өнөр-жай продукциясынын дээрлик <sup>1</sup>/<sub>2</sub> бөлүгүн берет. Сатуу көлөмү боюнча дүйнөдө АКШ, Япониядан кийинки 3-орунду ээлеп, өлкөнүн товардык экспортунун <sup>1</sup>/<sub>2</sub> бөлүгүнөн ашыгын камсыз кылат. Машина куруунун ири тармагы жалпы машина куруу (өнөр-жайында иштегендердин 15%; сатуу көлөмүнүн 11%ке жакыны). Бул тармакта негизинен чакан сериялуу өндүрүштү кесиптенген 4,5 миң фирма иштейт. Германия станок чыгаруу боюнча дүйнөдө 2-орунда туруп, анын 50%тен ашыгын сыртка сатат; алардын ичинен дүйнөлүк рынокто аспаптык жана текстиль станоктору, жыгач иштетүү жабдуулары, пластмасса өндүрүштөрү өтө жогору бааланат. Оор машина куруу өнөр-жайы оор машиналарды, крандарды, тоо-шахта жана энергетика жабдууларын, оор электр-техникасын, ошондой эле металлургия заводдору үчүн жабдууларды чыгарат. Ишканаларынын көбү Рур индустриялуу районунда.
==Автомобиль өнөр жайы==
Автомобиль өнөр-жайы – эл аралык германиялык машина курууга адистешкен негизги тармактардын бири. Жалпы автомобиль чыгаруу боюнча дүйнөдө (2014-ж. 5 908 миң, дүйнөлүк автомобилдин 30%) үчүнчү (АКШ, Япониядан кийин), жеңил автомобилдерди чыгаруу боюнча (5192 миң, 32%) Япониядан кийинки 2-орунду ээлейт. Ошондой эле 175 миң жүк ташуучу жеңил, 194 миң оор жүк ташуучу машина, 10 миң автобус чыгарат. Германиядан чыккан белгилүү жеңил автомобилдер: Volkswagen, BMW, Opel, Audi, DaimlerPorshe, Mersedes - Benz. Машина куруу комбинаттарында кубаттуу локомотивдер менен кошо атайын максаттагы автомобилдер, дизель, машина куруу продукцияларын, брондолгон танк техникасын (НАТО үчүн «Леопард» танкасын) ж. б. чыгарат.
 
==Космостук өнөр жайы==
Авиация жана ракета-космостук өнөр-жайы граждандык жана аскердик самолётторду, вертолёт, ошондой эле ракета жана спутник, радар системаларын, авиация жана ракета кыймылдаткычтарын чыгарат. Кеме чыгаруу боюнча Түштүк Корея, Япония жана Кытайдан кыйла кийинки, ал эми Европада алдыңкы, орунду ээлейт (21-кылымдын башталышында жылына 0,8 млн рег-брутто т). Анын 60% экспортко чыгарылат. Электр-техникалык, электрондук жана прибор куруу өнөр-жайы, ошондой эле кеңсе машиналарын куруу, офис жабдууларын чыгаруучу тармактары тез темп менен өнүгүүдө. Германия электртехникалык жана электрондук жабдууларды экспортоочу негизги өлкөлөрдүн бири; анда робот-техникаларды, АЭС үчүн реакторлорду да чыгарат. Германия электрондук өнөр-жай өндүрүшүнүн көлөмү жана өнүгүү деңгээли боюнча Европа шериктештиги өлкөлөрүнүн ичинен 1-орунду ээлейт, бирок АКШ менен Япониядан кыйла артта.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Германия" булагынан алынды