Казакстан: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
1-сап:
'''Казакстан''' ({{lang-kz|Қазақстан Республикасы}}) — Борбор [[Азия]] менен Чыгыш [[Европа|Европада]] жайгашкан мамлекет.
'''Казакстан''', Казакстан Республикасы — Евразиянын борбордук бөлүгүндөгү мамлекет. Борбордук Азиянын түндүк бөлүгүндө; эң батыш чет жакасы Урал дарыясынын оң жээги Европанын чегинде. Түндүк-батышынан, түндүгүнөн жана түндүк-чыгышынан Россия, чыгышынан Кытай, түштүгүнөн Кыргызстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан менен чектешет; батышынан Каспий деңизи менен чулганат. Аянты 2 млн 724,9 миң км<sup>2</sup> (дүйнөдө 9-орунда; кургактыктын 1,8% аянтын ээлейт); аймагы батыштан чыгышка 3000 кмдей, түндүктөн түштүккө 1600 кмдей созулат. Калкы 17 498&nbsp;145 миң (2015). Борбору Астана шаары Акча бирдиги теңге. Мамлекеттик тили казак тили; мамлекеттик мекемелерде жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарында казак тили менен кошо орус тили да расмийколдонулат (бийлик жана башкаруу органдарында иш кагаздары казак тилине толук өткөрүлүүдө). Административдик жактан 14 облуска жана республикага баш ийген 2 шаарга бөлүнөт.<br />
 
Дүйнө мамлекеттер арасында аянты боюнча 9-орунду ээлейт (2&nbsp;млн&nbsp;724,9&nbsp;мин&nbsp;км²). Жайгашканы: батыштагы [[Волга]] дарыянын дельтасынын чыгыш жагынан чыгыштагы [[Алтай|Алтай тоолоруна]] чейин, түндүктөгү [[Батыш-Сибирь өрөөнү|Батыш-Сибирь өрөөнүнөн]] өлкөнүн түштүгүндөгү [[Тянь-Шань|Тянь-Шань тоо системасына]] чейин.
 
Түндүк жана Батыш тараптан [[Орусия]], Чыгыштан [[Кытай]] менен, Түштүктөн [[Кыргызстан]], [[Өзбекстан]], [[Түркмөнстан]] малекеттери менен чектешет.
 
Административдик-аймактык түзүлүш боюнча 14 облуска жана 2 республикалык маанидеги шаарга бөлүнөт. Экономика-географиялык жактан Борбордук, Батыш, Чыгыш, Түндүк, Түштүк региондоруна бөлүнөт.
 
Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2006):
Line 253 ⟶ 259:
Өлкөнүн түндүгүндө, токойлуу талаа зонасында жана талаа зонасынын түндүк бөлүгүндө дүйүм чөптүү-кылкан өсүмдүктүү талаа (ак кылкан, бетеге, коңур баш, тоо сулусу, кыяк, шыбак), суу жайылмаларында түбү боштуу жана буудайытуу шалбаа таралган. Байтерек-кайыңдуу токой массивдери, кызыл карагайлуу токойчолор кездешет. Кургак талаага бетеге-ак кылкандуу өсүмдүк жамаатташтыгы мүнөздүү. Жарым чөлдөрдө шыбак-кылкандуу өсүмдүктөр үстөмдүк кылат. Чополуу жана шагылдуу чөлдөрдө ксерофиттик бадалдар жана бадалчалар, анын ичиндегалофиттер (прутняк, сарсазан, бүргөн, кокпек, солерос, ак жана кара шыбак, түлкү машак, жантак, терскен, тамариск ж. б.) да өсөт. Кумдуу чөлдөргө псаммофиттер (кум шыбагы, кум сулуусу, жузгун, кум акациясы, ак сөксөөл ж. б.) мүнөздүү. Кызыл-Кум кумдарында кара сөксөөлдөр кездешет. Кырка тоолордун капталдарынын төмөнкү бөлүктөрүнө жана этек тоолорго талаа өсүмдүктөрү мүнөздүү. Андан өйдө бадалдар ит мурун, шилби, бөрү карагат өсөт; Иле Ала-Тоосунун түндүк капталдарында жапайы жана экме алма токойлору, долоно кездешет. Алтай жана Жети-Суу Ала-Тоолорунун орто бийик тоолорундагы ийне жалбырактуу токойлорго Сибирь кара карагайы, карагай, кызыл карагай, көк карагай, кедр (бал карагай) ж. б., Теңир-Тоого карагай мүнөздүү. Токойдон жогору жаткан субальп жана альп шалбаасы баалуу жайыт болуп саналат. Теңир-Тоонун кырка тоолорунун кырларына жакын арча (өрөк арча) токойлору кездешет.
Казакстанда өзгөчө коргоого алынган 109 табигый аймак бөлүнгөн, ал өлкөнүн аймагынын 5,4%ин ээлейт. Ага 10 корук (Ак-Суу-Жабаглы, Алматы, Ала-Көл, Барса-Келбес, Батыш Алтай, КараТоо, Коргалжын, Наурзум, Маркакөл, Үстүрт), 10 улуттук парк (Алтын-Эмел, Баянаул, Бурабай, Иле-Ала-Тоо, Каркаралы, Катон-Карагай, Көкчө-Тоо, Чарын, Сайрам-Угам, Көл-Сай), 50 табигый корукча (заказник; геол., ботан., зоол., көл, саз, ландшафттык ж. б.), 26 табият эстелиги, 5 ботан. бак ж. б., 2 табият резерваты (Ертис орманы, Семей орманы) кирет. Коргоого алынган бул аймактар негизинен жер бетинин экосистемасын жана өсүмдүк жамаатташтыгын камтыйт. Республиканын аймагы аркылуу суу-сазда жашоочу куштардын 140 түрү учуп өтөт; анын 11 түрү ТКЭСтин Кызыл китебине катталган. Бул сейрек жана эндемик куштардын популяциясын сактоо максатында жалпы аянты 17 миң км<sup>2</sup> болгон глобалдуу маанидеги жер коргоого алынган. Алар негизинен Казакстандын борбордук, түштүкчыгыш жана чыгыш бөлүктөрүндө жайгашкан. Коргалжын жана Иргиз-Торгой көлдөр системасы Рамсар конвенциясы тарабынан коргоого алынган.
 
== Шаарлары ==
 
=== Эң ири шаарлары ===
Калкынын саны 2014-жылдын 1-июлуна карата берилген.
 
Бул датага карата Казакстанда 100 миң адамдан ашык 22 шаар катталган, бул шаарларда өлкөнүн 43% жашайт.
{| class="wikitable"
!Орун
!Шаардын аталышы
!Облус
!Калкынын саны
!Орун
!Шаардын аталышы
!Облус
!Калкынын саны
|-
!1
|[[Алматы|Алма-Ата]]
|<nowiki>-</nowiki>
|1 522 596
!12
|[[Кызыл-Ордо (шаар)|Кызыл-Ордо]]
|[[Кызыл-Ордо облусу|Кызыл-Ордо]]
|216 313
|-
!2
|[[Шымкент]]
|[[Түштүк Казакстан облусу|Түштүк Казакстан]]
|858 100
!13
|[[Петропавл]]
|[[Түндүк Казакстан облусу|Түндүк Казакстан]]
|208 202
|-
!3
|[[Астана]]
|<nowiki>-</nowiki>
|835 153
!14
|[[Атырау]]
|[[Атырау облусу|Атырау]]
|199 600
|-
!4
|[[Караганды]]
|[[Караганды облусу|Караганды]]
|486 945
!15
|[[Актоо (шаар)|Актоо]]
|[[Маңызтоо облусу|Маңызтоо]]
|181 674
|-
!5
|[[Актөбө]]
|[[Актөбө облусу (Казакстан)|Актөбө]]
|382 922
!16
|[[Темиртоо]]
|[[Караганды облусу|Караганды]]
|176 349
|-
!6
|[[Тараз]]
|[[Жамбыл облусу|Жамбыл]]
|354 662
!17
|[[Түркстан (шаар)|Түркстан]]
|[[Түштүк Казакстан облусу|Түштүк Казакстан]]
|156 986
|-
!7
|[[Павлодар]]
|[[Павлодар облусу|Павлодар]]
|331 404
!18
|[[Көкчөтоо (шаар)|Көкчөтоо]]
|[[Акмола облусу|Акмола]]
|140 685
|-
!8
|[[Өскемен]]
|[[Чыгыш Казакстан облусу|Чыгыш Казакстан]]
|314 515
!19
|[[Талды-Коргон]]
|[[Алматы облусу|Алматы]]
|137 008
|-
!9
|[[Семей]]
|[[Чыгыш Казакстан облусу|Чыгыш Казакстан]]
|312 791
!20
|[[Экибастуз]]
|[[Павлодар облусу|Павлодар]]
|131 626
|-
!10
|[[Жайык (шаар)|Жайык]]
|[[Батыш Казакстан облусу|Батыш Казакстан]]
|229 329
!21
|[[Рудный]]
|[[Костанай облусу|Костанай]]
|114 285
|-
!11
|[[Костанай]]
|[[Костанай облусу|Костанай]]
|223 812
!22
|[[Жаңы-Өзөн (шаар)|Жаңы-Өзөн]]
|[[Маңызтоо облусу|Маңызтоо]]
|108 961
|}
 
==Калкы==
Калкынын басымдуу бөлүгүн (53,4%) казактар түзөт (1999-жылкы эл каттоо боюнча). Орус (30%), украин (3,7), немис (2,4) улуттары негизинен өлкөнүн түндүкжана чыгыш бөлүктөрүндө жашайт. Калгандарын татар (1,7%), уйгур (1,4), беларус (0,7), корей (0,7), азербайжан, түрк, поляк, дунган, күрд, тажик, башкырт, молдаван ж. б. улуттар түзөт. Калкынын жылдык орточо табигый өсүү темпи жогору: 2005-ж. 1000 тургунга 8,0 адам, 1999-ж. 4,6 адам туура келген. Төрөлүү 1000 тургунга 18,4 бала, өлүмжитим 1000 тургунга 10,4 адам туура келет (2005). 15 жашка чейинки балдар калктын 26,2%ин, эмгекке жарамдуу курактагылар 63,4%ин, карыгандар 10,4%ин түзөт. Өмүрдүн күтүлгөн орточо узактыгы 65,9 жыл (эркектердики 60,3, аялдардыкы 71,8 жыл). Калктын орточо жыштыгы: 1 км<sup>2</sup> жерге 5,6 адам туура келет (2006; Евразиядагы эң төмөнкү көрсөткүч). Калк өлкөнүн түштүк, түндүкжана чыгыш облусунда жыш, батыш жана түштүк-батыш облусунда салыштырмалуу сейрек отурукташкан. Динге ишенгендери негизинен мусулман-сунниттер. Шаар калкы 43, 1% (2014). Ири шаарлары: Алматы (калкы 1 522 596 миң), Астана (835,153 миң), Чымкент (858,1 миң), Караганды (486,9 миң), Тараз (354, 6 миң), Павлодар (331, 4 миң), Усть-Каменогорск (314, 5 миң), Семипалатинск (Семей; 312, 7 миң), Ак-Төбө (382, 9 миң), Костанай (223, 8), Уральск (229, 3 миң).
Line 283 ⟶ 406:
1925-ж. Казакстанда «Казак АССРинин беш жылдыгы» (оператор Я. М. Толчан) документ фильм, 1939-ж. алгачкы көркөм фильм «Амангелди» (режиссёр М. С. Левин) тартылган. Казак кино өнөрүнүн белгилүү чыгармалары: «Жамбул» (1953), «Сүйүү жөнүндө поэма» (1954), «Чокон Валиханов» (1958), «Алдар көсөө» (1965), «Аркабызда Москва» (1967), «Транссибирь экспресси» (1978), «Кыз Жибек» (1972), «Кайрат» (1991), «Абай» (1995), «Үч бир тууган» (2000) ж. б. Кино өнөрүн өнүктүрүүдө Ш. Айманов, Э. Уразбаев, А. Нугманов, О. Абишев, М. Беркович, М. Сагымбаев, И. Тынышбаев ж. б. режиссёрлордун эмгеги зор. 1984-ж. «Казакфильм» киностудиясына Ш. К. Аймановдун ысмы ыйгарылган. Казак киночулары менен кыргыз киночуларынын чыгармачылык кызматташтыгы ар тараптуу. Н. Жантурин, Н. Аринбасарова ж. б. казак артисттери кыргыз фильмдерин жаратууга катышкан. Казак жазуучусу М. Ауэзовдун чыгармаларын кыргыз режиссёрлору Б. Шамшиев, («Караш-Караш», 1968, «Кыргызфильм»), Т. Океев («Көк серек», 1973, «Казакфильм» ж. б.) экрандаштырган.
Казакстанда элдик куудул-акындар, балбандар, акробаттар болгон. 20-кылымдын башында балбан X. Муңайтбасов менен акробатчы Ш. Кошкарбаевдин өнөрлөрү элдин купулуна толгон. 1919-ж. Верныйда (1921-жылдан Алма-Ата) А. И. Сосин жетектеген цирк коллективи өнөрлөрүн көрүүчүлөргө тартуулаган. 1970-ж. Казак цирк коллективи түзүлүп, Алматыда (1972), Карагандыда (1983), Астанада (2005) жаңы цирктер ачылган. К-дын белгилүү цирк өнөрпоздору: Ш. Алиев, К. Кунгужинов, К. Чалабаев, гимнасттар Досбатыровдор, клоундор Е. жана М. Жумагалиевдер ж. б.
 
[[Категория:Мамлекеттер арип боюнча]]
==Колдонулган адабияттар==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Казакстан" булагынан алынды