Токтобаев, Муканбет: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
32-сап:
Туулуп-өскөн айылы Барскоондон 7-классты аяктагандан соң, андан ары окуусун улантуу үчүн Мукамбетти атасы уулун [[Балыкчы шаары]]ндагы орто мектепке киргизет.

Балыкчыда, мектепте окуп жүргөндө эле болочок артисттин шык-жөндөмү айрыкча бадырайып көрүнө баштаган: комузун комуздай чертип, мандолинаны безеленте кошо күүгө салып, аккордеонду катыра тартып, анысы аз келгенсип созолонто ырдап, роль да ойноп, мектепте драма ийримин уюштуруп, айтор бир аз мезгилдин ичинде эле ал миң кырдуу өнөрү менен окуучулардын, мугалимдердин арасында эле эмес, бүтүндөй калаага таанымал болот. Ошон үчүн мектепти бүтүргөндөн кийин эле Балыкчы шаардык маданият үйү боконо сөөгү ката элек жаш баланы көркөм жетекчи кылып алат.

Маданият үйүндө иштеп жүрүп, бала күнүнөн самоосу башка Мукамбет, айрымдардын кеп-кеңеши менен [[Бишкек|Фрунзеге ]] жөнөйт, филармонияга киргени.

Филармонияда бир аз иштегенден кийин, оюндагысындай болбой калып, Кыргыз мамлекеттик драма театрына жумушка кирип алат. Бирок, аяктан кадимки [[Муратбек Рыскулов]]дун жардамы менен опера-балет театрынын студиясына окууга өтөт. Ал окуу да көңүлүнө төп келбей, акыры Мукамбет кайра Балыкчыга, маданият үйүнө иштөөгө кетет.

Балыкчыда иштеп жүргөн учурда, 1967-жылдын жазында Кыргыз драма театрынын атактуу артситтеринин бири [[Жаманов, Сыдыкбек|Сыдыкбек Жаманов]] келип калат, Балыкчынын маданият үйүнө, Москвадагы А. В. Луначарский атындагы мамлекеттик театр өнөрү институтуна жөндөмдүү улан-кыздарды тандоо үчүн. С. Жаманов бир нече жаштарга кошуп Мукамбетти да окуй тургандардын тизмесине жазып кетет.