Токтобаев, Муканбет: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
61-сап:
"Атамдын жалгыз баласы болгондуктан, ал мени жанынан алыс кетиргиси келчү эмес. Аны аяп, Балыкчыда калып, маданият үйүндө иштеп калгам.

Ошондо Нарын театрынан бирөө келип калып: "филармонияга бар" деген. Анын сөзүнө ынанып, Фрунзеге келип, филармонияга солист болуп кирдим.

Төкмө акын [[Турсуналиев, Эстебес|Э.Эстебес Турсуналиев]] жана куудул [[Асанкул Шаршенов|А.Шаршенов]] менен гастролго көп чыктым. Бирок бат-бат гастролдогонубуз жага бербегендиктен, ал жакта төрт ай гана иштедим.

Тааныш балдарым аркылуу Кыргыздрамтеатрына балдарды алып жаткандыгын угуп, алар менен кошо сынакка кирип, өтүп кеткем. Ошентип кыргыздрамтеатрда иштеп калдым. Мени М.Рыскулов аксакалыбыз чакырып алып, күнүгө ырдата берчү.

Анан бир күнү: "Мен сени бир жерге алып барайын, ошого макулсуңбу?" деп калды. Дароо макулдугумду бердим эле Мукем мени Опера жана балет театрына алып барды. Мурда эле аларга телефон чалып койгон экен, ал жерден төрт-беш киши тосуп алып, ырдатып көрүшүп, операга алып коюшту. Мукем: "Сен ушул жерде окуйсуң, иштейсиң, сенин ордуң ушул жер" деп кетип калды. Ошентип хорго иштемек, Кийизбаевадан окумак болдум. Ал жерден ыры да, балети да, хору, бийи койчу деги бардык нерседен баш айланат, андайга көнбөгөн жаным, кийинки күнү барбай койгом...[http://newskg.narod.ru/bt/05/0513_10.htm]