Ксилография: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Automated import of articles
 
Бот: автоматизированный импорт статей *** существующий текст перезаписан ***
 
1-сап:
'''Ксилография''' (ксило... жана – графия) – жыгачтын бетине, аны оюп, кырып сүрөт тартуу; 2) жыгачтын бетине ушул жол менен тартылган сүрөт, гравюра. Басуу формасы (клише) жыгачка кол менен оюп даярдалат. Мында бийиктен басуу сыяктуу сүрөттөн кагазга түшүрүлө турган элементтери бир тегиздикте болуп – ал эми түшүрүлбөй турган бөлүгү оюлуп ылдый түшүрүлөт. Бийик элементтерге боёк жугуп – андан кагазга басылат. Ксилография жолу менен даярдалган формадан гальвано-клише алынат. Полиграфияда Ксилография китеп-журналдарга көркөм сүрөттөрдү тартуу үчүн колдонулат.
'''Ксилография '''(грекче xylon – материал катары жыгач, grapho – жазам, тартам) – жыгач гравюрасы; томпок гравюранын негизги техникалык түрү жана дегеле гравюранын байыркы техникасы. Адатта, К-ны тактанын үстүндө гравюраланып түшүрүл­гөн сүрөтү бар бөлүктөрү ак бойдон калуучу бук жана алмурут жыгачын кесип алуу менен аткарышат. Узунунан тилинген жана кесилме гравюрада тактанын буласы анын үстүңкү бети менен параллель келет жана иш негизинен, башы учтуу курч бычактар менен аткарылат. Бул техниканын мүмкүнчүлүктөрү салыштырмалуу кеңири эмес, кыйынчылыктары бир топ көп, себеби булалуу материалдын бычакка каршылыгы ар кандай багыттарда, бир өлчөмдө эмес. Торц гравюрасын XVIII кылымда англис сүрөтчүсү Т. Бьюик ойлоп тапкан. Тактанын буласы анын үстүңкү бетине тикесинен келип аткарылат, анын негизги аспабы ''штихель'' эң кылдат, ар кандай техникада иштей алат. Тереңдетилген гравюранын ар кайсы түрлөрүнөн айырмаланып, К. кадимки эле типографиялык машинада терилген нерсе менен басыла берет, ошондуктан китептик иллюстрацияда көп колдонулат.
[[Категория:Искусство]]
 
==Колдонулган адабияттар==
* [[Кыргыз“Кыргызстан” сүрөтулуттук искусствосуэнциклопедиясы]]: Энциклопедиялык4-том. окууБашкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: куралы]]/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору., 2012.: 832 бет, 2004илл. ISBN 978 9967-14-104 -9
[[Категория:Кыргыз сүрөт исскуствосу]]