Кантхо: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей |
(Айырма жок)
|
11 август 2015, саат 11:56 учурдагы нуска
Кантхо – Вьетнамдын түштүк-батышындагы борборго баш ийген шаар. Хошимин шаарынан 170 км түштүк-батышта, Меконг – Бассак (Хау) дарыясынын башкы салаасынын биринде жайгашкан башкы шаар. Калкы 268,7 миң (2008; агломерациясында 1,2 млн). Жолдор тоому. Деңиз порту. Аэропорту бар. 1739-жылы негизделген. 1991 – 2004-жылдары Кантхо провинциясынын административдик борбору болгон. Будда пагодалары, калкыма базарлар, университет (Күрүч Илим Изилдөө институту менен) бар. Күрүчтү экспорттоо боюнча дүйнөдөгү эң ири борбор. «Чанок» жана «Хунгфу» индустрия парктары, жашылча-жемиш консерва, кант өндүрүшү, пиво кайнатуу заводдору, текстиль, кеме куруу өнөр-жай ишканалары иштейт.
Колдонулган адабияттар
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9