Карст: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
Бот: автоматизированный импорт статей
 
1-сап:
'''Карст''', Крас, Динара Красы (немецче Karst, словенче Kras) – Словениядагы акиташ тектүү плато (батыш чет жакасы Италияда); Динара тайпак тоосунун курамында. Истрия жарым аралынан түндүктө. Бийиктиги 643 мге чейин (Трстель чокусу). Рельефтин накта карсттык формалары (воронка, кудук, үңкүрлөр), туюк чуңкурдуктар жана башка мүнөздүү. Агын суу дээрлик жок, өсүмдүктөрү сейрек. Күрдүү топурактуу чуңкурчактарында жүзүм өстүрүлөт. Платодо дүйнөгө белгилүү Постойнска-Яма үңкүрү бар.
'''Карст''' [Словениядагы Карст (Крас) тоосунун атынан], карст кубулуштары – жер астындагы же үстүндөгү суулардын тоо тектерине тийгизген таасиринен пайда болуучу кубулуштар. Тоо тектери сууга эзилип, ар кандай боштуктар, үңкүрлөр, чуңкурлар, кудуктар, көңдөйлөр, коңулдар келип чыгат. Гипс, бор, туз, акиташ, доломит тез эрип, орду боштукка айланат. Жер бетинде оюктар, чуңкурчалар, тайыз кудуктар, жер астында үңкүрлөр, боштуктар, көңдөйлөр пайда болот. Булар карст үңкүрлөрү деп аталат. Алардын таасиринен жер бетинин түзүлүшү өзгөрөт. Кудуктарга суу толуп, көлчөгө айланат. Ири үңкүрлөр АКШда (Флинт-Риж үңкүрү, узундугу 100 км, Кентукки штаты); Крым, Кавказ, Урал, Сибирде кездешет. Кыргызстанда Канигут (уз. 3,5 км), Чил-Устун (узундугу 3 км), Ферсман атындагы (узундугу 1,5 км, тереңдиги 240 м) үңкүрлөр бар. Карст кубулуштары эл чарбасына зор зыян келтирет. Айдоо аянттары, сугат тармактары бузулат, жемиш бактары, курулуштар талкаланат. Темир жана таш жолдору иштен чыгат.
[[Категория:Геология]]
==Колдонулган адабияттар==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Карст" булагынан алынды