Кылмыш: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Automated import of articles
 
Бот: автоматизированный импорт статей *** существующий текст перезаписан ***
1-сап:
'''Кылмыш''' — коомго коркунуч келтире турган аракет (же аракетсиздик). Анын белгилери: 1) коомдук коркунуч; 2) тыюу салынган коркунучтуу иштерди жасоо; 3) күнөөлүүлүк, кылмыштын коомдук коркунучтуулугу кылмыштын Жаза кодексинде көрсөтүлөт. Коомго коркунуч келтирген, укукка каршы күнөөлүү жосундар жазаланууга тийиш. Ал үчүн кодексте жазанын түрү жана ар бир кылмыштын мүнөзү, коомдук коркунучтуулугуна жараша атайы жаза чаралары каралган.
'''Кылмыш''' – КР кылмыш-жаза мыйзамдары боюнча кылмыш-жаза мыйзамында каралган коомдук коркунучтуу, күнөөлүү жана жазалануучу жосун (аракет же аракетсиздик). Мыйзамда каралган кандайдыр бир жосундун белгилери бар, бирок анчалык маанилүү болбогондугунан улам, б. а. инсанга, коомго же мамлекетке зыян келтирбеген жана коркунуч туудурбаган аракет же аракетсиздик К. болуп эсептелбейт. К. мүнөзүнө жана коомдогу коркунучтуулук даражасына жараша чоң коркунуч келтирбеген К., анча оор эмес К., оор жана өзгөчө оор К. болуп бөлүнөт. Кол салуу объектилерине жараша К-тар: инсанга каршы К., экономика чөйрөсүндөгү К., коомдук коопсуздукка жана коомдук тартипке каршы К., мамлекеттик бийликке каршы К., аскердик К. жана тынчтыкка жана адамзаттын коопсуздугуна каршы К. болуп бөлүнөт. Күнөөнүн түрүнө жараша – атайын жана байкоосуздан жасалган кылмыш болуп бөлүнөт.
[[Категория:Юридикалык аталгылар жана түшүнүктөр ]]
== Колдонулган адабияттар ==
* [[Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү]]. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9
[[Категория:Юридикалык аталгылар жана түшүнүктөр ]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Кылмыш" булагынан алынды