Компьютер: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м бот: исправление двойного перенаправления → Компүтер
Бот: автоматизированный импорт статей *** существующий текст перезаписан ***
1-сап:
'''Компьютер''' (англисче computer, латынча compute – эсептөө дегенден) – эсептөө жүргүзүү жана маалымат процессин алдын ала белгиленген алгоритм боюнча кабыл алуу, иштетүү, сактоо, пайдалануу үчүн колдонуучу машина (техника). Агымдык эсептөө тармагындагы биринчи иштер 1968-ж. (Д. Адамс) пайда болгон жана бир канча агымдык Компьютер макети түзүлүп, агымдык программалоо тили Id (1978), SISAL (1983) ж. б. сунушталып, алгачкы коммерциялык Компьютер ишке киргизилген. Агымдык архитектураны ишке ашырууда бир топ техникалык жана технологиялык оор маселелер (көлөмдүү эс-тутум, татаал туташтыргычты куруу зарылчылыгы) келип чыккан. Учурда жарыш Компьютер өзүнүн архитектурасында эсептөө моделинин фоннеймандык жана агымдык элементтерин камтыйт. Компьютер иштөө принцибине жана иштетилүүчү маалыматты көрсөтүү ыкмасына жараша аналогдук жана цифралык, арналышы боюнча көп кырдуу (универсал) жана адистештирилген (башкаруучу, серверлер, жумушчу станция ж. б.) Компьютер болуп айырмаланат. Тигил же бул мүнөздөмөсүнө жараша (өндүрүмдүүлүгү, процессор жана эстин өткөрүү жөндөмдүүлүгү, оперативдүү эс сыйымдуулугу, көлөмү ж. б.) суперкомпьютер (супер-ЭВМ), чоң Компьютер, миникомпьютер (жеке компьютер), микрокомпьютерге бөлүнөт. Мисалы, суперкомпьютердин (CDC-6600, 1964) өндүрүмдүүлүгү 1 секда 10 млн операция болсо, ал эми тез ылдамдыктагы Roadrunner (IBM компаниясы иштеп чыккан, 2008) эң алгачкы болуп 1,026 петафлопс, б. a. 1 квадриллион операция/сек чегинен ашты.
#REDIRECT [[Компүтер]]
Компьютер ЭЭМге окшош, бирок электрондук Компьютер башка да – электр-механикалык (релелик) Компьютер, кванттык Компьютер, оптикалык Компьютер да белгилүү. 21-кылымда тирүү клетка, биомолекула, вирус ж.б. негизделген биологиялык Компьютер жасоо боюнча изилдөө жүргүзүлүүдө. Колумбия университетинде (АКШ,2006) жөнөкөй ДНК-Кнын прототиби MAYA-II (Molekular Array of YES and AND logic gates – логикалык элементтин молекулалык матрицасы «ооба», «жок» жана «жана» операциясы) көрсөтүлгөн. Компьютердин сандык мүнөздөмөсүнүн өсүшүнө (анын чакан, эптүү болушуна, тез иштөөсүнө ж. б.) жана баасынын төмөндөшүнө байланыштуу адистин иш ордунун гана атрибуту эмес, күнүмдүк турмуштун да атрибуту болуп калды. Бул программалык камсыздоо базарынын, анын ичинде даярдыгы жок колдонуучуга багытталган колдонмо программанын өсүшүнө, өз кезегинде суроо-талаптын көбөйүшүнө алып келди. Жеке Компьютер менен бир катар портативдик Компьютер (ноутбук), чөнтөк Компьютер, жумушчу станция, сервер ж. б. да таркалган. Эң жөнөкөй Компьютер — видеооюндар үчүн оюн түзмөктөрү, турмуш-тиричилик прибору, мобилдик телефон, сыналгы, фотоаппараттардын ишин башкаруучу орнотулма жана мобилдик эсептөө түзүлүштөрү эсептелет.
20-кылымдын аягы – 21-кылымдын башында Компьютер маанилүү социалдык жана маданий феноменге айланды. Компьютер технологиясын киргизүүнүн аркасында өндүрүш, байланыш, банк иши, илим, билим, маданият, искусство, ММК, турмуш-тиричиликте зор өзгөртүүлөр болууда. Компьютер билим берүүнүн (аралыктан окутуу ж. б.), илимий маалыматтардын (JSTOR китепканасы, Интернет ж. б.), көркөм жана философиялык чыгармалар ж. б. адабияттардын (электрондук китепканалар ж. б. долбоорлор), адабий баалуулуктар (виртуалдык музей, экскурсия ж. б.) жетимдүүлүгүн камсыз кылууда негизги ролду ойнойт. Компьютерди колдонуу жаңы көркөм технологиянын (компьютердик графика, компьютердик анимация, веб-дизайн ж. б.) пайда болушуна өбөлгө түздү.
[[Категория:Электроника]]
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Компьютер" булагынан алынды