Конвейер: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
(Айырма жок)

27 август 2015, саат 05:24 учурдагы нуска

Конвейер (англисче conveyer, convey – көчүрүү,ташуу), жылдыргыч, транспортёр – чубурма, кесек же даана жүктөрдү үзгүлтүксүз ташуучу машина. Жылдыруучу элементтери боюнча тасмалуу, чынжырлуу, аркандуу, буралмалуу, инерциялуу, дирилдөөчү, чыгырыктуу Конвейер болуп айырмаланат. Жүктү ташуучу каражатына жараша Конвейер тасмалуу, пластинкалардан туруучу, кыргычтуу, арабалуу түрдө болот. Атайын программалар менен автоматтык түрдө аткарылышы да мүмкүндүк Узундугу бир нече кмди түзүп, ылдамдыгы 45 м/мин; арабалуу Конвейер оор жүктү бири-бирине чиркелген араба менен рельс жолунда 1,2–7,5 м/с ылдамдыкта ташыйт; сузгулуу Конвейер чынжырга илинген, 0,16–0,4 м/с ылдамдыкта которулат; буралмалуу, жүк буралманын жээги менен айлануучу түтүк аркылуу которулат жана жүктүн түрүнө (суюк же чубурма) жараша айлануу жыштыгы 50–150 мин; термелүүчү инерциялык Конвейер чубурма жана кесегирээк жүктү ташыйт; дирилдөөчү Конвейер бир же эки түтүктүү транспорттук кобулдан туруп, чаңдуу, уулуу, ысык жүктөрдү ташууда колдонулат; чыгырыктуу – Конвейер 2–5° жантайыңкы жайгашып, чыгырыктары жүктүн оордук күчүнүн таасиринен айланат. Ошондой эле атайын адистештирилген түрлөрү белгилүү, мисалы, стакер, элеватор, эскалатор ж. б. Конвейер өндүрүштүн ар кандай тармагында колдонулуп, жүктөө жана жүк түшүрүүдө, технол. процесстерде үзгүлтүксүз иштөөнү камсыз кылат.

Колдонулган адабияттар