Конституция: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Automated import of articles
 
Бот: автоматизированный импорт статей *** существующий текст перезаписан ***
1-сап:
'''Конституция''' (латынча constitutio – түзүлүш) – өлкөнүн негизги (башкы) мыйзамы, мамлекеттин өзгөчө укуктук документи. Конституция мамлекеттин жана коомдун түзүлүшүнүн негиздерин, адамдын жана жарандын укуктук абалынын негиздерин жөнгө салат. «Конституция» түшүнүгү Байыркы Рим императорлорунун айрым актыларында жана орто кылымдарда колдонулган, бирок мааниси жана формасы жагынан укуктук акт боло алган эмес. Королдук жана феодалдык зомбулуктарды чектөө үчүн коомдун белгилүү бир өнүгүү этаптарында Конституция өзгөчө документ катары пайда болгон. Алгачкы жазылган Конституция 1787-ж. АКШда кабыл алынган. Конституция жогорку юридикалык күчкө ээ, кабыл алуунун жана өзгөртүү киргизүүнүн өзгөчө тартиби менен мүнөздөлөт. Конституция адатта атайы түзүлгөн Конституциялык уюмдаштыруу жыйыны тарабынан же түздөн-түз элдик добуш берүү менен кабыл алынат. Мусулман мамлекеттеринде чыныгы Конституция деп Куран эсептелет, бардык мыйзамдар Куранга шайкеш келүүгө тийиш. Конституция мамлекеттин мыйзам чыгаруу жана укукту пайдалануу ишинин негизги юридикалык базасы болуп саналат. Бардык укуктук актылар, мамлекеттик органдардын иш жүзүндөгү ишмердиги Конституцияга шайкеш болууга тийиш. Конституцияга шайкеш келбеген актылар аракеттенбей турган жана укук бузуучу (органдардын аракети) деп каралат. Конституция убактылуу жана туруктуу деп да бөлүнөт. Убактылуу Конституция өткөөл мезгилде иштелип чыгып, бийликти уюштуруу жөнүндөгү негизги жоболорду чагылдырат, кээде туруктуу Конституция менен алмашылат (ТАР, Польша, Альбания). Туруктуу Конституция кыска мөөнөткө иштеп калышы мүмкүн (Венесуэла).
'''Конституция''' (лат. constitutio – орнотуу, түзүлүш) – баарыдан мурда адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин жарыялаган жана кепилдеген, материалдык мааниде жазылган актылардын же конституциялык салттардын жыйындысы, ага тете эле коомдук түзүлүштүн негиздерин, аймактык түзүлүшүн жана башкаруу таризин, бийликтин жергиликтүү жана борбордук органдарын уюштуруунун негизин, алардын компетенциясын жана өзара мамилелерин, мамлекеттик символикасын жана борборун аныктайт; формалдуу мааниде жогорку юридикалык күчкө ээ мыйзам же мыйзамдардын тобу. К. – конституциялык түзүлүштүн баалуулуктары, институттары жана ченемдери, сапаттуу коомдук байланыштарды жана мамлекеттик бийлик мамилелеринин мамлекеттик-укуктук жөнгө салуунун негиздерин ырасмий бекемдөөчү эң жогорку укуктук тариз. Юридикалык жана иш жүзүндөгү К. деген түшүнүктөр айырмаланат. Юридикалык К. материалдык жана формалдык мааниде бул – ардайым жогоруда көрсөтүлгөн коомдук мамилелердин чөйрөсүн жөнгө салуучу укуктук ченемдердин белгилүү тутуму, иш жүзүндөгүсү ошол мамилелердин өзү, б. а. реалдуу болгондор. Таризи боюнча К. кодификацияланган, кодификацияланбаган жана аралаш типтеги болуп бөлүнөт. Эгер ал конституциялык мүнөздөгү баардык негизги маселелерди жөнгө салуучу бирдиктүү жазылган акт болсо кодификацияланган К. болуп саналат. Эгер ошол эле маселелер бир нече жазылган актылар менен жөнгө салынса, анда ал кодификацияланбаган К. болуп саналат. Аралаш типтеги К. парламенттик мыйзамдарды жана соттук үлгү иштерди эле эмес, ошондой эле салттарды жана доктриналык чечмелөөлөрдү дагы камтыйт. К. өзгөртүү ыкмаларына карата ийкемдүү жана ийкемсиз болуп бөлүнөт. Биринчилери жөнөкөй мыйзамдарды кабыл алуу менен өзгөртүлүүсү мүмкүн. Экинчилери – парламент мүчөлөрүнүн басымдуу көпчүлүгүнүн добушун, ал эми айрым учурларда референдум өткөрүүнү, ал өзгөртүүлөрдү федерация субъектеринин белгилүү саны ратификациялашын ж. б. талап кылган атайын татаалдаштырылган жолжоболор менен гана өзгөртүлөт. Колдонулуу мөөнөтү боюнча К. туруктуу жана убактылуу болуп бөлүнөт.
[[Категория:Юридикалык аталгыларТерминдер жана түшүнүктөр ]]
== Колдонулган адабияттар ==
* [[Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү]]. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9
[[Категория:Юридикалык аталгылар жана түшүнүктөр ]]