"Гаити" түзөтүүлөрүнүн айырмасы

Бот: автоматизированный импорт статей *** существующий текст перезаписан ***
(Бот: автоматизированный импорт статей)
 
(Бот: автоматизированный импорт статей *** существующий текст перезаписан ***)
'''Гаити''', Гаити Республикасы – Вест Индиядагы мамлекет. Гаити аралынын батыш бөлүгү менен ага жакын жаткан Гонав, Тортю, Ваш жана башка аралдардан орун алган. Аянты 27,7 миң км<sup>2</sup>. Калкы 8,3 млн (2006). Мамлекеттик тили француз жана гаити (креол) тили. Борбору Порт-о-Пренс шаары Гаити административдик жактан 10 департаментке
'''Гаити''' - (байыркы аты Кискея) Чоң Антил аралдар тобундагы арал; Вест-Индияда. Түндүгүнөн Атлантика океаны, түштүгүнөн Кариб деңизи менен чулганат. Куба аралынан Айдарым, Пуэрто-Рико аралынанМона кысыктары аркылуу бөлүнөт. Аянты 76,4 миң км<sup>2</sup>. Жанартоо жана чөкмө тоотектеринен турат. Рельефи тоолуу (кенен өрөөндөр менен бөлүнгөн 4 кыркатоо бар). Бийиктиги 3175 мге чейин (Дуарте чокусу, Вест-Индиянын эң бийик жери). Жер көп титирейт. Деңизге караган Түндүк-чыгыш жанаТүштүк капталдарында дайыма жашыл жана аралаш тропик токою, батышы менен ички аймактарында жалбырагы күбүлмө токой жана бадал; эң бийик кыр тилкелеринде ийне жалбырактуу жана башка токой өсөт. Аралда ГаитижанаДоминикан Республикасы жайгашкан. 1492-ж. Х. Колумб ачып, Эспаньола деп атаган.
Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2006):
[[Категория:География]]
бөлүнөт. Акча бирдиги гурд. Гаити БУУнун (1945), ЭВФтин (1953), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1953) жана башкалардын мүчөсү.
==Мамлекеттик түзүлүшү==
Гаити унитардык мамлекет. Конституциясы 1987-ж. 29-мартта кабыл алынган (1996-ж. 8августта референдумда өзгөртүлгөн). Башкаруу формасы аралаш республикалык. Мамлекет башчысы президент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы эки палаталуу парламенттен турат. (Улуттук ассамблея) Депутаттар палатасы жана Сенат. Аткаруу бийлигин премьер-министр жетектеген өкмөт жүзөгө ашырат. Саясий партиялары: Гаити христиан-демократиялык партиясы жана Гаити социалдык-христиан партиясы.
==Табияты==
Рельефи тоолуу (бийиктиги 2674 мге чейин, ЛаСель тоосу). Аралдары аскалуу. Климаты тропиктик, пассаттык. Айлык орто температурасы 23-29°С. Жылдык жаан-чачыны 500-800 мм, тоолордун айдарым капталдарында 2000 ммге чейин. Ири дарыясы: Артибонит, анда кеме жүрөт. Кюль-де-Сак ойдуңунда Гаитидеги эң ири көл Соматр (113 км<sup>2</sup>) жайгашкан. Аймагында көбүнчө жалбырагы күбүлмө тропик токою, түштүгүндө дайыма жашыл баалуу дарактар өсөт. Гаитиде жалпы аянты 7,45 миң га болгон 8 коргоого алынган табигый аймактары, андан ичкери Ла-Визит жана Макая улуттук парктары бар.
==Калкы==
Калкынын 95%ин негрлер (Африкадан алынып келинген кулдардын укум-тукумдары), 5%ин мулаттар түзөт. Динге ишенгендери католиктер. Орто жыштыгы 1 км<sup>2</sup> жерге 300 киши. Шаар калкы 41,8% (2005). Калкынын жашынын орто узактыгы: эркектериники 51,6, аялдарыныкы 54,3 жашаары Ири шаарлары Порт-о-Пренс, Ле-Ке.
Европалыктар келгенге чейин аралды индей уруулары (аравак-таино жана сибон) жердешкен. Таинолор отурукташып жашашкан, алар маис, гозо өстүрүшкөн, ал эми сибондор аңчылык жана жыйноочулук менен кесиптенишкен. 15-кылымдын аягына карата алардын жалпы саны болжол менен бир млнго жеткен. 1492-ж. 6-декабрда X. Колумбдун экспедициясы аралды Эспаньола деп атап, Испаниянын колониясына айландырган. Испандар өзүлөрүнүн бийлигин жана динин тааныгысы келбеген жергиликтүү индей урууларын кырып, калгандарын кул кылышкан. 16-кылымдын аягы 17-кылымдын башында Испания, Франция жана Англиянын ортосунда Эспаньола үчүн күрөш күчөйт. 17-кылымдын аяк ченинде аралдын батыш бөлүгү Францияга өтүп, Сан-Доминго деп аталган. Чыгыш бөлүгү Испаниянын карамагында калган. 1804-ж. арал Францияга көзкарандысыз деп жарыяланып, кулчулук жоюлган жана ага мурдагы Гаити деген индейче аты кайтарылган. Гаити 1807-ж. Гаити Мамлекети (негрлер көзөмөлдөгөн) жана Гаити Республикасы болуп экиге бөлүнүп кеткен. 1821-ж. генерал Ж. П. Буайе өлкөнү бириктирип, бирдиктүү Гаити республикасын түзгөн. 1825-ж. Франция анын көзкаранды эместигин тааныган. 1844-ж. аралдын Гаитиден бөлүнгөн чыгыш бөлүгүндө өзалдынча мамлекет Доминикан Республикасы түзүлгөн. Экинчи дүйнөлүк согуш жылдарында (1939-45) Гаити АКШнын согуш жана сырьё базасына айланган. Согуштан кийин Гаитиде демократиялык кыймыл кулач жайды. 1957-ж. АКШнын жардамы менен Ф. Дювалье президенттикке келип, чексиз жеке бийлик тартибин (диктатура) орнотту. Диктатор дүйнөдөн кайткан соң 1971-ж. анын ордун уулу Ж. К. Дювалье ээлейт, ал өзүн 1985-ж. «түбөлүк президент» деп жарыялайт. 1986-ж. башталган толкундоолордун жүрүшүндө Дювалье өлкөдөн качып кетет. 1990-ж. декабрда Ж. Аристид президент болуп шайланды, бирок 1997-ж. аскердик төңкөрүшгөн кийин ал өлкөдөн чыгып кеткен. 1994-ж. өлкөгө БУУнун аскерлери киргизилген, Аристид президенттик оркнду ээлеген. 2004-ж. ал кайрадан качкан, анын ордуна Б. Александр шайланган. 2006-ж. 14-майда аны Р. Преваль алмаштырган. Учурда өлкөдө ички саясий абал туруксуз бойдон калууда.
==Маданияты==
Гаити – Латын Америкасындагы эң жакыр өлкөлөрдүн катарындагы агрардык өлкө. Дүң продукция наркынын 30% айыл чарба, 20% өнөржайы, 50% тейлөө кызматы берет. Гаитинин аймагынын 49%и айдоо жана көп жылдык өсүмдүктөр; жайыт - 30% , токой - 25% , айыл чарбага жарактуу жерлер - 0,2%. Тоокен тармагында алюминийдин негизги кенташы боксит иштетилет. Өнөржайы начар өнүккөн, деңизден креветка, краб, омар, балык кармашат. Негизги айыл чарба өсүмдүктөрү: кофе, агава, сизаль, балкамыш, гозо, цитрус, банан, жүгөрү, таруу, шалы. Мал чарбасы көбүнчө тоолуу райондордо. 2003-ж. 546 млн кВт<math>\bullet </math>с электр энергиясы өндүрүлгөн. Автомобиль жолунун узундугу 4160 км. Негизги деңиз порту Порт-о-Пренс. Эл-аралык ири аэропорттору бар (Порт-о-Пренсте, Кап-Аитьенде). Сыртка негизинен текстиль, кофе, кант чыгарат. Негизги соода шериги АКШААРЫ
Билим берүүсү 6 жаштан 12 жашка чейин милдеттүү түрдө жана акысыз. Порт-о-Пренс шаарында университет, политех институт, бир нече менчик унттар, Гаити-Америка институту, илимий - изилдөө институттары, Улуттук музей, Улуттук китепкана, Гаитинин искусство борбору жана башка бар. Гаитиде жалпы тиражы 35 миң нуска болгон 14 гезит, журналдар чыгат. 1930-жылдан радиоуктуруусу иштейт. Эки телекөрсөтүү станциясы бар. Адабияты негизинен француз, ошондой эле креол тилинде да өнүгүүдө. Архралык эстеликтеринен Порт-о-Пренстеги собор (18-к.), Кап-Антен шаарына жакын Ло-Ферьер цитадели (19-к.) жана Сан-Суси аксарайы (1811-12) бар.
[[Категория:Мамлекеттер арип боюнча]]
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 23-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 20072011. 808784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055074 -45