Кофе: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "thumb|200px|Кофе '''Кофе''' — кофе дарагынын куурулган [[Кофе даны|даны..."
 
Бот: автоматизированный импорт статей *** существующий текст перезаписан ***
1-сап:
'''Кофе''' (арабча кахва) – кофе дарагынын даны жана андан даярдалган сергитүүчү, күчтөндүрүүчү азык. Кофе даны чийки, куурулган жана майдаланып тартылган түрдө пайдаланылат. Кофенин курамындагы кофеин адамдын борбордук нерв системасына чыйралтуучу жана күчтөндүрүүчү таасир тийгизет. Жүрөгү, башы, ичеги-карыны оорулууларга жана кан басымы жогоруларга Кофе ичүүгө болбойт.
[[file:A small cup of coffee.JPG|thumb|200px|Кофе]]
[[Категория:Өсүмдүктөр]]
'''Кофе''' — [[кофе дарагы|кофе дарагынын]] куурулган [[Кофе даны|данынан]] жасалган суусундук. Курамындагы [[кофеин]]дин жардамы менен адамдын кыймыл аракетин тездетет.
==Колдонулган адабияттар==
 
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9
== Кофе өстүрүлгөн аймактар ==
 
XIV кылымга чейин кофе [[Эфиопия|Эфиопияда]] жапайы түрүндө өскөн. Кийинчерээк [[кофе дарагы]] [[Араб жарым арал]]га алынып келинген. XVI кылымдын аягында [[Европа|европалык]] соодагелер кофени араб портторунан [[Европа|Европаны]] көздөй 1600- жж. ташый башташкан. Уламыштарда айтылып жүргөндөй, XVII кылымдын жарымында мусулман пилигрими кофе данын жашыруун түрдө түштүк Индияга алып кеткен. Ал жактан XVII кылымдын аягында [[Нидерланды|голландиялык]] соодагерлер [[кофе дарагын]] [[Ява|Ява]] жана [[Суматра|Суматрага]] жашыруун алып барышкан. Ушундан баштап арабдардын кофеге болгон монополиясы соңуна келип жеткен.
 
Андан соң, 1706-жылы голландиялык колонистер [[Кофе дарагы|кофе дарагынын]] көчөтүн [[Амстердам]]дагы [[ботаникалык бак]]ка жөнөтүшкөн, ошол көчөттөн баштап Жаңы Дүйнөдө кофе дарагы көбөйтүлгөн. Бир нечн жылдан соң француз падышасы голланддардан белекке кофе көчөтүн алат, кийинчерээк француздар Йеменден мокко сортун Бурбон аралына (учурда — [[Реюньон]], [[Мадагаскар]] аралынын жанында) алып барышат. Ошондон баштап белгилүү арабика сортунун тарыхы «бурбон» болуп өзгөргөн.
 
1721-жылы Гвиана жана Мартиникегодада кофенин плантациялары пайда боло башташат. 1727 — Бразилияда, 1730-жылы — Ямайкада (белгилүү Blue Mountain сорту), 1748-жыл — Кубада, 1760 — Гватемалада, 1779 — Коста-Рикада, ощентип XIX кылымдын башында [[кофе куру]] Жер шарын курчаган. Бир нече кылымдын ичинде элев кофе эки жарым шардын элине белгилүү болуп, кирешенин да булагы болууда.
 
== Кофенин түрлөрү ==
 
Жаратылышта болжол менен кафе дарагынын 70 түрү белгилүү — кичинекей бадалдарынан баштап, 10-метрге жеткен дарактарга чейин.
 
[[Кофе дарагы|Кофе дарагынын]] эки негизги ботаникалык түрлөр бар: [[Арабика (кофе сорту )|арабика]] жана [[робуста]], кээде аны конголез кофеси деп аташат. Бул эки түргө дүйнөдө өндүрүлгөн кофенин 98 % туура келет. Анын ичинен 70 % — [[Арабика (кофе сорту )|арабика]], 30 % — [[робуста]].
 
Эң кеңири таралган кофе сорту, [[Арабика (кофе сорту )|арабика]], деңиз денгээлинен 600 - 2000 метр бийиктикте өсөт. Дандары сүйрү формада, сырты жылмакай, латын «S» тамгасына окшош сызыгы бар.
 
[[Робуста]] түрү тез өсүүчү жана оору козгогучтарга туруктуу келет, болжол менен деңиз денгээлинен 0 до 600 м бийиктикте өсөт, негизинен — Африканын тропик чөлкөмдөрүндө, Индия жана Индонезияда. Дандары тегерек формада келишет, түсү — ачык-күрөңдөн бозумук-жашылга чейин.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Кофе" булагынан алынды