Difference between revisions of "Омар Хайям"

Бот: автоматизированный импорт статей *** существующий текст перезаписан ***
(Бот: автоматизированный импорт статей *** существующий текст перезаписан ***)
'''Омар Хайям''' Гиясаддин Абу-ль-Фатх ибн Ибрахим (1048-ж. чен, Нишапур – 1122-жылдан кийин, ошол эле жер) – фарси жана тажик акыны, математик, философ. Омар Хайямдын өмүрүнүн көбү Орто Азия жана Иран, Балх, Самарканд, Исфахан ж. б. шаарларда өткөн. Философияда Аристотель менен Ибн Синанын жолун жолдогон. Математика боюнча Омар Хайямдын бизге жеткен эмгектери аны улуу окумуштуу катары мүнөздөйт. Математикалык трактатында теңдемелердин чыгарылышын 3-даражасына чейинки геом. формада системага салган. «Евклид китебинин татаал жоболоруна түшүндүрмө» аттуу трактатынын мазмунун параллелдер жөнүндөгү оригиналдуу теория түзөт. Омар Хайям акын катары дүйнөгө рубаилери (төрт саптар) менен таанылган. Ал төрт саптардын канчасы Омар Хайямга тиешелүү экени алигиче тактала элек. Омар Хайямдын лирикасы фарси-тажик поэзиясынын жалпы агымынан кескин бөлүнүп турат. Анын поэзиясында өлгөндөрдүн чөпкө айланышы жана чөп менен жандуулардын тамактанышы түбөлүк кыймылдагы материя жөнүндө каңкуулап, дүйнө менен жеке адамдын байланышы айкындалат; шарап даңазаланып, тиги дүйнөдө жашоо жок дегендей тыянак чыгарылат. Рубаилердин негизги идеясы – сопусунгандарды ашкерелөө, эки жүздүүлүктү жек көрүү, пенденин эркиндигин жактоо. Омар Хайям көп учурда ырларынын лирикалык каарманын эркин пенде катары көрсөткөн. Анын каарманы – бунтчул жана зордук-зомбулукка келишпес, кудайсыз. Бирок Омар Хайямдын чыгармаларында татаал жана карама-каршы маселелер бир кыйла. Изилдөөчүлөр тарабынан анын рубаилери карама-каршылыктуу талданып жүргөндүгү ушуну менен түшүндүрүлөт. Чыгармалары дүйнөнүн көп тилдерине, анын ичинде кыргыз тилине да которулган.
[[Файл:033-Earth-could-not-answer-nor-the-Seas-that-mourn-q75-829x1159.jpg|thumb|right|200px]]
[[Категория:1048-жылИнсандар]]
'''''Омар Хайям''''' - (1048-1131; Перс тилинде: ‏عمر خیام) Перс ойчул, математик, астроном ж-а акын. [[Нишапур|Нишапурда]] туулуп оскон, билимин [[Самаркан]] шаарында алган. Кийинчерээк [[Бухара|Бухарага]] барып ал жерде математик ж-а астроном катары коптогон ийгиликтерге жетишип орто доордун алдынкы илимпоздорунун бир болгонго жетишет.
== Колдонулган адабияттар ==
 
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7
 
<poem>
* * *
Акылдан бүгүн Хайям чатыр тигет,
Пайдасы ал чатырдын кимге тиет?
Далдалчы эртең эле бекер баага,
Кайдагы соодагерге сатып иет.
* * *
Көнөчөк шарап куйган мобереги,
Каары күч вазир болчу тээ илгери.
Алдагы сен кармаган мөлт-калт бокал
Сулуунун кош алмасы, назик эрди.<ref>Хайям Омар. ''Рубаилер'' /Котор. Жалил Садыков, Турарбек Шаршенбаев —2-бас. — Ф. Адабият 1989 ISBN 5-660-00086-Х </ref>
</poem>
 
== Колдонулган адабияттар ==
<references/>
 
[[Категория:1048-жыл]]
[[категория :инсандар]]