Онкология: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м Bot: Migrating 52 interwiki links, now provided by Wikidata on d:q162555 (translate me)
Бот: автоматизированный импорт статей *** существующий текст перезаписан ***
1-сап:
'''Онкология''' — медицинанын шишиктердин пайда болуусун, өөрчүүсүн, клиникалык өтүшүн изилдөөчү жана аны диагноздоо, дарылоо, алдын алуу жолдорун иштеп чыгуучу бөлүмү. Клиникалык медицинанын цитология, генетика, биохимия, патология, имуннология, вирусология, радиология, ошондой эле хирургия тармактарынын жетишкендиктерине байланыштуу эксперименттик жана клиникалык онкология калыптанган. Шишиктердин пайда болуу себебин билүү үчүн көптөгөн эксперименттер жүргүзүлүп, жаныбарларда түрдүү сырткы таасирлер, ошондой эле химиялык бирикмелер шишикти пайда кылары далилденген. 1915-ж. япон илимпоздору канцероген заттардын таасири менен жаныбарда рак шишигин чакырышкан (таш көмүр чайырын коёндун терисине такай сыйпаганда, ал жерде рак пайда болгон). Кийин рентген нурунун радиоактивдүү изотоптордун канцерогендик таасири аныкталган. Кыргызстанда рак оорусунун таралуу өзгөчөлүгүн, анын диагноз коюу, дарылоо жолдорун Улуттук онкология борбору изилдейт.
'''Онкология''' ([[Грек тили|грек тилинен]] ονκος — «шишик» и λόγος — «окуу») — медицинанын шишиктердин пайда болуу, өөрчүү механизмин, клиникалык жүрүшүн изилдөөчү жана анын диагностика, дарылоо, алдын алуу методдорун иштеп чыгуучу бөлүгү.
[[Категория:ИлимОруулар]]
== Тарыхы жана өнүгүшү ==
== Колдонулган адабият адабияттар==
19-кылымдын аягына чейин шишик аз жолугуучу оору деп эсептелген. Көптөгөн кылымдар бою жугуштуу оорулардан ([[чума]], [[холера]], [[чечек]], [[келте]], [[безгек]]) миллиондогон кишилер өлүмгө учураган. [[Микробиология]], [[гигиена]] жана эпидемиологиянын тез өнүгүшү менен жугуштуу оорулар азайып, калктын өмүрү узарды. Анын ордуна [[Жүрөк - кан тамыр системасы|жүрөк-кан тамыр]] оорулары менен катар коркунучтуу шишиктер көбөйө баштаган. Онкология проблемалары медицина илиминин эң маанилүү маселелеринин бири болуп калды. Клиникалык медицинанын [[цитология]], [[генетика]], [[биохимия]], [[патология]], [[иммунология]], [[вирусология]], [[радиология]], ошондой эле хирургия тармактарынын жетишкендиктерине байланыштуу комплекстүү теориялык, эксперименттик жана клиникалык онкология калыптанган. Шишиктердин пайда болуу себебин билүү үчүн көптөгөн эксперименттер жүргүзүлгөн. Түрдүү сырткы таасирден жаныбарларда шишик пайда болору тажрыйбада далилденген. 1903-ж. шишиктерди вирустар пайда кылары жөнүндөгү гипотеза айтылган. Советтик илимпоз [[Зильбер, Лев Александрович|Л. А. Зильбер]] шишиктин пайда болушунун вирус генетикалык теориясын аныктаган. Шишиктин келип чыгышына химиялык бирикмелер (канцероген) да таасир тийгизери далилденген. 1915-ж. япон илимпоздору канцероген заттардын таасири менен жаныбарларда рак шишигин чакырышкан (таш көмүрдүн чайырын коёндун терисине такай сыйпоодон анын терисинде рак пайда болгон). Азыркы кезде канцерогендик таасирге ээ көптөгөн химиялык бирикмелер белгилүү. 1902 — 08-ж. рентген нурунун, кийинчерээк радиоактивдүү изотоптордун канцерогендик таасири аныкталган. Шишиктердин табиятын, өөрчүшүн аныктоодо иммунитетти изилдөө чоң мааниге ээ. Организмде атайын шишикке каршы иммунитеттин төмөндөшү анын өөрчүшүнө шарт түзөрү жөнүндө көз караштар келип чыгууда.
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7
== Азыркы абалы ==
Азыркы мезгилге чейин бардык шишиктердин пайда болуусу жана өөрчүшү жөнүндө бирдиктүү теория жок. Адистештирилген онкология жана рентген-радиология илим изилдөө институттар шишиктердин өсүү проблемаларын изилдөөдө. Биздин өлкөдө онкология тармагындагы изилдөөлөргө атайын шарт түзүлүүдө. Кыргызстан онкология жана радиология илим изилдөө институту 1959-ж. Фрунзеде уюшулган. Ал республикада рак оорусунун таралуу өзгөчөлүгүн, анын башталыш стадиясында табуу, дарылоо жолдорун изилдейт.
 
== Колдонулган адабият ==
Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
 
[[Категория:Медицина]]
[[Категория:Ден соолук]]
[[Категория:Дарыгерлик]]
[[Категория:Илим]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Онкология" булагынан алынды