Неоплатонизм: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м Bot: Migrating 50 interwiki links, now provided by Wikidata on d:q162145 (translate me)
Бот: автоматизированный импорт статей *** существующий текст перезаписан ***
 
1-сап:
'''Неоплатонизм''' – 3–6-кылымдагы антикалык философияда Платондун окуусуна Аристотель, неопифагорчулар жана башка философтордун идеяларын кошуп системалаштырган концепциялар тобунун жыйындысы. Неоплатонизмдин чордонунда болмуштун иерархиялык түзүлүшү жана биримдиги жөнүндө Платон иштеп, Прокл аягына чыгарган концепциялык окуу жатат. Н. Европадагы жана Чыгыштагы философияга кеңири таасирин тийгизген, ошону менен бирге миң жылдап узакка өнүккөн антикалык философияны жалпылаган жана корутундулаган грек философиясынын акыркы формасы болуп саналат.
'''Неоплатонизм''' – миң жылдан ашуун убакыт ичинде өнүккөн антикалык философияны жалпылаган жана корутундулаган грек философиясынын акыркы формасы. Неоплатонизмдин негиздөөчүсү болуп [[Аммоний Саккас]] (242-ж. өлгөн) эсептелет. Ал жазма эмгектерди калтырган эмес жана төмөнкүдөй идеялардын автору болуп саналат: [[Платонизм|платонизмди]] [[Аристотелизм|аристотелизм]] менен айкалыштыруу, [[Стоиктер|стоиктердин]] жандын материалдуулугу тууралуу окуусун сынга алуу, дүйнөнүн иерархиялуулугу тууралуу окуу.
[[Категория:Физика]]
 
Неоплатнизмдин тарыхый өнүгүүсүндө төмөнкүдөй этаптар менен мектептер айырмаланышат:
 
1) ''Римдик мектеп'' (3-к.) – ал неоплатнизмдин спекулятивдик-теориялык системасын түзгөн. Анын негиздөөчүсү болуп Плотин эсептелет.
Плотиндин болмуш тууралуу окуусунун негизинде төмөнкүдөй үч принцип коюлган:
 
1) болмуш иерархиялуу.
 
2) бардык нерселер рухий негизге ээ.
 
3) болмуштун негизи Жекелик, Акыл жана Жан сыяктуу үчилтик принциби боюнча түзүлгөн.
 
Болмуштун бирдиктүү негизинин үч элементи тең өз ара эманация (лат. emanatio – агып түшүү) принциби менен байланышкан. Анын окуучусу [[Амелий|Амелийдин]] көз караштарында Кудай менен айкын нерселердин ортосундагы өтүү тепкичтеринин саны бир кыйла көбөйтүлгөн. [[Плотин|Плотиндин]] башка окуучусу [[Порфирий (философ)|Порфирий]] [[Аристотель|Аристотелдин]] «Категориялар» деп аталган чыгармасына жазган түшүндүрмө болуп эсептелген «Киришүү» деп аталган маанилүү эмгектин автору болгон. Бул эмгек жана автордун башка түшүндүрмөлөрү латын, сирия, араб, армян тилдерине которулуп, аларда жалпы түшүнүктөрдүн табияты тууралуу маселе коюлган. Бул маселе кийин орто кылымдагы [[Христиан|христиан]] философиясындагы универсалийлер тууралуу талаш тартыштын негизине коюлган.
 
2) ''Кичи Азиялык неоплатонизм'' (4-к.) – бул окуу [[Спекулят|спекулятивдик]] теориялардан баш тартпастан туруп практикалык мистиканы негизги максатына айландырган. Ал төмөнкүдөй эки мектептен турган: сириялык мектеп ([[Ямвлих]], [[Феодор Асинский]], [[Сопатр Апамейский]], [[Дексипп]]) жана пергамдык мектеп ([[Эдемий Каппадокийский]], [[Юлиан]], [[Салмостий]]).
 
3) ''Неоплатонизмдин системалаштыруу жана комментатордук этабы'' (5–6-к. к.) – ал [[Афина|афиналык]] жана [[Александрия|александриялык]] мектептерден турган.
 
[[Афина|Афиналык]] мектепте ([[Плутарх]], [[Сириан]], [[Прокл]], [[Дамаскин]], [[Симпликий]]) теориялык кызыкчылыктар үстөмдүк кылган. 529-жылы император Юстиниан Н-ди окутууга тыюу салып, афиналык мектепти жапкан.
 
[[Александрия|Александриялык]] мектеп ([[Гипатия]], [[Асклепиодот]], [[Аммоний]], [[Иоанн Филофон]], [[Олимпиодор]]) [[Платон|Платонго]] караганда [[Аристотель|Аристотелге]] көп кызыгышкан. Бул мектеп логика жана илимдин чөйрөсүндөгү изилдөөлөрдүн негизинде неоплатондук жана [[Христиан|христиандык]] идеяларды жуурулуштурууга аракет кылган.
 
4) ''Латындык неоплатонизм'' (4–6-к. к.) – спекулятивдик теорияга кызыгуусу солгундап, римдик маданий жетишкендиктерди сактап калууга жана кийинки муундарга өткөрүп берүүгө көп көңүл бурган. Грек тилиндеги эмгектерди латын тилине которуу жана аларга латын тилинде түшүндүрмө жазуу аркылуу латын неоплатониктери ([[Халкидий]], [[Мари Викторин]], [[Макробий]], [[Марциан Капелла]], [[Боэций]]) антикалык философиянын орто кылымдарга карай сапар тартышына жол салышкан. Неоплатонизм орто кылымдагы философияга зор таасир берген.
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7
Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-020-8
 
[[Category: Философия]]