Оскар Нимейер: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
(Айырма жок)

30 август 2015, саат 04:52 учурдагы нуска

Нимейер Оскар (15. 12. 1907, Рио-де-Жанейро – 5. 12. 2012, ошол эле жер) – бразилиялык архитектор. Рио-де-Жанейродогу Улуттук сүрөт мектебин бүтүргөн (1934). Биринчи архитектуралык тажрыйбаны Л. Костадан алган. Азыркы Бразилия архитектура мектебинин негиздөөчүсү. Анын долбоору боюнчадүйнөнүн 18 өлкөлөрүндө 400дөн ашык имарат, курулган анын ичинен: БУУнун штаб-квартирасы, Пампульедеги спорт жанакөңүл ачуу жайлар комплекси (1942–43), Боависта банкы (1946), Риоде-Жанейродогу «Түштүк Америка» госпиталы (1953), Каракас Асем өнөр музейи (Венесуэла, 1955–56) жана башка 1957-жылдан өз өлкөсүнүн жаңы борбор шаары – Бразилианы куруу ишин жүзөгө ашырып, көп имараттарды долбоорлогон: «Маншете» басманын имараты (1967), «Насионал» отели (1971), «Саенс Пенья» метро станциясы (1979), президент Кубичектин мемориалы (1980), Карнавал борбору (1983–84), Пантеон (1985), Латын Америка мемориалы (1987). Нимейердин долбоору менен курулуп, Куритибадагы Оскар Нимейер музейи, (2002), Сан-Паулодогу «Ибирапуэра» паркы, (1954, Гояниядагы «Оскар Нимейер» (2006); испаниялык Авилес шаарында Оскар Нимейр атындагы (2011) мадабият борборлору ачылган. «Элдер ортосунда тынчтыкты чыңдаганы үчүн» эл аралык Притцкер сыйлыгынын лауреаты.

Колдонулган адабияттар