Сапармурат Ниязов: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
(Айырма жок)

30 август 2015, саат 04:54 учурдагы нуска

Ниязов Сапармурат Атаевич (19. 2. 1940, Түркмөнстан, Ашхабад Облусттук, Кыпчак кыш. – 21. 12. 2006, Ашхабад) – Түркмөнстандын мамлекеттик ишмери, Түркмөнстан Республикасынын президенти (1990– 2006). Балдар үйүндө тарбияланган. Ленинград политехникалык институтун (1967), КПСС БКнын алдындагы жогорку партиялык мектепти (1976) бүтүргөн. 1967–70-жылы В. И. Ленин атындагы Безмей ГРЭСинде мастер, улук мастер, 1970–76-жылы Түркмөнстан КП БКнын инструктору, бөлүм башчысынын орун басары, 1980–84-жылы партиянын Ашхабад шаардык комитетинин 1-секретары, 1984– 85-жылы КПСС БКнын инструктору, 1985–91-жылыТүркмөн ССР Министрлер Советинин төрагасы, Түркмөнстан КП БКнын 1-секретары, 1990-жылы Түркмөн ССР Жогорку Советинин төрагасы, 1990–2006-жылы Түркмөнстандын президенти. 1993-жылы Түркмөнстан межлисинин чечими менен Ниязов дүйнөдөгү бардык түркмөндөрдүн башчысы деп жарыяланып, кийин Ниязовго «Түркмөн башы» титулу ыйгарылган. «Түркмөнстандын ардактуу аксакалы» (1994). Анын бейнеси улуттук акча – манатка басылган, өлкөдө «Түркмөн башы» альманахы чыгарылат.

Колдонулган адабияттар