Нуклеин кислоталары: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м Bot: Migrating 61 interwiki links, now provided by Wikidata on d:q123619 (translate me)
Бот: автоматизированный импорт статей *** существующий текст перезаписан ***
1-сап:
'''Нуклеин кислоталары''', полинуклеотиддер – табиятта кеңири таралып, нуклеотиддерден турган биологиялык активдүү биополимерлер. Аны 1-жолу 1868-жылы щвейцариялык илимпоз Ф. Мишер клетка ядросунан бөлүп алган. Нуклеин кислоталарынын генетикалык информацияны сактоо жана аны келечек муунга өткөрүү, митоз, белоктордун биосинтезин жана башка биохимиялык процесстерди ишке ашырууда биологиялык мааниси чоң, башкача айтканда организмдин түрүн, формасын, курамын жана функциясын аныктайт. Нуклеин кислоталары курамына кирүүчү моносахариддерге карата 2 түргө бөлүнөт. Нуклеин кислоталарынын курамында рибоза болсо, рибонуклеин комитетасы (РНК), ал эми дезоксирибоза болсо, дезоксирибонуклеин комитетасы (ДНК) деп аталат. Нуклеин кислоталарынын молекуласында нуклеотиддер бири-бири менен 3', 5' көмүртек атомдорундагы фосфаттык байланыш аркылуу байланышкан. РНКга углевод – рибоза, азоттуу компонеттер – аденин, гуанин (пурин негиздери), урацил жанацитозин (пиримидин негиздери) кирет. ДНКда углевод дезоксирибоза, азоттуу негиздер – аденин, гуанин, цитазин жанатимин болот. Нуклеин кислоталары белоктор сыяктуу эле биринчилик жана экинчилик структурага ээ. Нуклеотиддердин ырааттуу түз тизмекте жайгашышы биринчилик структураны, ал эми макромолекулалардын мейкиндикте жайгашышы экинчилик структураны берет, ошондой эле к. Дезоксирибонуклеин кислоталары, Рибонуклеин кислоталары.
'''Нуклейин кислоталары'''( [[Латын тили|лат]]. nucleus — ядро) — бардык тирүү жаныбарлардын организминде кеңири тараган, тукум куума информацияны сактоо, аны ишке ашырууга жана укумдан-тукумга өткөрүүгө жооптуу, эң активдүү биополимерлер.
[[Категория:МедицинаХимия]]
== Нуклеин кислоталарынын организмде ==
== Колдонулган адабияттар ==
Нуклеин кислоталарынын организмде ар бир клетканын ядросунда бар экендигин жана составына [[фосфор]] кирерин 1-жолу [[Швейцария|швейцариялык]] илимпоз Ф. Мишер 1886-ж. ачкан. Кийинчерээк Нуклейин кислоталары жалаң эле клетканын ядросунда эмес [[цитоплазма|цитоплазмада]], [[хлоропластта]], [[митохондрия|митохондрияда]] да бар экендиги аныкталган. Анын молекуласы узун полимерлүү, молекулалык массасы абдан чоң чынжырча. Анын чынжыры бири биринин артынан ырааттуулук менен келген нуклеотиддерден түзүлгөн.
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7
== Нуклеин кислоталарынын түзүлүшү ==
Алардын түзүлүшү татаал, бири-бири менен байланышкан [[азот]] негизги, беш көмүртектүү кант жана фосфор кислотасынын калдыгынан турат. Нуклеотиддер нуклеин кислоталарынын молекуласында белгилүү ырааттуулукта орун алган, ошондуктан алар бири биринен айырмаланып турат. Нуклеин кислоталарынын чынжырындагы нуклеотиддердин жайгашышынын ырааттуулугу ошол гана кислотага таандык жана ал клеткада тукум куума информация катталат. Ырааттуу жайгашкан ар үч нуклеотид кандайдыр бир аминокислотаны чечмелейт.
== Химиялык түзүлүшү ==
Нуклеин кислоталарынын химиялык түзүлүшү аныкталып, алардын эки түрү (ДНК жана РНК) белгилүү болгон (к. Дезоксирибонуклеин кислотасы, Рибонуклеин кислотасы). 1953-ж. Ж. Уотсон менен Ф. Крик ДНКнын чынжыры кош кабат спиралдан турганын ачып, Нуклеин кислоталарынын биологиялык маанисин түшүндүргөн. Физиологиялык шартта ДНКнын кош кабат спиралдары 6 формасындагы спиралдарга окшош, ал формада негиздер биринин астына экинчиси төшөлүп орун алган. РНКнын молекуласы ДНКныкына караганда бир гана чынжырдан турат, алар кээ бир бөлүктөрүндө өзүнөн өзү буралып, оролуп кош спиралдуу чынжырчаларга айланат.
== ДНК менен РНК өзгөчөлүктөрү ==
ДНК менен РНК бири биринен химиялык, физикалык-химиялык өзгөчөлүктөрү жана клеткадан орун алгандыгы менен айырмаланат.

'''ДНКда азот негиздеринин 4 түрү бар'''

'''Аденин (А)'''

'''Гуанин (Г)'''

'''Цитозин (Ц)'''

'''Тимин (Т)'''

РНКнын составына тиминдин ордуна урацил кирет. Ошондой эле ДНКнын нуклеотиддеринин составына дезоксирибоза, РНКда рибоза болот.
== Организмде биологиялык мааниси ==
Нуклеин кислоталарынын организмде биологиялык мааниси эң чоң жана алар белоктордун функциясы менен тыгыз байланыштуу.
== Нуклеин кислоталарынын негизги мааниси ==
Нуклеин кислоталарынын негизги мааниси — тукум куума информацияны сактоо, берүү жана белокторду синтездөө (к. Ген, Хромосомалар). [[Гендер]] туруктуу болгондуктан ата-эненин жышаналары укумдан-тукумга өзгөрүлбөй берилет. Айлана-чөйрөнүн таасиринен кээде гендер өзгөрүп кетет (к. Мутация).
== Белокторун синтездөөдө чоң роль ойнойт ==
Нуклеин кислоталарынын клетканын белокторун синтездөөдө чоң роль ойнойт. Белоктордун составындагы аминокислоталардын тар типтүү орун алышы ДНКнын молекуласында сакталат. Жаңы белокторду синтездөөдө кээ бир Нуклеин кислоталары белоктордун молекуласынын түзүлүшү жөнүндөгү информацияны клеткаларга берет.
Нуклеин кислоталары организмге тамак-аш продуктулары аркылуу кирет жана организмде аз болсо, өзүнчө синтезделүүгө жөндөмдүү. Булардын организмде өзүнүн майда бөлүкчөлөрүнө бөлүнүшү негизинен клетканын митохондриясындагы ферменттердин (нуклеазалардын) тийгизген таасири аркылуу жүрөт.
== Нуклеин кислоталарынын алмашуусу бузулганда ==
Нуклеин кислоталарынын алмашуусу бузулганда организм ар кандай ооруга чалдыгат. Мисалы, подаграда Нуклеин кислоталарынын ажыроосу бузулганда сийдик кислотасынын туздары ткандарга (муунга) чогулат. Нуклеин кислоталарынын ажыроосу күчөгөндө аз кандуулук, лейкопения, тукум куума ооруларга алып келет. Анын препараттары кан пайда болуу бузулганда (абдан оор түрүндө) жардам берет, себеби Нуклеин кислоталарынын кемикте кан пайда болууну күчөтөт, фосфор алмашууну жөнгө салат.

== Колдонулган адабияттар ==
Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8

[[Категория:Медицина]]
[[Категория:Ден соолук]]