Усубалиев Турдакун Усубалиевич: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
1-сап:
'''Усубалиев Турдакун Усубалиевич''' (06. 11. 1919 - 07.09.2015) – мамлекеттик, партиялык саясий ишмер. Кыргызстан КП БКнын 1-секретары (1961.09.05 - 1985. 02.11). Кыргыз Республикасынын Баатыры (1999). «Ак Шумкар» өзгөчө белгиси, 3 Ленин, Эмгек Кызыл Туу, Октябрь Революциясы, Достук (РФ), 1-даражадагы «Манас» ордендери менен сыйланган.
 
Турдакун Усубалиев кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышы, алдыңкы өнөр жай өлкөсүнө айланышына, маданий жактан өнүгүшүнө, парламенттик системанын түптөлүшүнө, ошондой эле Кыргызстанды жана анын борбор шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө зор эмгек сиңирген. 1960–70-жылдары өлкөнү индустриалдаштыруу, машина куруу өнөр жайын өнүктүрүү, гидроэлектростанцияларды куруу маселесине өзгөчө көңүл бурулуп. 150дөн ашык ири өнөр-жай имараттары, 511 миңден ашык көп квартиралуу үйлөр, борбор шаарда онкологиялык оорукана ишке киргизилген жана ар бир райондо райондук ооруканалар, маданият үйлөрү, китепканалар ачылган. Космосту изилдөө боюнча институт ачылып, айдын топурагын ала турган атайын аппарат жасалган. Токтогул ж. б. ГЭСтери, лампа, цемент заводдору курулуп, 1970–80-жылдары республикада 7 эт комбинаты иштеген жана жылына 25 миң тонна жогорку сапаттагы эт даярдалган жана койдун башы 12 млн жетип, өндүрүлгөн 40 миң тонна меринос жүнү союздук башка республикаларга жөнөтүлүп турган. Булардан тышкары азыркы Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын имараты, Өкмөт үйү, Борбордук китепкана, цирк, бир нече кичи райондор, «Манас» аэропорту сыяктуу ири курулуштар ишке киргизилген.