Педагогикалык психология: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м Bot: Migrating 32 interwiki links, now provided by Wikidata on d:q59157 (translate me)
Бот: автоматизированный импорт статей *** существующий текст перезаписан ***
 
1-сап:
'''Педагогикалык психология''' – психологиянын адамдын психикасынын өнүгүпгүн окупүйрөнүүчү жана пеихол. негиздерин изилдөөчү тармагы. Педагогикалык психология жалпы жана балдар психологиясы, ошондой эле педагогика менен тыгыз байланышта. Педагогикалык психология балдардын (өспүрүмдөрдүн) психикасындагы болгон өзгөрүүлөрдү изилдейт. Психология илиминин өзүнчө тармагы катары Педагогикалык психология 19–20-кылымдарда калыптанган. К. Д. Ушинский: «Эгер педагогика адамды бардык жагынан тарбиялагысы келсе, анда ал аны бардык жагынан билүүгө тийиш»,- деген. Педагогикалык психология тарбия психологиясын жана окутуу психологиясын камтыйт. Педагогикалык психология боюнча изилдөөлөр окутуунун жеке ыкмасын иштеп чыгууда, окуу программасын жана окуу китебин түзүүдө маанилүү роль ойнойт.
'''Педагогикалык психология''' – окутуу жана тарбиялоонун психологиялык закон ченемдүүлүктөрүн окуп үйрөтүүчү психология илиминин бир тармагы. Педагогикалык психология илим катары XIX кылымдын экинчи жарымынан баштап калыптана баштаган.
[[Категория: Педагогика]]
 
Педагогикалык психологияга негиз салуучулардын бири орус окумуштуу [[ Ушинский, К. Д.|К. Д. Ушинский]]. Педагогикалык психологиянын өз алдынча илим катары калыптанышына [[ Каптерев, П. Ф.|П. Ф. Каптерев]]дин, [[Нечаев, А. П. |А. П. Нечаев]]дин жана [[Лазурский, А. Ф.|А. Ф. Лазурский]]дин эмгектери чоң роль ойногон.
 
Педагогикалык психология индивиддин социалдык тажрыйбаны өздөштүрүү процессине көбүрөөк көңүл буруп, педагогикалык теорияларды жана практиканы негиздөөчү психологиялык фактыларды, мыйзам ченемдүү маалыматтарды иштеп чыгат. Педагогикалык психология өзүнүн алдына койгон милдеттерди курактык жана социалдык психология менен биримдикте чечет. Бул биримдик педагогика менен жеке методиканын психологиялык негизи болуп саналат. Педагогикалык психология билим, билгичтик, ыкты өздөштүрүүнүн психологиялык ыкмаларын, жолдорун жана өздөштүрүүнүн сапатын, деңгээлин аныктоого мүмкүндүк берүүчү методдорду иштеп чыгат.
 
Педагогикалык психологияда бир нече теориялар иштелип чыккан: ассоциативдик-рефлектордук теория, акыл иш аракеттеринин этаптуу калыптанышы теориясы. [[Педагогика]]лык [[Психология|психология]]нын жаш бөлүгү – тарбиялоо психологиясы. Ал окутуу-тарбиялоо иштеринин жүрүшүндө окуучулардын ишенимин, көз карашын калыптандыруунун жана адептүүлүк нормаларын, принциптерин өздөштүрүүнүн психологиялык мыйзамдарын үйрөтөт.
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9
 
Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,
[[Категория: Педагогика]]
[[Категория:Билим берүү]]