Меандр: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Automated import of articles
 
Бот: автоматизированный импорт статей *** существующий текст перезаписан ***
1-сап:
'''Меандр''' (Турциядагы Чоң Мендерес дарыясынын байыркы грекче аталышы) – дарыя нугунун ийри-буйру чукул имерилиштери. Меандр суунун негизги агымынын багытына дал келбеген агымдын таасиринен, башкача айтканда суу нугунун бөгөлүп калышынан же суунун улам бир жээкке урунуп, аларды оңой жемиришинен пайда болот. Мында суунун үстүнкү агымы жемирилип, ийилген жээкке, астынкысы дөмпөк жээгине багытталат. Нуктун имерилиштери акырындык менен өзүнүн абалын өзгөртүп турат.
'''Меандр''' (французча  meandre; грек. maiandros – Кичи Азиядагы бир ийри-буйру суунун аты) – илгертеден бери эле кеңири белгилүү ичке тилке түрүндөгү үзгүлтүксүз линиянын тик бурчта сынышынан (эки жүрүштөгү спираль принциби боюнча) түзүлгөн геометриялык орнаменттин бир түрү. Кээде негизги элементи борборлошкон тармалчалар түрүндөгү, толкундуу деп аталган мотивде курулган, догоо сымал линиялар орнаменти М. деп аталат. М. антик көркөм искусствосунда (мисалы, грек. карапа жазуусунда) жана архитектурада иштелип чыккан (жана көп кездешет).
[[Категория:География]]
 
==Колдонулган адабияттар==
* [[Кыргыз“Кыргызстан” сүрөтулуттук искусствосуэнциклопедиясы]]: Энциклопедиялык5-том. окууБашкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: куралы]]/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл.:, 2004ISBN 978 9967-14-111 -7
[[Категория:Кыргыз сүрөт исскуствосу]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Меандр" булагынан алынды