Мелүүн алкактар: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
(Айырма жок)

15 сентябрь 2015, саат 04:51 учурдагы нуска

Мелүүн алкактар – Жердин географиялык алкактары; Түндүк кеңдиктин 40–65°, түштүк кеңдиктин 42– 58°тарынын аралыктарында жайгашкан. Түндүк жарым шарда субтропик жана субарктика, Түштүк 4жарым шарда субтропик жана субантарктика алкактарынын аралыктарында, жер бетинин 1/ ге жакын аянтын ээлейт. Термиялык режимдин сезондуулугу даана байкалып, кышы узагыраак созулгандыктан, табигый процесстердин мезгилдүүлүгүнө шарт түзүлөт. Аймагынын кенендиги жана жылуулук менен нымдуулуктун сезон боюнча өзгөрүүсү анын ландшафтынын өтө ар түрдүүлүгүн пайда кылат. Бул өзгөчөлүк айрыкча Түндүк жарым шардын кургактыгына мүнөздүү. Мелүүн алкактар. төмөнкү зоналарды камтыйт: океан шалбаасы, токой, токойлуу талаа, талаа, жарым чөл жана чөл зоналары. Тоолоруна бийиктик алкактуулук мүнөздүү. Зор аймакты (негизинен Сибирди) көп жылдык тоң ээлейт; андагы күлдүү топуракта ийне жалбырактуу токой өсөт. Океандарга жылдык температурасынын, туздуулугунун өтө өзгөрүлмөлүүлүгү, органикалык тиричиликке бай экендиги мүнөздүү. Кыргызстандын Түндүк бөлүгү Түндүк жарым шардын чөл зонасында жайгашкан. Бирок анын аймагы тоолуу болгондуктан, ага ландшафттын бийиктик алкактуулугу мүнөздүү.

Колдонулган адабияттар