Меркурий: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м Bot: Migrating 172 interwiki links, now provided by Wikidata on d:q308 (translate me)
Бот: автоматизированный импорт статей *** существующий текст перезаписан ***
1-сап:
'''Меркурий''' (астрономиялык белгиси ) – Күн системасындагы Күнгө эң жакын планета. Диаметри 4878 км, массасы 3,3.1023 кгга барабар. Күндөн аралыгы 46 млн кмден, 70 млн кмге, ал эми Жерден 82 млн кмден 217 млн кмге чейин өзгөрүп турат, орбита тегиздигинин эклиптикага жантайышы 7°. Күнгө жакын болгондуктан, жарык бетиндеги температура өтө жогору. Экватордо чак түштө 415°Сден (перигелийде) 285°Сге (афелий) чейин өзгөрүп турат. Атмосферанын жоктугуна байланыштуу түнкүсүн –175°Сге чейин төмөндөйт. Меркурийдин орточо тыгыздыгы Айдыкынан чоң, Жердики менен бирдей, башкача айтканда 5,45 г/см3га, Күндү айлануу мезгили 88 суткага, тартуу күчүнүн ылдамдануусу Жердикинен 2,6 эсе кичине, башкача айтканда 372 см/секга барабар. Меркурийдин өз огунун айланасында түз багыт боюнча айланары 1965-жылы радиолокациялык байкоо аркылуу белгилүү болгон. Айлануу мезгили 58,65 суткага барабар. Көптөгөн кратерлер, жалдар, кырка тоолор жана өрөөндөр бар экендиги белгилүү. Көпчүлүк кратерлер метеориттердин келип түшүшүнөн пайда болгон. Эң чоң Калорис кратеринин диаметри 1300 кмче. Ай менен меркурийдин беттик катмарларынын жарыкты чагылтуу жөндөмдүүлүгү жана жылуулук өткөргүчтүгү да бирдей. Атмосферасы жокко эсе, бирок анда көмүр кычкыл газынын бар экени спектр жолу менен аныкталган. Өтө сейректелген атмосферасынын курамында аргон, неон, гелий бар. Күндөн 28°тан көп алыстабагандыктан, аны жерден байкоо кыйын. Ал кечинде жана таң алдында көрүнөт. Меркурий начар магнит талаасына ээ. Бул талаанын чыңалышы Жердикинен аз, Марстыкынан көп.
{| class="toccolours" style="float:right; margin:0 0 0.5em 1em; width:20em; clear:right;"

|colspan=2 style="text-align:center; color:blak" | '''Меркурий'''
[[Файл:Mercury-real color.jpg|thumb|center|240px]]

|align="center" bgcolor="sky blue" colspan=2 style="font-size: small" |'''Жалпы маалымат'''

|colspan=2 style="text-align:center;" |

|'''Экваториалдык радиусу''' || 2439,7 км

|'''Бетинин аянты (S)''' || 7,48×107 км²; 0,147 жер бетинен

|'''Көлөмү (V)''' || 6,08272×1010 км³
0,056 жер көлөмүнөн

|'''Массасы (m)''' || 3,33022×1023 кг
0,055274 жер массасынан

|'''Орточо тыгыздыгы (ρ)''' || 5,427 г/см³
0,984 жер тыгыздыгынан

|'''Өз огун айлануу убактысы''' || 58,646 күн (1407,5 саат)

|'''Күндү айлануу убактысы''' || 87,969 күн

== Меркурий жөнүндө ==
'''Меркурий''' планетасы - [[Күн системасы|Күн системасындагы]] планета. [[Күн|Күнгө]] эң жакын жайгашкан планета.

Меркурий - [[Күн]]гө жакын турган биринчи планета, ал Айдан бир аз гана чоң, анын орточо тыгыздыгы дээрлик Жердикиндей. Радиолокациялык байкоо жүргүзүүнүн негизинде анын өтө жай кыймылда боло тургандыгы аныкталган. Анын өз огунун айланасында айланышы 58,65 жер суткасын түзүп, Күн айланасында айланышы Т = 88 суткага барабар. Меркурий планетасынын экваторуна күн нуру түшкөн бетинин темп-расы +400°С ден жогору болуп, түнкүсүн ошол эле жердин температурасы –180°С ге чейин төмөндөйт. Анын Күн нуру тийген жеринде коргошун, калай, а тургай цинк металлы да эрип кетет. Ал планетанын бетинде көптөгөн чуңкурчалар (кратерлер) болгондуктан, сүрөтү боюнча Айдын бетинен айырмалоо өтө кыйын. Анын жандоочусу жок.
[[Файл:EN0108821596M Sholem Aleichem crater on Mercury.png|200px|thumb|left|Меркурийдин бети Айдын бетине окшош.АМС «Мессенджерден» тартылган]]

Диаметри 4878 км, массасы 3,3х1023 кгга барабар. Күндөн өтө чоң аралыгы 70 млн. км, өтө кичине аралыгы 46 млн. км, орбита тегиздигинин эклиптикага жантайышы 7°, көзгө көрүнгөн альбедосу 0,09. Жерден өтө алысташы 217 млн. км, өтө жакындашы 82 млн. км. Орточо темп-расы 700 Кге, афелийде 550 Кге барабар. Фаза бурчу 0дөн 180°ка өзгөрөт. 1965-ж. радиолокациялык байкоо аркылуу Меркурийдин өз огунун айланасында түз багыт боюнча айланары белгилүү болгон. Айлануу мезгили 58,65 сутга барабар. Меркурийдин өз огунда айлануусунун бурчтук ылдамдыгы орбиталык ылдамдыктын 3/2үн түзөт. Планета [[перигелий]]де болгон анын орбитадагы кыймылынын бурчтук ылдамдыгына дал келет.

'''Меркурийдин орточо тыгыздыгы''' – Айдын орточо тыгыздыгына караганда чоң, Жердики менен бирдей, башкача айтканда 5,45 г/см3га барабар тыгыздык.
'''Меркурийдин тартуу күчүнүн ылдамдануусу''' Жердикинен 2,6 эсе кичине, башкача айтканда 372 см/секга барабар.

== Меркурийдин атмосферасы ==
Меркурийдин атмосферасы – жокко эсе, бирок анда көмүркычкыл газынын бар экени спектр жолу менен аныкталган. Өтө сөйректелген атм-расынын курамында аргон, неон, гелий бар. Меркурийдин бетиндеги атмосфера басымы 1012атмга барабар.
== Меркурийдин бети ==
Меркурийдин бети – сырткы көрүнүшү бонча Айдын бетине окшош. Космос станциялары тарткан сүрөттөрдөн бетинде көптөгөн кратерлер, жалдар, кырка тоолор жана өрөөндөр бар экендиги белгилүү болду. Көпчүлук кратерлеринде жарык болуп көрүнгөн борбордук тоолор бар. Бул кратерлер метеориттердин келип түшүшүнөн пайда болгон. Эң чоң Калорис кратеринин диаметри 1300 кмче. Ай менен Меркурийдин беттик катмарларынын жарыкты чагылтуу жөндөмдүүлүгү жана жылуулук өткөргүчтүгү да бирдей. Алардын бири биринен айырмасы – Меркурийде Ай деңиздерине окшогон ойдуңдар аз.
== Меркурийдин жылдыз чоңдугу ==
Меркурий Күндөн 28°тан көп алыстабагандыктан аны Жерден байкоо кыйын. Ал кечинде жана таң алдында көрүнөт. Бул учурда планетанын фазасы 90°ка жакын болот жана байкоочуга дискасынын жарымы гана көрүнөт. Меркурийдин жаркыроосу – 0,3төн +0,6 жылдыз чоңдугуна өзгөрөт.
== Меркурийдин кетенчиктөө кыймылы ==
Меркурийдин кетенчиктөө кыймылы – Меркурийдин Күндүн айланасында карама-каршы багыт бонча Чыгыштан Батыш батытында көрүнгөн которулуусу. Меркурий Күндөн 18 – 28° чыгышта же батышта жайгашат. Планетанын Күндөн чыгышты карай чоң бурч менен алыстоосу чыгыш чоң элонгациясы, ал эми батышты карай алыстоосу батыш чоң элонгациясы деп аталат. Чыгыш элонгация мезгилинде Меркурий батыштан Күн баткандан кийин көрүнүп, Күндөн кийин тез эле батып кетет да адегенде акырын, кийин тез кетенчиктөө кыймылы менен Күнгө жакындап анын нурунан көрүнбөй калат. Бул мезгилде планетанын Күн менен төмөнкү биригүүсү байкалып, Күн менен Жердин ортосунан өтөт.

== Меркурийдин күндү айлануу мезгили ==
Меркурий Күндүн айланасында чоң эксцентриситет менен (е » 0,206) эллипстик орбита бонча 0,387 а.б. аралыкта айланат. Күнгө чейинки аралыгы перигелийде 46 млн. км, афелийде 70 млн. кмге жетет. Күндүн айланасында айлануу мезгили 88 сутга барабар.
== Меркурийдин магнит талаасы жана магнит сферасы ==
Меркурий татаал түзүлүштөгү начар магнит талаага ээ. Бул талаанын чыңалышы Жердикинен аз, Марстыкынан көп. Планета аралык магнит талаалар Меркурийдин ядросу менен өз ара аракеттенишип, анда электр тогун пайда кылышы мүмкүн. Бул токтор, о. эле ионосферада заряддардын которулушу магнит талаасын пайда кылат. Булар Күн шамалы менен өз ара аракеттенип магнит сферасын түзөт.

== Колдонулган адабияттар ==
Астрономия. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек.

''Башкы редактор: Ү. Асанов. Жооптуу редактор: Э. Мамбетакунов''

[[Категория:Астрономия]]
== Колдонулган адабияттар ==
[[Категория:Табият илимдери]]
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Меркурий" булагынан алынды