Микронезия Федеративдик Штаттары: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
Бот: автоматизированный импорт статей
1-сап:
'''Микронезия''', Микронезия Федерация Штаттары – Океаниядагы майда аралдар тобунда (607 аралда) жайгашкан мамлекет. Аянты 702 км<sup>2</sup>. Калкы 107,4 миң (2009); Административдик-аймактык жактан 4 штатка бөлүнөт. Калкы полинезиялыктар менен микронезиялыктардын 9 этностук тобунан турат. Орточо жыштыгы 1 км<sup>2</sup> жерге 154 киши. Борбору – Паликир шаары (калкы 11 миң; Понпеи аралында). Расмий тили – англис тили. Акча бирдиги – АКШ доллары.
'''Микронезия''' (микро... жана грекче nesos – арал) – Океаниядагы майда аралдар тобу. Тынч океандын батыш бөлүгүндө, экватордон түндүктө жайгашкан. Микронезияга Мариана аралдары, Каролина аралдары, Маршалл аралдары, Гилберт аралдары, Ошен, Науру, Гуам (эң ири аралы, Нукуоро атоллу. АКШнын ээлиги) ж. б. аралдар (бардыгы 1500гө жакын) кирет. Аянты 2,6 миң км<sup>2</sup>. Калкы 250 миңден ашуун. Аралдары негизинен коралл (шуру) атоллдору, калгандары жанартоодон пайда болгон. Мариана аралында аракеттеги жанар тоолор бар. Климаты экватордук, субэкватордук; айлык орточо температурасы 26–28°С; жаан-чачын жыл бою туруктуу жаайт; 2000–6000 мм. Каролина аралы ченде тропиктик циклондор пайда болуп, катуу шамал коштойт. Дайыма жашыл тропик токою, бадал өсөт. Кокос пальмасынын плантациялары бар. Тропик дыйканчылыгы өнүккөн. Балык кармалат. Науру, Ошен аралынан фосфат казылып алынат.
==Мамлекеттик түзүлүшү==
[[Категория: География]]
Микронезия – республика. Башкаруу формасы – президенттик республика Мамлекет жана өкмөт башчысы – президент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – федералдык бир палаталуу парламент (Улуттук конгресс). Микронезияда саясий партия жок.
Эң бийик жери Нана-Лауд чокусу (Помпен аралында; бийиктиги 798 м), эң төмөн жери 0 м (Тынч океандын жээги). Жээк сызыгынын узундугу 6112 км. Климаты экватордук жана субэкватордук. Жылдык жаан-чачыны 2250 ммден 3000–4500 ммге (Кусанс аралындагы тоолордо 6000 мм) чейин. Тайфундардын пайда болуу облусу. Жылына орто эсеп менен 25тейи өтөт. Дайыма жашыл тропик токою, бадал өсөт. Кокос пальмасынын плантациялары бар. Микронезиялыктардын тукумдары Каролина аралына мындан 4 миң жыл мурда отурукташкан. Архипелагда байыркы цивилизациянын болгондугун айгинелеген таштан курулган ири курулуштардын калдыктары (бардык аралда) кездешет. Каролина а. европалык деңиз сүзүүчүлөр тарабынан 16–17-кылымдарда ачылган. 1526-жылы ди Менезиги Яп аралын ачса, 1528-жылы Альваро Сааведра алгачкылардан болуп Трук аралын көргөн. 1685-жылы капитан Франсиско Лазеано кайрадан Яп аралын көрүп, Каролина (Испаниянын королу Карл II ысмынан) атаган. Кийинчерээк бардык архипелаг ушундайча аталып, Испаниянын ээлиги деп жарыяланган. 18-кылымдын аягынан архипелагга Россиянын, Франциянын жана Британиянын, 19-кылымдан Америка менен Германиянын соода жана илимий кемелери келе баштаган. 1898-жылы Испания Каролина менен Мариана аралын Германияга өткөрүп берген. 1914-жылы күзүндө Япония басып алган. Бирок Япония Улуттук Лиганын мандатын – Микронезияны расмий түрдө башкаруу укугун 1921-жылы алган. 1945-жылы АКШнын көзөмөлүнө өткөн. 1947-жылдан АКШнын башкаруусундагы БУУнун Тынч океандагы траст (ишеним) аймагынын бир бөлүгү болгон. 1978-жылы «АКШ аймагынан эркин ассоциацияланган» статусуна ээ болгон. 1991-жылдын 17-сентябрынан көз каранды эместикке ээ. Улуттук дүң кирешеси 277 млн долларды (АКШ) түзөт. Андагы айыл чарбанын үлүшү 50%, өнөр жайыныкы 4%, тейлөө чөйрөсүнүкү 46%.
[[Категория: Мамлекеттер арип боюнча]]
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7