Тараза (топ жылдыз): нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
Бот: автоматизированный импорт статей
1-сап:
'''Тараза''' (латынча Libra) – зодиак топ жылдыздарынын бири. Ал Чаян жана Бийкеч топ жылдыздарынын арасында жайгашкан. Таразада кубаттуу галактикадан тышкары PKS 1514–24(N-гaлактика) радио булактары жайгашкан. КМШ өлкөлөрүнүн ортоңку аймагынан топ жылдыз кыштын акырында, жаз жана жай мезгилинин башталышында жакшы көрүнөт. Тараза топ жылдызы күз айларында (31-октябрдан – 22-ноябрга чейин) байкалат.
'''Тараза''' – нерсенин массасын (салмагын) оордук күчү боюнча аныктоочу шайман. Карама каршы күчтү, мисалы, тараза ташы же элементке серпилгич касиети Гук закону менен аныкталуучу механикалык таасир эткич пайда кылат. Тараза оордукту өлчөгүч катары биздин заманга чейинки илгери 2,5 миң жыл Вавилондо, б. заводан 2 миң жыл мурда Египетте белгилүү болгон. Эң жөнөкөй тараза жыгачтан жасалган, кийин тетиктери металл менен алмаштырылып, салмакты көрсөтүүчү, кыймылдуу жебе (стрелка) бекитилген. Салмакты так тартуу боюнча биздин замандан 4-кылым мурда Аристотелъ бирдей эмес ийиндүү тараза теориясын, араб окумуштуусу аль-Хазини 12-кылымда каталыгы 0,1%тен ашпаган так таразаны, Л. Эйлер (1747) тараза жөнүндөгү жалпы теорияны сунуш кылса, массаны аныктоодо так маанисин алууга франциялык окумуштуу А. Л. Лавуазье, орус илимпоздору М. В. Ломоносов, Д. И. Менделеев салым кошкон. Таразалардын көптөгөн конструкциялары жана системалары бар, мисалы, кинематикалык система, эсептөө түзүлүшү, жүк коюу ыкмасы, салмакты тартуу натыйжасын каттоо ж. б. боюнча айырмаланат. Арналышына жараша тараза лаборатория, тиричилик үчүн жана техникалык болуп бөлүнөт. Тартылуучу жүктүн мүнөзү боюнча: статикалык тараза (товардык, багаждык, почта, кран, вагон үчүн жана медициналык ж. б.), жылып жүрмө тараза (мисалы, транспорт каражаттарын кампага чейин жана көчүрүүдө, конвейердеги жүктөрдү өлчөөчү) болуп айырмаланат. Иштөө принциби боюнча механикалык жана электр-механикалык, пайдалануу жерине орнотуу ыкмасы боюнча – туруктуу (стационардык), жылып жүрмө, илинме жана столго жана полго коюлуучу ж. б. түрлөрү бар. Механикалык таразада жүк тартуу үчүн ошол жүктүн оордук күчүн массасы белгилүү тараза ташы менен тең салмактоо (тараза таштуу, рычагдуу, квадранттуу, циферблаттуу) же пружинанын чоюлушу, ошондой эле толгонгон кварц же металл жибине жүктүн оордук күч моментин тең салмактоо менен, башкача айтканда пружинанын толгонуу бурчу боюнча аныкталат. Тараза таштуу жана рычагдуу тараза 21-кылымга чейин кеңири колдонулган. Электр-механикалык (электрондук) тараза 1990-жылдардын аягынан таралган. Бул таразанын иштөө принциби жүк күчү таасир эткенде серпилгич элементтердин (өзөк, пластина, шакекче) электр каршылыгын өзгөртүүдөгү аналогду же дискреттүү электр сигналынын жүк массасына пропорциялуу деформациясына негизделген. Анын рычагдуу системасы, өлчөө натыйжасын эсептеп көрсөтүүчү электрондук түзүлүшү бар. Сан маанисиндеги сигнал дисплейден көрсөтүлөт. Электрондук тараза атайын процессор, прогаммалоочу жана жазып туруучу түзүлүштөр менен жабдылып, аны башкаруу жана маалымат киргизүү бетинде жайгашкан баскыч топтун жардамы менен аткарылат. Саламаттык сактоо, чөйрөнү коргоо, эмгек коопсуздугун камсыз кылууда, соодада ж. б. колдонулуучу таразалар милдеттүү мамлекеттик контролдо жана көзөмөлдө болот.
[[Категория: Айыл чарбаАстрономия]]
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9