Кытай: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей *** существующий текст перезаписан ***
No edit summary
1-сап:
'''Кытай''' (кытайча — Чжунго; кызыл-суулук кыргыздар Жуңго дешет, сөзмө-сөз — Ортонку мамлекет), Кытай Эл Республикасы (КЭР; кытайча Чжунхуажунгхуа жэньминьженмин гунхэгогунгхегуо) — Борбордук жана Чыгыш Азиядагы мамлекет. Чыгышынан жана түштүк-чыгышынан Тынч океандын Сары, Чыгыш Кытай жана түштүк Кытай деңиздери (жээк сызыгынын узундугу 18 миң кмден ашуун) менен чулганат; жээктей көптөгөн аралдар жайгашкан; алардын ирилери: Тайвань, Хайнань. Кургактык менен өткөн чек арасынын узундугу 22,8 миң км. түндүк-чыгышынан КЭДР жана Россия, түндүгүнөн Моңголия, түндүк-батышынан Россия, Казакстан жана Кыргызстан, батышынан Тажикстан, Афганстан, ошондой эле Пакистан, түштүк-батышынан жана түштүгүнөн Индия, Непал жана Бутан, түштүк-чыгышынан Мьянма, Лаос, Вьетнам менен чектешет. Аянты 9,6 млн км<sup>2</sup> (дүйнөдө Россия жана Канададан кийинки 3-орунда). Калкы 1,3 млрддан ашык (2014, дүйнөдө 1-орунда). Борбору — Пекин. Расмий тили — кытай тили. Администрациялык-аймактык жактан 23 провинцияга, 5 автономия районго, 4 борборго баш ийген шаарга (чет жакасындагы ири шаарлар менен кошо, аны курчаган зор аянтты камтыйт), 2 өзгөчө администрациялык районго бөлүнөт.
Кытай — БУУнун (1945), ЭВФтин (1945), Эл аралык реконструкция жана өнүгүү банкынын (1945), Азия-Тынч океан экономикалык шериктештигинин (1991), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (2001), Шанхай кызматташтык уюмунун (2001) мүчөсү
Администрациялык-аймактык бирдиктери (2007:
 
==Мамлекеттик түзүлүшү==
Кытай — унитардык мамлекет. Конституциясы 1982-жылы 4-декабрда кабыл алынган. Башкаруу формасы советтик типтеги республикалык Мамлекеттик бийликтин жогорку органы Эл өкүлдөрүнүн бүткүл кытайлык чогулушу (ЭӨБКЧ), 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Чогулуштун сессиялары жылына бир жолу чакырылат, сессиялардын аралыгында мыйзам чыгаруу укугуна ээ болгон туруктуу комитет (155 депутат) иштейт. ЭӨБКЧ мыйзам чыгаруучу жогорку орган, мамлекеттик бюджет жана экономикалык өнүгүү пландарын ишке ашырат. ЭӨБКЧ мамлекет башчысын КЭРдин төрагасын (ыйгарым укугу 5 жыл, дагы бир мөөнөткө кайра шайланууга укуктуу) жана анын орун басарларын ж. б. дайындап, КЭРдин аткаруучу жогорку органы Мамлекеттик кеңештин (өкмөт) курамын бекитет. Мамлекеттик кеңеш ЭӨБКЧнын аткаруучу жана мамлекеттик жогорку администрациялык органы, ага бардык мамлекеттик башкаруу органдары баш иет. КЭРдин Мамлекеттик кеңеши мыйзам чегинде нормативдүү актыларды кабыл алуу укугуна ээ. КЭРдин бийлик органдарына Кытай Коммунисттик партиясы (ККП) жетекчилик кылат. ККП өкүлдүк органдары аркылуу мыйзам чыгаруу ж. б. чөйрөлөрдө өзүнүн саясатын жүргүзөт. КЭРде көп партиялуу система орун алган. ККПден тышкары 8 саясий партия (жалпы саны 600 миңдей) бар.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Кытай" булагынан алынды