Кытай: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
1-сап:
'''Кытай''' (кытайча — ЧжунгоДжунго; кызыл-суулук кыргыздар Жуңго дешет, сөзмө-сөз — Ортонку мамлекет), Кытай Эл Республикасы (КЭР; кытайча жунгхуа женмин гунгхегуо) — Борбордук жана Чыгыш Азиядагы мамлекет. Чыгышынан жана түштүк-чыгышынан Тынч океандын Сары, Чыгыш Кытай жана түштүк Кытай деңиздери (жээк сызыгынын узундугу 18 миң кмден ашуун) менен чулганат; жээктей көптөгөн аралдар жайгашкан; алардын ирилери: Тайвань, Хайнань. Кургактык менен өткөн чек арасынын узундугу 22,8 миң км. түндүк-чыгышынан КЭДР жана Россия, түндүгүнөн Моңголия, түндүк-батышынан Россия, Казакстан жана Кыргызстан, батышынан Тажикстан, Афганстан, ошондой эле Пакистан, түштүк-батышынан жана түштүгүнөн Индия, Непал жана Бутан, түштүк-чыгышынан Мьянма, Лаос, Вьетнам менен чектешет. Аянты 9,6 млн км<sup>2</sup> (дүйнөдө Россия жана Канададан кийинки 3-орунда). Калкы 1,3 млрддан ашык (2014, дүйнөдө 1-орунда). Борбору — Пекин. Расмий тили — кытай тили. Администрациялык-аймактык жактан 23 провинцияга, 5 автономия районго, 4 борборго баш ийген шаарга (чет жакасындагы ири шаарлар менен кошо, аны курчаган зор аянтты камтыйт), 2 өзгөчө администрациялык районго бөлүнөт.
Кытай — БУУнун (1945), ЭВФтин (1945), Эл аралык реконструкция жана өнүгүү банкынын (1945), Азия-Тынч океан экономикалык шериктештигинин (1991), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (2001), Шанхай кызматташтык уюмунун (2001) мүчөсү
Администрациялык-аймактык бирдиктери (2007:
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Кытай" булагынан алынды