Кытай: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
6-сап:
Кытай — унитардык мамлекет. Конституциясы 1982-жылы 4-декабрда кабыл алынган. Башкаруу формасы советтик типтеги республикалык Мамлекеттик бийликтин жогорку органы Эл өкүлдөрүнүн бүткүл кытайлык чогулушу (ЭӨБКЧ), 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Чогулуштун сессиялары жылына бир жолу чакырылат, сессиялардын аралыгында мыйзам чыгаруу укугуна ээ болгон туруктуу комитет (155 депутат) иштейт. ЭӨБКЧ мыйзам чыгаруучу жогорку орган, мамлекеттик бюджет жана экономикалык өнүгүү пландарын ишке ашырат. ЭӨБКЧ мамлекет башчысын КЭРдин төрагасын (ыйгарым укугу 5 жыл, дагы бир мөөнөткө кайра шайланууга укуктуу) жана анын орун басарларын ж. б. дайындап, КЭРдин аткаруучу жогорку органы Мамлекеттик кеңештин (өкмөт) курамын бекитет. Мамлекеттик кеңеш ЭӨБКЧнын аткаруучу жана мамлекеттик жогорку администрациялык органы, ага бардык мамлекеттик башкаруу органдары баш иет. КЭРдин Мамлекеттик кеңеши мыйзам чегинде нормативдүү актыларды кабыл алуу укугуна ээ. КЭРдин бийлик органдарына Кытай Коммунисттик партиясы (ККП) жетекчилик кылат. ККП өкүлдүк органдары аркылуу мыйзам чыгаруу ж. б. чөйрөлөрдө өзүнүн саясатын жүргүзөт. КЭРде көп партиялуу система орун алган. ККПден тышкары 8 саясий партия (жалпы саны 600 миңдей) бар.
==Табияты==
Жээги булуң-буйткалуу; чыгыш жээгинде Ляодун, ШаньдунШандунг, түштүгүндө Лэйчжоубаньдао сыяктуу жарым аралдар бар. Түштүгүнө жана түштүк-чыгышына түздүктүү жана дельталуу жээктер мүнөздүү. Бийиктик амплитудасы -155 мден (Турпан ойдуңу) 8848 мге чейин (Непал менен чек арасындагы Жомолунгма чокусу Жер шарынын эң бийик жери). Кытайда субмеридиан багытында жаткан бир нече ири аймак өзгөчөлөнүп турат: Түндүк-Чыгыш тоолуу өлкөсү; Чыгыш Кытай тоолуу өлкөсү; Циньлин—Юньнань тоолуу өлкөсү; Түндүк Кытай платолору жана тоолору; Түндүк-Батыш тоолуу өлкөсү жана Тибет тайпак тоосу. Түндүк-Чыгыш тоолуу өлкөсү Чоң жана Кичи Хинган кырка тоолорун, Ляоси тайпак тоосун, Манжур-Корей тоолорун камтыйт. Кытайдын түндүк-чыгыш четинде Ортонку Амур ойдуңу, анын түштүк-батышында тоо аралык ири түздүк Сунляо жайгашкан. Чыгыш Кытай аккумуляциялык түздүктөр облусу Улуу Кытай түздүгүн жана анын түштүгүндөгү Янцзынын ортонку жана төмөнкү агымдарын ээлеген ойдуңдарды (бийиктиги 200 мге чейин) камтыйт. Түштүк-Чыгыш тоолуу өлкөсүнө Кытайдын түштүк-чыгыш бөлүгүндө Янцзы дарыясынын төмөнкү агымынан Бакбо (Тонкин) булуңуна чейин жээктей созулуп жаткан Наньлин, Уишань ж. б. тоолор кирет. Мында жапыз жана орто бийик тоо массивдери тоо аралык ойдуңдар менен кезектешип жатат; эрозиялык тилмеленүү, батыш бөлүгүнө рельефтин карсттык формалары мүнөздүү; кырка тоолору бири-биринен тектирленген жазы өрөөндөр менен бөлүнгөн. Өлкөнүн түштүк четинде Сицзян, Бейцзян жана Дунцзян дарыясынын дельталары пайда кылган түздүктөр жайгашкан. Циньлин-Юньнань тоолуу өлкөсү Тибет тайпак тоосунун чыгыш чети менен Кытайдын түштүк чек арасына чейин жазы тилке болуп созулуп жатат. Ага Циньлин, Юньнань-Гуйчжоу тайпак тоосу, Сычуань ойдуңу кирет. түндүк Кытайдын платолору жана тоолору (бийиктиги 500—2000 м) Шаньси тайпак тоосун жана анын чыгыш уландысы Тайханшань кырка тоосун, Лёсстуу платону, Ордос платосун, Иньшань тоолорун камтыйт. Ордос, Лёсстуу платолорунан батышта, Куньлунь, Наньшань тоолорунан түндүктө Түндүк-Батыш тоолуу өлкөсү жайгашып, рельефинде бийиктиги 3000—5000 м болгон кырка тоолор (Моңгол Алтайы, Чыгыш Теңир-Тоо тармактары) тоо аралык ири ойдуңдар (орточо бийиктиги 900—1300 м; Жонгор түздүгү, Тарим ойдуңу, Турпан ойдуңу) менен кезектешип жатат. Кытайдын түштүк-батышында зор Тибет тайпак тоосу жайгашкан; анын чет-жакаларында бийик (600 мден жогору) жана узун тоо тармактары (Гималай, Кара-Корум, Куньлунь, Наньшань, Сина-Тибет тоолору) созулуп жатат.
Кытайдын аймагы тектоникалык жактан кембрийге чейинки платформа блокторунан (Кытай-Корей, түштүк Кытай, Тарим платформалары) жана аларды бөлүп турган бүктөлүү структураларынан турат. Бүктөлүү структуралары Урал Охота, Альп Гималай жана Батыш Тынч океан кыймылдуу зоналарына кирет. Магнитудасы 8,6га чейинки жер титирөөлөр болуп турат; акыркы (магнитудасы 7,9га жеткен) катуу жер титирөө 2008-жылы 12-майда Сычуань ойдуңунун түндүк-батыш чет жакасында болуп, анда 68 миң адам өлгөн. Кытайдын аймагы түрдүү кендерге бай; таш көмүрдүн, вольфрамдын, молибден-калайдын, сурьманын, сейрек жер элементтеринин, бариттин запасы боюнча Кытай дүйнөдө 1-орунду ээлейт. ошондой эле темир, марганец, алюминий, жез, никель, цинк, коргошун, сымап, алтын, платина, фосфорит, күрөң көмүрдүн да запасы мол. Кытайдын аймагында (ошондой эле шельфтеринде да) нефтинин дүйнөлүк запасынын 2%и, табигый күйүүчү газдын 0,8%и топтолгон.
Кытайдын аймагы климаттык 3 алкакта мелүүн (Хуайхэ дарыясы, Циньлин кырка тоосу сызыгынан түндүктү карай), суптропиктик жана тропиктик (Сицзян дарыясынан түштүктү карай) алкактарда жайгашкан. Кышында Кытайдын климатына Азия антициклону да таасирин тийгизет. Мелүүн алкакта континенттик (Түндүк Кытайдын тоолору жана платолору; түндүк-Батыш Кытай) жана муссондук (Түндүк-Чыгыш тоолуу өлкө, Улуу Кытай түздүгүнүн түндүк бөлүгү) климат өзгөчөлөнүп турат; анда жылдык орточо температура —5°Сден (Үрүмчүдө) 14°Сге чейин (Шаньдун жарым аралында). Жылдык температуралык амплитуда өтө жогору (Турпан ойдуңунда 70°Сге чейин). Кышы узакка созулат, катуу суук жана шамал болуп турат, кар аз жаайт (түндүгүндө жана түндүк-батышында кар дээрлик түшпөйт); январдын орточо температурасы түндүк-чыгышында 16°Сден 25°Сге чейин, Чыгыш Кытайда 6°Сден 4°Сге чейин. Эң суук жери —40°С, өлкөнүн түндүк-чыгышында катталган. Жайы ысык, июлдун орточо температурасы 20-26°С, Турпан ойдуңунда 37°Сге чейин. Жайында циклондук аракеттер үстөмдүк кылып, түндүк-чыгышына жаан-чачынды мол алып келет, батышында жаан-чачын дээрлик жаабайт; жылдык жаан-чачындын орточо өлчөмү Тарим ойдуңунда 90 ммден аз; анын өлчөмү улам чыгышты карай акырындап көбөйүп, Ички Моңголиянын чыгышында 400—500 ммден жээк аймактарында 850 ммге чейин жетет. Субтропиктик алкакка муссондук жана бийик тоо климаты мүнөздүү. Муссондук климатта сезондуулук даана байкалат; кышы кургакчыл суук, жайы ысык, нымдуу, жаз жана күз мезгилдери узагыраак созулат. Январдын орточо температурасы нөлдөн 8°Сге чейин, июлдуку 26—31°С. Жайында жаан-чачын арбын түшөт. Жаан-чачындын жылдык орточо өлчөмү жээк аймактарында 1500 мм, Юньнан-Гуйчжоу тайпак тоосунда 850 мм. Климаттын зоналуулугун Тибет тайпак тоосу кыйла бузат. Тайпак тоонун түндүк жана борбордук бөлүктөрүндө январдын орточо температурасы —20°Сден -25°Сге чейин, июлдуку 6-7°С, чыгыш бөлүгүндө жогорку тартипте —8°С жана 12—14°С. Температуранын суткалык өзгөрүүсү өтө жогору (30°Сден ашык). Жылдык орточо жаан-чачыны чыгыш бөлүгүндө 250—750 мм, батыш бөлүгүндө 100—200 мм жана андан аз. Тропиктик климаттык алкак Сицзян дарыясынан түштүктү, түндүк Кытай деңизинин жээгин 25° түндүк кеңдикке чейин, ошондой эле Тайвань, Хайнань аралын камтыйт. Январдын орточо температурасы 2022°С, июлдуку 32°С. Жаан-чачындын жылдык орточо өлчөмү Тайвань аралында 2460 мм, Түштүк Кытайдын материктик бөлүгүндө 1680 мм. Өтмө сезондо тайфун болуп турат.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Кытай" булагынан алынды