Мамбетакунов, Эсенбек: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
24-сап:

'''Мамбетакунов Эсенбек''' (15.2.1944-ж. т., [[Ат-Башы району]], Жаңы-Күч айылы) — физик, [[педагогика]]лык илимдеринин доктору (1992), профессор (1994).

==Бала чагы==
Мамбетакунов Эсенбек 1945-жылдын 15-февралында Кыргыз Республикасы, Нарын облусу, Ат-Башы районунун Жаңы-Күч айылында туулган. Атасы Шайылда уулу Мамбетакун ушул айылдын уюштуруучусу жана колхоздун башкармасы болуп иштеп жүрүп, 1948-жылы каза болгон.

Эсенбек 1950-жылы Жаңы-Күч башталгыч мектебинин биринчи классына кирип, аны 1954-жылы бүтүргөн. Андан кийин Калинин атындагы мектептен 7-классты, Кара-Суу орто мектебинен 8-классты, Пограничник орто мектебинен 10-классты 1960-жылы жакшы баалар менен аяктаган. Ошол эле жылы ал Кыргыз мамлекеттик университетиндеги физика- математика факультетинин физика бөлүмүнө кирип, аны 1965-жылы физик, физика мугалими адистигин алуу менен бүтүргөн.

Эмгек жолун 1965-жылы Ат-Башы айылындагы №2-Ленин атындагы окуу орус тилинде жүргүзүлгөн орто мектепте физика мугалими болуу менен баштаган. 5-класста математика, 6-11-класстарда, андан сырткары ошол эле мектептин кечки жана сырттан окуу бөлүмдөрүндө да физика жана астрономия боюнча орус тилинде сабак берген. Ошол жылдары эле физиканы окутуунун методикасын жакшыртуу маселесине көңүл бөлүп, ал боюнча тажрыйба топтой баштаган. Алсак "Физикалык кээ бир тапшырмалар" деген көлөмдүү макаласы "Мугалимдер газетасынын" 1966- жылдагы эки санына (22.01, 16.08) жарыяланган.

1967-жылдын октябрынан мектептин директорунун тарбия иштери боюнча орун басары деген кызматтын жаңы киргизилгенине байланыштуу Э.Мамбетакунов ошол орунга дайындалган. Бул иште да үзүрлүү эмгектенүү менен бирге райондук жана республикалык газеталарга "Лекторская группа", "Мүнөздү талбай билёли", "Коомчулук колдоого алса", "Личность учителя", "Улуу юбилейдин урматына", "Илимдин негизинде", "Пусть учитель будет другом родителей", "Ата-энелер менен тыкыз байланыштабыз" деген макалаларды жарыялаган.

Мамбетакунов Эсенбек 1971-жылдын август айында Фрунзе политехникалык техникумунда физика мугалими болуп иштеген. Анын ой максаты, биринчиден борбордогу илим-билимге жакындоо, экинчиден физиканы окутуу боюнча тажрыйбасын бекемдөө, үчүнчүдөн келечекте физиканын методикасы боюнча аспирантурага кирүү эле. Чындыгында эле бул техникумда ал физиканы окутуу, анын ичинде демонстрациялык иштерди өткөрүү, окутуу процессии автоматташтыруу, программалап окутуу жана текшерүү боюнча жогорку кесиптик билгичтиктерге ээ болду. Ага тажрыйбалуу педагог Е.А. Евдокимов комок берген. Ушул жылдар аралыгында "Мугалимдер газетасынын" беттеринде физика мугалимдерине жардам катары "Лабораториялык жумуштар", "ФИзика жана физкультура", "Физикалык кубулуштарды демонстрациялоонун өзгөчөлүкторү" деген макалалар жарык көргөн. Окутуучулук ишти аткаруу менен бирге атайын курстарга катышып философия жана чет тили боюнча кандидаттык экзамендерди ийгиликтүү тапшырган.

1973-жылы 18-декабрда Кыргыз педагогика илим-изилдео институтунун физиканы окутуу методикасы боюнча күндүзгү бөлүмдөгү аспирантурасына конкурстук негизде кабыл алынган. Илимий жетекчи катары педагогика илимдеринин доктору, профессор, Челябинск мамлекеттик педагогикалык институтунун физиканы окутуу методикасы кафедрасынын башчысы, Россия билим берүү академиясынын академиги А.В.Усова дайындалган. Мына ушундан баштап Эсенбек Мамбетакуновичтин максаттуу багытталган илим изилдоо иши башталган десек болот. Ошентип 1976-жылы 10-ноябрда "Окуучулардын физикалык түшүнүктөрдү өздөштүрүүсүнүн сапатын жогорулатуу көнүгүүлөр системасын түзүү жана колдонуу методикасы" деген темадагы кандидаттык диссертациясы мөөнөтүнөн мурда аякталып, талкууга коюлган жана 1978- жылы 28-сентябрда Низами атындагы Ташкент мамлекеттик педагогикалык институтунда ийгиликтүү корголгон.
1976-жылдын ноябрынан Э. Мамбетакунов Кыргыз педагогика илим- изилдөө институтунда кенже илимий кызматкер, ага илимий кызматкер, сектор башчысы болуп иштеп, 1982-жылы 2-февралда СССР дин 50 жылдыгы атындагы Эмгек Кызыл Туу ордендүү Кыргыз мамлекеттик университетинин жалпы физика жана физиканы окутуу методикасы кафедрасына ага окутуучу болуп которулган. 1985-жылы 25-сентябрда СССРдин Жогорку аттестациялык комиссиясы доценттик наам ыйгарган.
1989-1990-жылдары "Окуучулардын табигый илимий түшүнүктөрүн калыптандырууда предметтерди байланыштырып окутуунун дидактикалык функциялары" деген темадагы докторлук диссертациясын бүтүрүү максатында ага илимий кызматкери болуп которулган. Аталган темадагы докторлук диссертациясын Низами атындагы Ташкент мамлекеттик педагогикалык институтунда 1992-жылдын 11-июнунда СССРдин Жогорку аттестациялык комиссиясы Э.Мамбетакуновго педагогика илимдеринин доктору деген окумуштуулук даражаны 13.00.01-жалпы педагогика адистиги боюнча ыйгарган. Ал эми 1994-жылдын 9-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы физиканы окутуу методикасы кафедрасы боюнча профессор наамын берген.

==Кыргыз улуттук илимдер академиясы==
2000-жылы Кыргыз улуттук илимдер академиясынын мүчө корреспондента болуп шайланган. Гуманитардык илимдерди өнүктүрүү жаатында сиңирген эмгеги үчүн Жусуп Баласагын атындагы сыйлык ыйгарылган. 2004-жылы Кыргыз Республикасынын илим жана техника боюнча Мамлекеттик сыйлыгы орто жана жогорку окуу жайларына арналып жазылган физика жана табият таануу боюнча окуу китептери үчүн берилген. 2008-жылы Кыргыз Республикасынын "Ардак грамотасы", андан мурда Кыргыз ССРинин жана СССРдин эл агартуусунун отличниги теш белгилери менен сыйланган.

Э.Мамбетакунов Билим берүүнү гумандаштыруунун Эл аралык академиясынын (Германия, 1995) жана Россиянын Эл аралык педагогикалык жана социалдык илимдер академиясынын (Москва, 1998) академиги болуп шайланган. Американын автобиографиялык институту Э.Мамбетакуновду "2002-жылдын Адамы" деп таанып, атайын диплом менен сыйлаган.

==Кыргыз билим берүү институту==
Э.Мамбетакунов 1992-1997-жылдары Кыргыз билим берүү институтунун директорунун илимий иштер боюнча орун басары, 1998-2010- жылдары Улуттук университеттин эл аралык билим берүү программаларын интеграциялоо институтунун "Окутуунун жаңы технологияларын изилдөө" илимий борборунун башчысы, 1994-жылдан бери университеттин физиканы окутуу технологиясы кафедрасынын башчысы кызматын аркалап келет.

Кыргыз Республикасында илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо боюнча уюштуруучулук иштерди аткарууда да өзүнүн белгилүү салымын кошуп келет. 1993-1995-жылдары Кыргыз билим берүү институтунда уюштурулган докторлук диссертациялык комиссиясынын педагогика адистиги боюнча эксперттик кеңештин торагасы, 2003, 2011-2013-жылдары И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде уюштурулган докторлук диссертациялык кеңештин мүчөсү, 1997-2010-жылдары Абай атындагы Казак улуттук педагогикалык университетиндеги диссертациялык кеңештин мүчөсү болуп үзүрлүү эмгектенип келет. Республикадагы педагогика адистиги боюнча изилдөөчү-окумуштуулардын калыптанышына үзүрлүү салым кошкондугу баарыга маалым.