Difference between revisions of "Мамбетакунов, Эсенбек"

no edit summary
|Сайты =
}}
'''Мамбетакунов Эсенбек'''
'''Мамбетакунов Эсенбек''' (15.2.1944-ж. т., [[Ат-Башы району]], Жаңы-Күч айылы) — физик, [[педагогика]]лык илимдеринин доктору (1992), профессор (1994). <br>
==Бала чагы==
Мамбетакунов Эсенбек 19451944-жылдын 15-февралында Кыргыз Республикасы, Нарын облусу, Ат-Башы районунун Жаңы-Күч айылында туулган. Атасы Шайылда уулу Мамбетакун ушул айылдын уюштуруучусу жана колхоздун башкармасы болуп иштеп жүрүп, 1948-жылы каза болгон.<br>
Эсенбек 1950-жылы Жаңы-Күч башталгыч мектебинин биринчи классына кирип, аны 1954-жылы бүтүргөн. Андан кийин Калинин атындагы мектептен 7-классты, Кара-Суу орто мектебинен 8-классты, Пограничник орто мектебинен 10-классты 1960-жылы жакшы баалар менен аяктаган. Ошол эле жылы ал Кыргыз мамлекеттик университетиндеги физика- математика факультетинин физика бөлүмүнө кирип, аны 1965-жылы физик, физика мугалими адистигин алуу менен бүтүргөн.<br>
Эмгек жолун 1965-жылы Ат-Башы айылындагы №2-Ленин атындагы окуу орус тилинде жүргүзүлгөн орто мектепте физика мугалими болуу менен баштаган. 5-класста математика, 6-11-класстарда, андан сырткары ошол эле мектептин кечки жана сырттан окуу бөлүмдөрүндө да физика жана астрономия боюнча орус тилинде сабак берген. Ошол жылдары эле физиканы окутуунун методикасын жакшыртуу маселесине көңүл бөлүп, ал боюнча тажрыйба топтой баштаган. Алсак "Физикалык кээ бир тапшырмалар" деген көлөмдүү макаласы "Мугалимдер газетасынын" 1966- жылдагы эки санына (22.01, 16.08) жарыяланган.<br>