"Мисир" түзөтүүлөрүнүн айырмасы

No edit summary
<br/>
Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Египетте улуттук-боштондук кыймыл күч алат. 1948–49-ж. Араб-Израиль согушунда Египет жеңилүүгө дуушар болгон. Армияда Гамаль Абдел Насер башында турган «Эркин офицерлер» деген жашыруун саясий уюм түзүлгөн. Ал уюм революциялык төңкөрүштү жетектеп, натыйжада 1953-ж. 18-июнда Египет республика болуп жарыяланган. Өлкөдөн англия аскерлер чыгарылып, Суэц каналы мамлекеттештирилген. 1956-ж. Англия-Франция-Израилдин биргелешкен агрессиясына египет аскерлеринин каршылык көрсөтүүсүнүн натыжайсында агрессорлор өлкөдөн чыгууга аргасыз болот. 1967-ж. «алты күндүк согуштун» жүрүшүндө Израиль Синай жарым аралын Суэц каналына чейинки Египет аймагын басып алат. 1968-ж. Насер «30-март программасын» жарыялап, агрессияга каршы күрөшкө бардык каражатты жумшоого чакырган. Президент Насердин өкмөтү бир топ социалдык-экономикалык реформаларды жүргүзгөн (к. ''Насер Гамаль Абдель''). Насер өлгөндөн кийин (1970) президенттикке Анвар Садат (1971) келген. Бул учурда менчик капитал үстөмдүк кыла баштаган. 1973-ж. Египет «октябрь согушу» деп аталган согуштук аракеттерин баштап, Синай жарым аралын Израиль аскерлеринен акырындык менен бошото баштаган. 1979-ж. Египет-Израиль тынчтык келишиминин түзүлүшү менен эки өлкөнүн ортосундагы чыр-чатак толук чечилген. 1981-ж. А. Садат мусулман фундаменталисттеринин жашырын тобунун («аль-Жихад аль-Жадид» – «Жаңы Жихад») мүчөлөрү аркылуу өлтүрүлгөн. Анын ордуна келген Х. Мубарак Ж. Чыгышты тынчтык зонасына айландыруу сунушу менен дүйнөлүк коомчулукка кайрылган. 1982-ж. Египетке Израиль тарабынан Синай жарым аралы толугу менен (Таба анклавы 1989-ж.) кайтарылган. 1984-ж. Египет Ислам конференция уюмуна кайрадан мүчө болуп калган. Иран-ирак согушунун (1980–88) жүрүшүндө Иракка колдоо көрсөтүп, Перс булуңундагы өлкөлөр менен аскердик, экономикалык, саясий байланыштарын кеңейткен. Египет тышкы саясатын көз карандысыз багытта жүргүзүүгө умтулат.
 
==Экономикасы==
Египет – агрардык-индустриялуу өлкө. 2006-ж. ИДПнин көлөмү 328,1 млрд АКШ долларын түзгөн (араб өлкөлөрүнүн ичинен Сауд Арабиясынан кийинки 2-орунда), анын ичинде өнөр жайынын үлүшү 35,5%, айыл чарбаныкы 14,7%, тейлөө чөйрөсүнүкү 49,8%. Аны киши башына бөлүштүргөндө 4200 доллардан туура келет. Валютанын кыйла бөлүгү экспорттон, анын ичинде негизинен нефть менен газдан (11,5 млрд доллар) жана эмгек мигранттары которгон акчадан түшөт.
Anonymous user