Макал лакап: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
5-сап:
Мисалы: [[“Көп жойлоп капканга түшкөн түлкүчө”]]. Кээде адамдардын жүрүм-турум мүнөздөрүндөгү, турмушта көп учураган күлкүлүү, адаттан тыш көрүнүштөр лакап болуп айтылып калат.

Мисалы: [[“Боёкчу боёкчу десе сакалын кошо боёптур”.]] [[“Устанын тогоосу жок”. “Алпагай кызга салпагай күйөө”]] ж. б. Элдик эпос, жомоктордогу, же жай турмуштагы калкка аябай алынып кеткен кызыктуу окуялар, каармандардын кулк-мүнөзү лакапка айланып кетет.

Мисалы: [[“Тейитбекче мал аяп”, “Аккан досторчо”, “Сан жылкылуу Сарыбайча”]] ж. б. Тарыхта жашап өткөн белгилүү адамдардын аттары, кылган иштери, өнөр таржымалы да уламышка өтүп, лакапталып айтылып жүргөнүн көрөбүз [[“Токтогулдай ырчы бол, Толубайдай сынчы бол”, “Шырдакбектин боз жоргосундай”, “Алп Тобокчо” ж. б.]] Демек, адамдардын жүрүм-туруму, кулк-мүнөзүндө кездешкен, же турмушта арбын учураган күлкүлүү, келекелүү, ошондой эле адаттан тыш көрүнүштөргө, болбосо учурдагы окуя, жагдайга карата айтылып калган элестүү тизмектер – лакаптар. Макал-лакаптар адамдын ой-кыялы жеткен бардык көрүнүш, мезгил, мерчемдерди тегиз камтыйт.

• Эл - эне, жер - ата.

• Элдин иши эрдин мойнунда.

• Эр эмгегин жер жебейт.

• Эл коргосоң озорсуң, коргобосоң тозорсуң.

• Элге кылган жакшылык жерде калбайт. Сый жерде калбайт.

• Элдүү түлкү ачка олбойт.

• Ата - өчпөс чырак, эне - соолбос булак.

• Атанын уулу болуш урмат, элдин уулу болуш кымбат.

• Эр жигит энеден туулат, эл үчүн өсөт.

• Эр болсоң көк бол, сөзүңө бек бол.

• Жигиттин сөзүнүн өлгөнү, өзүнүн өлгөнү.

• Ак ойлоп, адал иште.

• Калк айтса, калп айтпайт.

• Желге жел кошулса - жут, элге эл кошулса - кут.

• Бирдик болбой тирдик болбойт.

• Улук болсоң, кичик бол.

• Эр жигиттин ичине ээр токумдуу ат батат.

• Уулду төрөйт, уятын кошо төрөбөйт, Кызды төрөйт, кыялын кошо төрөбөйт.

• Уул жакшысы урмат, кыз жакшысы кымбат.

• Жакшыны жолдошунан тааны.

• Жакшы болуу аста-аста, жаман болуу бир паста.

• Жаман деген бир ат бар жууса кеткис, Жакшы деген бир ат бар кууса жеткис.

• Адеби жок жигит, жүгөнү жок атка окшойт.

• Жамандын жаны ардак.

• Ата тарбиялаган бала - эстүү, эне тарбиялаган бала - эптүү.

• Эне көргөн тон бычат, ата көргөн ок жонот.

• Энесин көрүп кызын ал, эшигин көрүп төрүнө өт.

• Аганы көрүп ини өсөт, эжени көрүп сиӊди өсөт.

• Улуу көч каякка барса, кичи көч ошол жакка барат.

• Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат.

• Жашында кылжыӊ болсо, карыганда мылжыӊ болот.

• Өз тарыхын билбеген адамдын келечеги жок.

• Сен деген сенек сөз, Сиз деген сылык сөз.

• Этек-жеӊди жыя отурсаң - абийирге аралжы, Тизгинди жыя кармасаң - жанга аралжы.

• Кең пейилдүү кемибейт, тар пейилдүү жарыбайт.

• Жакшынын шарапаты тиет, жамандын кесепети тиет.

• Жакшыга жолуксаң жетесиң муратка, Жаманга жолуксаң каласың уятка.

• Жаман менен жолдош болсоң кесири жугат, Жакшы менен жолдош болсоң насиби жугат.

• Адамды сөзүнөн тааныбайт, ишинен тааныйт.

• Иштермандын иши асыл, күжүрмөндүн күчү асыл.

• Ичи тардын итине сөөк артпайт.

• Абийириӊди жашыӊдан сакта.

• Карысы болбой эл болбойт, тулаңы болбой жер болбойт.

• Кары билет кааданы, карчыга билет сонону.

• Карысы бар үйдүн карааны чоӊ.

• Карысы бардын ырысы бар.

• Кары бар жерде - баары бар.

• Карынын сөзүн капка сал.

• Карынын сөзү, акылдын көзү.

• Карыга катуу айтпа.

• Ата сыйлаган абийир табат, эне сыйлаган элге жагат.

• Ата-энеңди сыйласаң, өз балаӊдан сый көрөсүң.

• Ынтымак бар жерде - ырыс бар.

• Ырыс алды ынтымак.

• Алтооң ала болсоң, алдыңдагыны алдырасың, Төртөөң төп болсоң, төбөдөгү жылдызды аласың.

• Кеңешип кескен бармак оорубайт.

• Ийри отуруп түз кеңеш.

• Жети өлчөп бир кес.

• Сабырдын түбү сары алтын.

• Жаман айтпай жакшы жок.

• Аш улуудан, оюн кичүүдөн.

• Баланы жакшылыкка жетелеп жанаштыр, Жамандыктан кубалап адаштыр.

• Жаманды жашыр, жакшыны чыгар.

• Жакшы сөз жан семиртет, жаман сөз жан кейитет.

• Жакшыга жуучу барат, жаманга куучу барат.

• Таш менен урганды аш менен ур.

• Аял жакшы - эр жакшы.

• Эрди эр кыла турган да аял, Кара жер кыла турган да аял.

• Жаман аял - жакшы эркекти жер кылат, Жакшы аял - жаман эркекти эр кылат.

• Баккан ээси жарашса, күйпүл күчүк сак болот, Алган эри жарашса, кара катын ак болот.

• Катын албай, кайын ал.

• Келин жаман эмес, келген жери жаман.

• Кайын эненин камырынан.

• Керегем сага айтам, келиним сен ук Уугум сага айтам, уулум сен ук.

• Керегеде кулак бар, кеп айтам десең ыраак бар.

• Жакшы атка бир камчы, жаман атка миң камчы.

• Болор бала он экисинде баш, болбос бала кыркында жаш.

• Асыл таштан, акыл жаштан.

• Билеги күчтүү бирди жыгат, билими күчтүү миӊди жыгат.

• Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат.

• Жашыңда берсин мээнетти, карыганда берсин дөөлөттү.

• Кыздын кырк чачы улуу.

• Калыңсыз кыз болсо да, каадасыз кыз болбойт.

• Эсери болбой эл болбойт, такыры болбой жер болбойт.

• Айтылган сөз атылган ок.

• Оозуңа келген сөздү айтпа, оюңда турган сөздөн кайтпа.

• Ыйлагандын көзү жаман, айткандын оозу жаман.

• Буттан мүдүрүлгөн турат, ооздон жыгылган турбайт.

• Калп адамдын сөзүн бузат, кайгы адамдын өзүн бузат.

• Эл оозунда элек барбы.

• Кеп кезеги келгенде айтпаса атасы өлөт.

• Бычакты курч кылган булоо, сөздү курч кылган жүйөө.

• Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт.

• Адашкандын айбы жок, айыбын өзү сезген соң.

• Жылкыңа карап ышкыр, мурдуңа карап бышкыр.

• Убадасыз кишиден, жүрүп кеткен жел артык.

• Жардылыктын башы - жалкоолук.

• Жалкоонун жан жолдошу уйку.

• Жарды болор жигит эринчээк болот.

• Эринчээктин эртеңи бүтпөйт.

• Эмгеги аздын, өнмөгү аз.

• Уят өлүмдөн катуу.

• Куйтунун үйү күйөт.

• Кол чайпалса көбүгү бетине чыгат, Эл чайпалса тентеги четине чыгат.

• Ачуу душман, акыл дос.

• Оң колуӊдун ачуусун сол колуӊ менен тый.

• Кекчил болбо, кечиримдүү бол.

• Жакшылыкка жакшылык ар кишинин иши, Жамандыкка жакшылык эр кишинин иши.

• Бөдөнө мышыкка сүтүн берсе, ысылыкка өзүн жептир.

• От менен ойносоң күйөсүң, суу менен ойносоң чөгөсүң.

• Бирөөгө ор казсаң акыры өзүң түшөсүң.

• Чөптү кордосоң көзгө саят.

• Чакпаса жыланды да өлтүрбө.

• Бүлүнгөндөн бүлдүргү алба.

• Оору кадырын соо билбейт.

• Сунулган башты суурулган кылыч кеспейт.

• Уруш ырыс качырат.

• Эки дөө кармашса, ортодо кара чымын кырылат.

• Эки кузгун талашса, бир каргага жем түшөт.

• Сокур тоокко баары эле буудайдай сезилет.

• Бир карын майды бир кумалак чиритет.

• Башын жуубай биттен көрөт, этин катпай иттен көрөт.

• Жаман уста «же көмурдөн, же темирден» деп актанат.

• Өлгөндүн жазасы көмгөн, өпкөндүн жазасы көнгөн.

• Ата каргышы ок болот.

• Үйүндө тынчы жоктун, талаада кош баракаты бар.

• Кардыма эмес, кадырыма ыйлайм.

• Эки тоо корушпойт, эки адам көрүшөт.

• Атадан алтоо болсо да, ар жалгыздык башта бар.

• Аталаштан айылдаш жакын.

• Алыстагы туугандан жакын дагы коңшу артык.

• Конуш тандаба, коңшу танда.

• Өтүгүң майрык болгон соң, талаанын түздүгүнөн не пайда.

• Аялы жаман ажырашып тынат, Коңшусу жаман көчүп тынат Малы жаман сатып тынат, Дарты жаман «жатып» тынат.

• Жаманыӊды билип алдым, жаткан тооңо минип алдым.

• Эшегине жараша тушоосу, үйүӊө жараша кырчоосу.

• Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат.

• Өтө кызьл тез оңот, өтө ысык тез сууйт.

• Бир күнкү конок кут, экинчи күнкүсү жут.

• Жолду баскан арбытат.

==Колдонулган адабияттар==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Макал_лакап" булагынан алынды