Сүйүнчү айтуу: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "Ата-энеңдин сен жаралдың таалайына,
Hyp болуп жанып турчу маңдайымда!
Токтогул Жумадилов
<b..."

No edit summary
1-сап:
Ата-энеңдин сен жаралдың таалайына,
Hyp болуп жанып турчу маңдайымда!

Токтогул Жумадилов

Бала төрөлгөндө, жакын адамы алыс сапардан келгенде, баласы окууга өткөндө ж.б.у.с. кандайдыр бир кубанычтуу окуя, жакшылык жөнүндөгү кабарды жакын адамдарга, жакшы санаалаштарга, туугандарга ж.б. билдирүү сүйүнчүлөө болуп эсептелет. Сүйүнчүнү керектүү адамдарга чоң кишилер өздөрү да айтат, же киши чаптырып, же жакын жерде болсо бала чуркатышат. Мурда айрыкча уул бала төрөлгөндө үймө-үй кыдырып сүйүнчүлөшкөн. (Бул эркек балдардын аздыгынан болсо керек. Анткени жоокерчилик заманда жигиттер көбүрөөк курман бо¬лушкан). Мисалы,

- Сүйүнчү, сүйүнчү! Байкем, жеңем балалуу болушту!

- Болсун, болсун! Бешик боосу бек болсун! - дешкен. Мындай жакшы кабарды биринчи айткан кишиге же балага сүйүнчү ыроолошкон. Сүйүнчү алган киши эч качан аз же көп деп айтпашы шарт. Бергенине гана ыраазы болуп кете берет. Бул ата-бабадан келаткан жөрөлгө. Бирок, кээде сараң адамдар сүйүнчү бербей сүйүнчүлөп келген адамдын демин суутуп койгон учурлар да болот. Мындай учурда сүйүнчү айткан киши жоош же бала болсо ичинен наараазы болуп кете берет. Ал эми нарк билген, сөз билген тири карак адам болсо тигини чымчып уяткарат.