Кешигин ичүү: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "Карылардын оозунда - <br>Шекер, шербет, бал болгон. <br>Эр жигиттин оозунда - <br>Намыс менен ар болгон..."
(Айырма жок)

10 октябрь 2015, саат 05:12 учурдагы нуска

Карылардын оозунда -
Шекер, шербет, бал болгон.
Эр жигиттин оозунда -
Намыс менен ар болгон.
Токтосун Самудинов

Улуулардын, айрыкча элге кадыр-баркы бар мартабалуу адамдын кешигин ичүү бата алгандай эле сыймыктуу болгон.
Узак жашаган адамдар көңүлү түшүп калган жаштарга атайылап ичкен тамагынын түбүн "менин жашыма жет, мендей дөөлөт күт!" - деп берген учурлар да болгон.
Илгери балдар андай адамдардын кешик түбүн аӊдышкан. Ал эми улуулар нарындап туурап эт жегендеги табак түптү бала-бакыра, келин-кесек талашып жешкен.

Адабият

  • Кадыров Ысмайыл. Кыргыз маданиятынан тамган тамчылар. –Б.: 2011. – 208 б.