Шапак Рысмендеев: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
1-сап:
'''Шапак Кысмендеев''' (1863-1956) - “Манас” үчилтигинин үч бөлүмүн тең айткан чоң манасчылардын бири. 1863-жылы Кочкор районуна караштуу [[Шамшы]] деген жерде колунда бар [[Үй-бүлө|үй-бүлөдө]] туулган. Атасы Рысменде бала-чакалуу адам болуп, өз чарбасын тың оокат өткөргөн. Ал дыйканчылык жана малчылык менен тиричилик кылгандыктан, балдары да ата кесибин улантып өз чарбаларында иштешкен. Шапак эч кандай мектептерде окубаган, сабатсыз адам болгондугун, анча-мынча гана арап тамгасында окуганды билгендигин изилдөөчү К. Рахматуллин маалымдайт. Шапактын ата–тегинде “Манас” үчилтигин айтууну атайын өнөр кылган адамдар болгондугу жөнүндө даректер жок. Болгон болсо ал өзүнүн вариянтын жаздырып жаткан учурда сөзсүз айтып берет болчу. Шапактын өзүнүн берген маалыматтары боюунча ал 26 жашка келген жигит курагында Манас түшүнө кирип айтып калгандыгын эскерет.<br> Бирок, ага чейин эле чоң манасчы Балыктын, анын уулу Найманбайдын, ошондой эле Акылбек менен Сагынбайдын “Манастан” айткандарын угуп-көрүп жүргөндүгүн Манас изилдөөчүлөр К.А.Рахматуллин да, Ө. Жакишев да белгилешет. ШапакyjmhШапак 20 жашынан тартып ырчы жана манасчы Найманбай менен бир нече жыл бирге жүрүп таалим алган экен. Кийинчээрек Сагынбайга да жолугуп, аны менен көп убакыт кошо жүргөндүктөн, андан дагы таасир алып үйрөнгөндүгү талашсыз нерсе. Ошондуктан, Шапак түш көргөнгө чейин эле “Манас” менен “Семетейден” айрым үзүндүлөрдү айтып жүргөн экен. Демек, Шапактын айтуучулук Өнөрүнө ээ болушуна, анын чыгармачылык чеберчилигинин өнүгүп калыптанышына арийне, рейалдуу Факторлор өбөлгө болгондугун көрөбуз.<br>
Шапактын 1935-жана 1948-жылдары трилогиянын үч бөлүмүнөн материялдар жыйналган. “Манас” бөлүмү боюнча төмөнкү традитциялык окуялар жазылган. “Манастын төрөлүшү жана балалык чагы”, “Манастын өспүрүм чагы”, “Көкөтайдын ашы” жана “Чоң казат”.<br>
“Семетей” бөлүмү боюнча традитциялык сюжеттин курамындагы баардык негизги окуялар камтылып жазылган, “Сейтек” бөлүмү да толук жыйналган.