Мейман: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей

No edit summary
1-сап:
'''Мейман''', конок – сый көрүүчү адам. Мейман үй ээсинин камылгасына карай чакырылган (атайын) мейман жана кудайы (күтүүсүз) конок болуп бөлүнөт. Чакырылган мейман алдын ала күтүлүп, конок камы көрүлүп (мал союлуп), дасторкон даярдалат. Илгери кыргыздар мейманга атайы ак өргөө көтөргөн. Мейман келе жатканда, үй ээси тосуп алып, сый көрсөтүп, узатат. Кудайы конок айттырып келбейт. Ар кандай шарт менен күтүлбөгөн жерден келген бейтааныш адамга үй ээси мүмкүнчүлүгүн аябай, аны сыйлоого аракеттенет. Айрым мезгилдерде үй ээсинин шартына жараша мал союлат. Мындай мейманды элибиз жогору баалаган. Аны кудайым өзү жибергендей, Кызыр-Алекисалам түнөп кеткендей сезишкен.

[[Категория:Терминдер жана түшүнүктөр]]
Меймандостук кыргыз элинин рухундагы көөнө салтгардын бири. Кыргыздын өзгөчө бир касиети болгон - пейилин түшүндүрүп турган белги.

Кыргыз үйүнө киши келбеген же өзү башка үйгө кирбеген адамды жаман көрөт. Кыргыз аялуу тамагын киши-кара келип калса уят болбойлу деп коногуна сактайт. Илгертеден эле үйгө салам айтып бирөө кирсе тааныса да, тааныбаса да ичип аткан ашын жерге коё коюп, тура калган. Төргө өткөрүп, дасторконун жаңылап жайган, эң бир чүйгүн тамагын коногунун алдына кой¬гон, жок эле дегенде даам ооз тийгизишкен. Ат арытып алыстан келгенге, сыйлуу конокторуна, куда-сөөктөрүнө, айрым учурда урматтоо белгиси катары кудайы конокко деле кой союшкан. Барбалаӊдап «конок келсе кут кошо кирет» дешкен. Жандык конокко арналып союлса, казан мейман үчүн асылса да, коңшу-колоңдор кошо чакырылган. Бапыраңдашып, бөлөк-бөтөн деген ажырымга барышкан эмес. Ал тугул атына жем-чөп берип, өз малындай караган. Кетеринде токуп даярдап койгон. Кокус ошол күнү үйдө бала төрөлүп калса, коноктун атын коюшкан (ал эми мейманга келген келин төрөп койгон учурда Конокбай, Мейман деген аттар же ошол элдин кадырлуу адамынын аты, уруунун аты ж.б. коюлган). Кыргыз коногун ашкере сыйлагандыктан, «сөзгө конок бер» деген сөз дагы ушуга байланыштуу чыккан. Анткени жүйөөлүү айтылган сөз келген меймандай эле ардактуу.

Элде айттырып келген конок, чакырылган конок жана ку¬дайы конок деген тушунук бар.

Конокту сыйлоо анын атын алуудан башталат. Атты жаштар алат. Утурлай басып, колтуктап түшүрөт. Эгер конок айттырбай келсе, үй ичин иретке келтиргиче ал-жай сурашып, үй ээси эшик алдында бир азга алаксытат. Боз үйдүн жабуусун бир жагына кыңкайта ачып, меймандарды киргизүү, сыртка чыкканда да эшик ачуу бала-чаканын милдети. Бала-бакыра жок болсо үй ээси улуу киши болсо да эшикти ачып, мейманды алдыга өткөзөт. Бул сый-сыпаттын белгиси.

Келген мейман үйгө киргенде салам айтып, үйдөгү аксакалдар менен кол алышып учурашат. Дасторкон үстүндө отурганда сырттан келгендердин, өзгөчө жаштардын, балдардын кол алы¬шып учурашуусу сөзсүз эмес. Ал түгүл адепсиздик.

Жолоочулап баратып барчу жерине жетпей кечинде жолундагы туш келген үйгө түнөп кетүү үчүн түшкөн адамды кыргыз¬дар «кудайы конок» деп эзели тааныбаса да ким экенин сурабастан дасторкон жайып, колдо болгон даамы менен сыйлаган. Аны кондурууга өздөрүн милдеттүү сезишкен. «Конок өз ырыскысы менен келет» дешкен. Деги эле кыргыз дасторконун кенен жаят, анткени адамдын көзү тойгондо гана топуктуу болот.

Кыргызда мейман күткөндүк - өзүнчө эле олжо, байлык катары эсептелген. Меймандын келиши үйгө ырыскы киргени катары бааланган. Ошондуктан алыска аттанган адам жолдо эмне ичем деп кабатырланбаган. Канжыгага жол азык байланбаган. «Эр азыгы элден» деген сөз ушундан калган. Кыргыз эли тамагын бекер берип, коногу жакшы жеп кетсе сүйүнгөн.

Келген меймандар төрдөн баштап улуулата отурушат. Кыргыздагы эң мыкты касиет ар ким өз ордун билет. Улуу киши кечигип келсе бардыгы дур этип тура калышып, аны төргө өткөрүшөт. Үйдөгү кичүү адам (көбүнчө бала) сол колуна дагара (чылапчын), оң колуна чөөгүн кармап, каруусуна (же ийнине) суулук (майлык) илип, колго суу куят. Колго куюлуучу суу, тамак тартыларда жылымык болуп оңдон солго, эт желгенден кийин ыкчам болуп солдон оңго карай куюлат. Сууну бөлүп-бөлүп, кичинеден куюу керек. Тамак желгенге чейинки берилген кол аарчы суулук, тамак желгенден кийинкиси майлык деп аталат.

Мейман чакырылган конок болсо да, кудайы конок болсо да алдыга тамак келгенде алардын көзүнчө үй ээси биринчи ооз тийиши шарт. Деги эле даамды алгач үй ээси ооз тийип туруп анан сунушу керек.

Конокко тамакты кайра-кайра эле сунуш кылып, күчтөп алыныз дей бериш да адепсиздик. Бирок, дайыма көңүл буруп туруу керек.

Кичүүлөрдүн улуу кишилер отурган үйгө бейжоопсуз кирип баруусу адепсиздик. Эгер киришке туура келсе салам айтып ки¬рип, ызаат кылып кайра арты менен чыгып кетиши керек. Же болбосо аяк тарапка көчүк басып, улуулардын кебине кулак төшөйт. Олтургандарга чыны сунуп, күлмайдалап эт туурап бе¬рет. Тарбиялуу адам дасторкон үстүндө катуу сүйлөбөйт, башкаларды өзүнө көңүл бурдурууга аракеттенбейт. Ошондой эле шыбырап да сүйлөбөйт, ал жанындагы кишиге башкалар жөнүндө айткандай туюлуп, оңтойсуз абалга калтырышы мүмкүн.

Колду аарчуунун да тартиби бар. Жаштардын озунганы жарабайт, адегенде аксакалдар аарчыйт. Акыркы суу куюлган ки¬ши колун майлыкка үч жолу сүртүнгөндөн кийин гана отургандар турууга камынышат. Конокту узатууда сыйлуу коноктун атын мамыдан чечип, үй ээси өзү аттандырат. Аттандырганда сол колу менен тизгинди кармап, оң колу менен колтуктан сүйөйт.

Эгер конок жатса, тамак желип бүткөндөн кийин «конок каадасы» болот. Ал жерге түшкөн тамак-ашты тазалап, мейманга төшөк салгыча, меймандын сыртка чыгып, бир аз серүүндөп турушу. Эртең менен үй ээси мейманды ойготпойт, эгер ойготсо анда аны жактырбаганы.

"Конок келсе үйгө ырыскы кирет", - деген айкөлдүктү, кенендикти билдирип турган кыргыз пейили азыркыга чейин сакталып келет. Кыргыз пейилинин кенендигин мурунку кыргыздар кулпу, илгич дегенди билбей, бир жакка кетсе эшигин кулпулап бекитпей эле кеткенинен, түнкүсүн эшигин ичтен илбей эле жатканынан, үйүнүн тегерегин кашаалап тоспогонунан эле байкоого болот. Айтпай-дебей эле туугандарына, кошуналарына, дос-тамырына айылчылап барып, бейтааныш эле үйгө кудайы конок болуп түшүп сыйлуу конок болуп кеткени эмне деген керемет.
==Адабият==
* Кадыров Ысмайыл. Кыргыз маданиятынан тамган тамчылар. –Б.: 2011. – 208 б.

==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7
{{no iwiki}}
[[Category: Кыргыз Адабияты]]
[[Category: Маданият]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Мейман" булагынан алынды