Difference between revisions of "Карлук"

no edit summary
 
Жети-Сууда эки муунга— тохсийлер жана азийлерге (бул аталыштын окулушу ынанымсыз; орхон жазууларында эскерилген аз элдери менен азийлер окшош болушу мүмкүн) бөлүнүшкөн түргөштөр гана калган; VIII кылымдын экинчи жарымында Жети-Суудагы үстөмдүк карлук элине өткөн, бул учурда алардын негизги массасы Алтайдан кетишкен (карлуктардын алдыңкы бутагы жүз жылдыктын башында эле Аму-Дарыянын жээктерине жеткен). 766-ж. карлуктар Суябды ээлешкен жана борборун ушул жерге көчүрүшкөн; алардын падышасы джабгу титулун алып жүргөн, ал орхон жазууларында көп кездешкен ябгу титулу менен бир экендиги талашсыз. Ошентип, түрк империясы кулагандан кийин да Жети-Суу түрк элдеринин колунда калган жана арабдар да, кытайлар да басып алышкан эмес. Кытайлардын Батыш Түркстандын иштерине кийлигишүүсү 751-ж. араб кол башчысы Зияд б. Салихтен жеңилгенден кийин токтогон. Арабдар VIII кылымдын аягында карлуктарды Ферганадан сүрүп чыгуу менен чектелген; түндүк-чыгышта мусулман баскынчылары, биздин билишибизче, эч качан Таластан ары барышкан эмес.
 
Мусулмандардын куралдуу күчтөрүнүн ийгиликтерине караганда, соода жүргүзүүлөрдүн натыйжасында мусулман маданиятынын тынчтык жолу менен таралышы түрктөрдүн тагдырына алда канча зор таасир тийгизген. Мавераннахрдын калкы ар дайым соодага шыктуулугу менен айырмаланышкан жана исламИслам пайда болгонго чейин эле Орто Азиянын ар кайсы жерлеринде соода колонияларын негиздешкен; согдулардын колониялары ал гана эмес Чыгыш Түркстандын эң алыс жактарында, токуз-огуздардын аймагында болгон. Жети-Сууда согдулар белгилүү роль ойногондугу X кылымдагы персиялык географтын сөзү боюнча Кастек ашуусунун түндүгүндө жайгашкан Беклиг, же (башкача окулушу) Беклилигкыштагы согд тилинде Семекнааталышын алып жүргөндүгүнөн көрүнүп турат. Көпөстөрдүн артынан адатта Мавераннахрда таралган ар түрдүү диндердин жайылтуучулары жөнөшкөн, алардын арасында несториан багытындагы христиандар да болгон. Мусулман жазмакерлеринин далилдерине караганда Түркстандын көпчүлүк шаарларында христиан чиркөөлөрү болгон; Жети-Суудагы көчмөн элдердин бири, атап айтканда Ысык-Көлдүн жанында жашашкан жикилдер жөнүндө алардын арасында христиандар да болгондугу айтышат.
 
Мусулман авторлору Батыш Азиядан Кытайга Жети-Суу аркылуу өткөн соода жолдорун кеңири сүрөттөшөт жана бул жолдогу бир нече шаарды эскеришет, бирок аталыштардын көпчүлүк бөлүгүнүн окулушу ынанымсыз. Пишпектин жанында, болжолу Аламүдүн кыштагынын ордунда, Жуль шаары (балким түрк сөзү чуль —'талаа') болгон; мында Тараздан (Галас, Олуя-Ата) чыккан жол Ахсикеттен чыккан жол (б.а. Наманган уездинен чыгып, Каракол ашуусу аркылуу) менен кошулат. Чүй өрөөнүндөгү ири соода шаары Невакет же Невикет болгон, андагы жол эки бутакка алсыраган; бири Жел-Арык капчыгайы аркылуу Ысык-Көлдүн жээктерине, экинчиси түндүккө—Суябга кеткен. Жуль менен Невакеттин ортосундагы аралык 15 фарсах, б. а. 90 верстага жакын болгон; андыктан Невакетти Чүйдүн сол жээги менен өткөн жолдон Кара-Булакка жол ажыраган жерге жайгаштырууга болот. Бул жердин бардыгы карлуктарга таандык болгон; Ысык-Көлдүн жээктеринин көп бөлүгү карлуктардан бөлүнүп кеткен жикил элинин ээлигин түзгөн. Невакет менен капчыгайдын аралыгында карлуктардын лабан муунуна таандык дагы чоңураак соода кыштагы Керминкет (башкача окулушунда—Кумберкет) болгон; башкаруучусу кутегин-лабан титулун алып жүргөн. Капчыгай бул мезгилде эле Жуль аталган; тарыхчы Гардизи бул сөздүн мааниси 'тар' дегенди билдирет деп эскерет. Капчыгайдан 12 фарсах түштүк тарапта Яр шаары жайгашкан, ал 3000 аскер чыгарууга жөндөмдүү болгон; мында тексин титулун алып жүргөн жикил башкаруучусунун борбору болгон; көрсөтүлгөн аралык боюнча шаар Ысык-Көлдүн жээгинде, атап айтканда түштүк жээгинде болушу керек, анткени көл жолдун сол тарабында калган. Ярдан 5 фарсах жерде Тоң шаары, кейпи ушул аталыштагы суунун өрөөнүндө бөлгөн, азыр да көптөгөн урандылар көрүнүп турат. Тоңдон үч күндүк жолдо Барскан турган; бул эки шаардын аралыгында жикилдердин гана чатырлары кездешет. Шаардын аталышы, кьизы, Барскоон суусунун аталышында сакталып калган. Географ Кудаманын сөздөрү боюнча шаар бир топ—төрт чоң жана беш кичине кыштактан турган. Башкаруучу танак титулун, башка маалымат боюнча тебин-барсхан титулун алып жүргөн; шаар 6000 аскер чыгара алган. X кылымдагы персиялык географтын сөздөрү боюнча барскандык манак карлуктардан чыккан, бирок жашоочулар кийин токуз-огуздарга өтүп кеткен. Шаар Чыгыш жана БатышТүркстандын аралыгындагы соода жүргүзүү борбору катары олуттуу мааниге ээ болгон; түрктөрдүн санжыра, уламыштарында Түрктүн балдарынын бири Барскан деген атты алып жүрөт.
Акырында, карлуктардын ээликтеринин борбору Чүй өрөөнү да алардын душмандарынын колуна өткөн. 940-ж. айланасында кандайдыр бир «динсиз түрктөр» XI жана XII кылымдарда чоң роль ойногон Баласагун шаарын ээлешкен; X кылымдагы географтардан ал жөнүндө Макдиси гана жазып, аны «чоң, эли көп жана бай шаар» деп атаган. Башка жерде мен Баласагун Чүй өрөөнүндө тургандыгын далилдөөгө аракеттенгем; бизде анын жайгашкан жери тууралуу так маалыматтар жок. Бул мезгилде Чүй өрөөнүн ээлеген эл болжолдуу түрдө, ошол X кылымда эле Орто Азиянын батыш бөлүгүн бүт өз бийлигинин астына баш коштурган Караханилер сулалесинен чыккандарга окшошуп кетет. Биз эми ошол сулаленин тарыхына өтөбүз.
 
Карим Шониёзов тарихчи. Имомали Рахмон эльбашы.
Karim Shoniyozov - mashhur oʻzbek tarixchisi va turkshunosi, oʻzbek xalqining tarixi va kelib chiqishi tadqiqotchisi. Emomali Rahmon - Tojikiston Respublikasining birinchi Prezidenti.
 
== Булактар: ==
Anonymous user