Кырым Муктар Республикасы: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей |
No edit summary |
||
1-сап:
'''Крым Республикасы''' –
==Мамлекеттик түзүлүшү==
Крым Чыгыш Европадагы калк байыртадан эле отурукташкан аймак. Б. з. ч. 2-миң жылдыктын аягында киммерийликтер, б. з. ч. 1миң жылдыкта таврлар, 8–9-кылымдарда скифтер отурукташкан. Б. з. ч. 480-жыл ченде республиканын бир бөлүгү Боспор мамлекетине караган. 13-кылымда моңголдор тарабынан басып алынып, Алтын Ордого кирген. 1443-ж. Крым хандыгы түзүлүп, ал Осмон империясынын вассалы болгон. 1783-ж. Россия империясына кошулган. Крым Республикасы 1918–54-жылдары РСФСРдин 1954-жылдан Украинанын курамына кирген. курамында. 1944-ж. Крым татарлары күч менен Орто Азияга көчүрүлгөн. 1967-ж. татарлар реабилитацияланып, кайрадан келүүгө мүмкүнчүлүк алышканы менен 1979-ж. күч менен Крым Республикасынан чыгарылган. 1987-жылдан Крым татарлары мекенине кайта башташкан. 1988-ж. федерация мыйзамы татарлардын Крымда жашоо укугун тастыктаган. Крым Республикасы 1992-ж. көз каранды эместикке ээ болуп, республика статусун алган. Жаңы Конституциясы 1998-ж. 23-декабрда ишке кирип, Крым Автономдук Республикасы болуп, 18-март, 2014-жылдагы келишимдин негизинде Россия Федерациясынын (Крым Федералдык округу) курамына кирген.
|